Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:19

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (6-12-февраль)

АКШдагы активисттер өлкөдө өспүрүм кыздар турмушка чыккан учурларга коомчулуктун көңүлүн бурушту.

Маселен, Washington Post гезитине аялдардын укугун коргоочу бейөкмөт уюмдун жетекчиси, активист Фрейди Рейсстин Кошмо Штаттарындагы эрте никеге туруу проблемаларын талдаган баяндамасын жарыяланды.

10-февралда чыккан бул макала гезиттеги эң көп окулган тизмеден орун алып, окурмандар арасында кызуу талкууланууда. Колорадо штатында 16 жашында кош бойлуу болуп калган Мишел Демеллонун аргасыз турмушка чыкканын мисал келтирүү менен автор АКШнын бир топ аймактарында никеге туруунун минималдуу жашы 18 болгону менен, 27 штатта али да болсо турмуш курууга уруксат берген минималдуу курак мыйзамда аныкталбаганына нааразы. Рейсс түзгөн “Unchained at last” (Акыры бошотулган) аттуу бейөкмөт уюм 2000-жылдан 2010-жылга чейин 38 штатта никеге турган жарандардын курагын иликтеп, 167 миң өспүрүм, анын ичинде 12 жаштагы кыздар 18 жаштан улуу эркектер менен турмуш курганын аныктаган. Вашингтон шаары баш болгон 12 штат расмий маалыматты берген эмес. Ушундан улам макаланын автору 10 жылдын ичинде Америкада эрте турмуш кургандардын саны 248 миң болушу мүмкүн деп божомолдогон. “Эмнеге чет жакта эрте никеге турууга каршы күрөшүп, бирок өлкө ичинде бул көйгөйгө көз жумуп келебиз? Мындай жагдай атуулдардын саламаттыгына, билим алуусуна тескери таасир этип, зомбулукту күчөтөт жана эркиндикти чектейт”, - деген пикирде Фрейди Рейсс.

“Unchained at last” уюму Аляска, Луизиана, Түштүк Каролина штаттарында 12 жаштан эле турмушка чыккан кыздар катталганын аныктаган. “Жарандык актыларды каттоодогу расмий гана маалымат алынды. Өлкөдөгү христиан, жөөт, мусулман коомчулугунда никеге диний жөрөлгө аркылуу тургандарды эсептей албадык. Иммигрант болуп келген этникалык азчылыктар арасында баланын каалоосу менен эсептешпей эле өспүрүм кезинде турмушка башын байлаган көрүнүштөр да кездешет”, - деген Рейсс айрыкча, кош бойлуу болуп калган өспүрүм кыздарды эркине каршы эрте никеге туруудан коргой турган мыйзамдар болушу керектигин жазат.

Күйөөлөр согушкерден да коркунучтуу

New York Times гезитине аналитик Николас Кристофф АКШдагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири болгон курал-жарак көзөмөлү тууралуу талдоосун жарыялады. “Ак үйдөгү Трамптын реалити-шоусун эмес, чыныгы көйгөйгө айланган жашоо менен өлүмдү ойлонолу. 1975-жылдан 2015-жылга чейин Трамп азыр кирүүсүн чектеп жаткан жети мусулман өлкөсүнүн атуулдары АКШда бир да кишини өлтүргөн эмес. Ошол эле мезгилде өлкөдө 1,34 миллион атуул курал-жарактын айынан киши колдуу болуп, же өзүн атып алып каза тапкан. Бул Америка революциясы менен атуулдук согушта өлгөн адамдардын санына барабар көрсөткүч. Бирок жалпы мусулман өлкөлөрүнөн АКШга келгендер жана Америкада туулган мусулмандар 2001-жылдын 9-сентябрынан бери 123 адамдын өмүрүн алган чагымчыл кол салууларды уюштурган”, - деген журналист Кристофф президент Трамп катуу чектегиси келген мусулман мигранттарга караганда АКШ жарандарын куралчан өз атуулдары алда канча көбүрөөк өлтүрүп жатканына басым жасайт.

Талдоочу жалпак тил менен азыр өлкөдө террорчуларга караганда күйөөлөр дагы кооптуурак экенин, анткени үй бүлөлүк зомбулуктун көбү азыр эркектин аялды атып өлтүрүүсү менен аяктап жатканын баяндайт. Трамп шайлоо алдында: “Мектептерде курал-жарак алып жүрүүгө тыюу салынган аймактарды президент болгон күнү жокко чыгарам”, - деп убада кылган. Бирок азырынча ал иммиграциялык чектөө мыйзамы менен гана алек дейт New York Times.

Азиядагы тең салмаксыз миграция

Британиянын The Economist басылмасы Азиядагы миграциялык саясаттын телегейи тегиз эмес экенин, мамлекеттер көбүнчө мигранттар агымын көзөмөлгө албай эле алардын сыртка чыгышын шарттап жатканын жазат. Азияда дүйнө калкынын жарымы жашап, мигранттардын 34 пайызы так ушул кеңири аймактан болгону менен, чет жактан барган көчмөндөрдү кабыл алуусу 17 пайызга араң жетет. Чет өлкөгө көчүп кеткен азиялыктардын үчтөн бир бөлүгү гана кайра кайтып барбаса, көбү отурукташкан жагын байырлап калат. Ушундай кырдаал аймакта жумушчу күчүнүн аздыгын шарттап жатат. Азыркы тапта Кытай сыртка жумушчуларын чыгарууда. Бирок келерки 30 жылдын ичинде Кытайдын калкы картайып, 180 миллионго азаят жана 20 миллион жумушчу күчү талап кылынат. Жалпысынан Чыгыш Азиядан дүйнөгө 2030-жылга чейин 15 жаштан 64 жашка чейинки курактагы 275 миллион көчмөн агылат. Сингапур, Малайзия, Въетнам жана Тайландда ишке жарамдуулар жетишсиз, бирок Мьянма, Индонезия жана Филиппинде болсо иш издегендер көп болууда. Мындай шартта Азиянын айрым картайган коомдору үчүн иммиграция чоң пайда болуп бере алат. АКШда жүргүзүлгөн изилдөөдө арзан жумушчу күчүнүн четтен келүүсү өлкөдө төрөлүү санын көбөйтүп, бала багууну арзандатып, аялдардын билим алуусун шарттаганы аныкталган деп жазат Economist басылмасы.

Кытай балдарын интернеттен чектөө

China Daily басылмасында Кытайда түн ортосунан таңкы сегизге чейин балдар менен өспүрүмдөрдүн интернет оюндарын ойноосуна тыюу салуу күтүлүп жатканын кабарлады. Эгерде муну мамлекет ишке ашырса жаш муундун оюнга берилүүсү азайабы деген суроону гезит окурмандарына жолдогон. Айрымдар ошол компьютерлерди сатып берип, балдарына жетиштүү көңүл бурбаган ата-энелерди айыпташса, кээ бири онлайн дүйнөгө болгон көз карандылыкты психикалык оору катары дарылоо керек дешип, аны таптакыр тыйып салуу да баланын акыбалын жеңилдетперин эскертишет. Негизи окурмандардын көбү балдарга жетиштүү көңүл бурбаган ата-энелердин күнөөсүн проблеманын өзөгү деп көртөтүшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG