Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:46

Өзбекстан мигрант доктурларды күтөт


Иллюстрация
Иллюстрация

Апта ичинде орусиялык басылмаларда жарык көргөн Борбор Азия өлкөлөрүнө байланышкан макалаларга сереп.

"Независимая газета" Кытай менен Орусия Казакстандын талаасы үчүн талашты азыртадан эле башташканын баяндайт.

Макалада Кытайдын Борбор Азияда жылына 160 миллион тонна дан экспорттоочу борбор куруу пландары жөнүндө айтылат. Жалпысынан Борбор Азияда иштетүүгө жарактуу 38 миллион гектар жер болсо, анын 74 пайызы Казакстанда экени белгиленет. Эгерде Кытай Казакстандын жерлерин иштетүүгө мүмкүнчүлүк алып, дан экспорттоочу коридорду түзсө, дүйнөлүк рынокто данга баа төмөндөп, жылына 37,5 миллион тонна дан экспорттогон Орусияга түз залакасы тиери макалада баяндалат.

Былтыр Казакстанда Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, жерди чет элдик жарандарга узак мөөнөткө ижарага берүү сунушталган. Бирок калктын катуу нааразылыгынан улам президент Нурсултан Назарбаев бул мыйзамга вето койгон.

Ошол эле маалда Назарбаев сунуштап жаткан Конституциянын жаңы долбоорунда жеке менчик мүлк боюнча беренеде “мыйзамдуу жол менен мүлк сатып алууга ар ким укуктуу” деп айтылып, мурун “жалгыз гана Казакстандын жарандары” деген түшүнүк алып салынганы белгиленет.

Айрым адистер Конституциядагы мындай өзгөртүү бардык чет элдик жарандарга Казакстанда жер сатып алууга укук берет деген ойлорун айтып чыгышкан. Былтыр Казакстанда чет элдик жарандарга иштетүүгө 59 миң гектар жер берилсе, анын 10 миң гектардан ашуунун орусиялык ишкерлер колдонгону макалада белгиленет.

"Регнум" Өзбекстан мигрант доктурларды өлкөгө кайтып келүүгө чакырып жатканын кабарлайт. Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Норвегия, Дания, Кувейт жана Орусияга ишке кеткен кардиохирург, нейрохирург, ортопед, травматолог жана башка адистерди Өзбекстанга кайтаруунун жолдорун издей баштады.

Министр Адахам Икрамов мекенге кайткан доктурларга батир жана татыктуу маяна төлөнөрүн убада кылып жатат. Ошондой эле макалада жогорку квалификациялуу чет элдик адистердин да Өзбекстанда иштөөсүнө жагымдуу шарттарды түзүү пландары даярдалып жатканы баяндалат. Жакында эле өлкө президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагынын абалын катуу сынга алып, тез арада абалды жакшыртуу боюнча министрликке тапшырма берген.

EurAsia Daily Өзбекстандын өкмөтү коммуналдык кызматтар үчүн өз маалында акы төлөбөгөн жарандардын мүлктөрүн конфискациялай баштаганын жазат.

Жизак облусунда 300 адам газ үчүн ири көлөмдө карызы бар болгондуктан жоопко тартылган. Министрлер кабинети кабыл алган токтом боюнча сот аткаруучуларына коммуналдык карыздары бар жарандардын мүлкүн өкмөткө тартып алуу укугу берилген.

Сот, прокуратура жана милиция кызматкерлеринен түзүлгөн топ адамдардын үйлөрүн кыдырып, газ жана жарык үчүн төлөнбөгөн ири өлчөмдөгү карыз боюнча прокурор дароо кылмыш ишин козгоп, сот ошол эле маалда өкүм чыгарып, милиция кызматкери жарандардын телевизорунан баштап, короодогу малына чейин конфискациялап жатканын Жизак облусунун тургундары айтып чыгышкан. Мындай көрүнүш Өзбекстандын бир нече облусунда болуп жатканын басылма белгилейт.

"Лента.ру" Орусиянын президенти Владимир Путиндин Борбор Азия өлкөлөрүнө февралда пландалып жаткан саякаты жөнүндө жазды. "Путин Тажикстанда Эмомали Рахмон менен терроризмге каршы күрөшүү тууралуу сүйлөшөт. Кыргызстанда Алмазбек Атамбаев менен президент катары коштошот. Ал эми Өзбекстанга жаңы өлкө башчы Шавкат Мирзиёев менен учурашуу үчүн барат. Ошондой эле Казакстанга эски досу Нурсултан Назарбаевге ыраазылык билдирүү үчүн барат" деп айтылат макалада.

"Путин Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстанга гана барбайт. Буга орус-түркмөн алакасы себеп. Түркмөнстан КМШга да, ЖККУга да мүчө эмес жана Москванын ар бир сунушуна ишенбестик менен карайт" деп жазат автор.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG