Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Чымбулактын жабылышын Путинден көрүштү


Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен орус президенти Владимир Путин Чымбулакта. 2002-жыл
Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен орус президенти Владимир Путин Чымбулакта. 2002-жыл

Казакстанда Чымбулак лыжа курорту, ага кетчү жолдор жана Алматы көлүнө барчу трасса жума күнү убактылуу жабылды. Расмий маалымат боюнча кар көчкү коркунучунан улам ушундай чара көрүлгөн. Бирок социалдык тармактардын колдонуучулары популярдуу курорттун жабылышын орус президенти Путиндин Казакстанга визити менен байланыштырууда.

Кайчы кабарлар

“Азаттык” радиосунун казак кызматынын кабарчылары курорттун сайтындагы телефондорго чалганда, "Чукул кырдаалдар департаменти менен бирге кар көчкү коопсуздугу боюнча машыгууларга байланыштуу Чымбулак убактылуу жабык" деп жооп беришти.

Курорттогу мейманкананын атын атабаган өкүлү карды атып түшүрүү боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлөрүн айтты. Бирок дагы кандай себептер бар деген суроого “бизге бул тууралуу сүйлөөгө болбойт” деген жообун узатты.

Алматы шаарынын Чукул кырдаалдар департаментинин маалымат катчысы Сандугаш Баймухамбетова Чымбулакка жана Алматы чоң көлүнө барчу жолдор 23-27-февраль күндөрү жабык болорун бышыктады. Буга “Казгидромет” жана Селден коргонуу мекемесинин чукул эскертүүлөрү себеп болгонун айткан Баймухамбетова "ал күндөрү тоодо машыгуу өтөт" деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

Чымбулак
Чымбулак

- Машыгуу болбойт... Карды атып түшүрүү иштери жүрсө, адатта алдын ала кабардар кылышат. Андай кат азырынча түшө элек.

Ал арада Селдин алдын алуу мекемесинен акыркы жолу карды курортто бир нече күн мурун эле атып түшүрүшкөнүн айтышты. Бул үчүн адатта беш саат керек болот. “Казгидрометтин” сайтында көчкү коркунучу Түштүк-Казакстан облусунун тоолуу аймактарында сакталганы, башка жерлерде күтүлбөгөнү жазылган.

Алматы облусунда 23-февралдан 27-февралга чейин кар көчкү жүрүшү мүмкүн деген чукул эскертүү жасаган эмеспиз, - деп жооп беришти мекемеден кабарчыбызга.

Ал тапта Казакстандагы социалдык тармак колдонуучуларынын айрымдары популярдуу лыжа курортунун кышкы сезондо жабылышын Орусия президенти Владимир Путиндин сапары менен байланыштырган божомолдорун жазышты.

Финансист Айдан Карибжанов Фейсбуктагы баракчасында “...чыныгы себеп – Путинди күтүү” деп жазса, Sergey Carter деген колдонуучу анын астына Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдонун тоодогу сүрөтүн коюп, жогорку коноктун келишине байланыштуу лыжа трассасын эч ким жаппаганын белгилеген.

Твиттерде да эки лидердин Алматыга келиши курорттун жабылышына “туш болгонун” жазгандар бар.

Орусия президентинин сайтындагы маалыматка ылайык, Путин казак президенти Нурсултан Назарбаев менен 27-февралда Алматы шаарында жолукмакчы. Ал эми Путиндин Казакстанга качан келери так жазылган эмес. Казак президентинин кеңсесинен “Азаттыктын” кабарчысына айтышкандай, алар Назарбаевдин дем алыш күндөргө пландарын билишпейт.

"Коопсуздук укукту тебелебеши керек"

Саясат таануучу Талгат Мамырайымов бюрократиялык салттар өлкөдө акыркы убакытта күчөп баратканын белгилейт.

- Жогорку жетекчилердин машина кортеждерин жөнөкөй элден аябай коргошот. Муну коопсуздук маселеси менен гана эмес чоңдордун ашыкча шектенүү-чочулоосу менен түшүндүрсө болот. Ар кандай геополитикалык проблемалар, коркунучтар жөнүндө социалдык тармактарда байма-бай сөз кылып, атайын кызматтардын кишилери аларды активдүү таратышат. Менимче, ашыкча коопсуздук чараларды Орусиянын да, Казакстандын да саясий режимдеринин авторитаризмге карай өнүгүүсү шартайт.

Чоң Алматы көлү
Чоң Алматы көлү

Ал эми Улуттук Коопсуздук комитетинин отставкадагы полковниги Арат Нарманбетов жогорку даражалуу расмий адамдардын коопсуздугун камсыздоодо тең салмактуулук керек деген ойдо:

- Коопсуздук чаралары албетте керек. Бирок жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын чектебөө зарыл. Башкача айтканда, баланс табуу керек. Бул жагынан Европа жана АКШ жакшы үлгү болуп бере алат. Ал жакта биздикиндей кылып бүт жерлерди тосуп-тороп салуу адаты жок. Элге тоскоол кылбай, башка бир жолду таап, Чымбулакты жаппай эле коюшса болмок. Анын үстүнө кыш аяктап баратпайбы.

Алматыдан 25 километрдей алыс орун алган курорттогу лыжа тебүү сезону ноябрдын экинчи жарымында ачылып, апрелдин башына чейин уланат. Быйыл болсо Универсиадага байланыштуу трассалар калың эл үчүн 29-январдан 8-февралга чейин жабык болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG