Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Медиа Борбор Азиянын беделин түшүрүүдөбү?


Азирети Султан мечитинин жанына тигилген боз үйлөр. Казакстан
Азирети Султан мечитинин жанына тигилген боз үйлөр. Казакстан

Акыркы айларда дүйнөдөгү айрым медиа каражаттары Борбор Азияны башаламандык очогу, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдар үчүн экстремисттерди тарбиялаган чөлкөм катары жазууда. Калкы дээрлик мусулмандардан турган чөлкөм чынында коркунучтуубу же көбүртүлгөн маалыматтын курмандыгы болуудабы?

Акыркы бир жылды эле эстесек, дүйнөлүк маалымат каражаттарындагы Борбор Азия тууралуу маалыматтардын басымдуусу терроризмге байланыштуу. Стамбул аэропортуна, кийин түнкү клубга чабуул койгондордун теги баса белгиленип жатты. Ал арада түрк медиасына чыккан, так эместиги кийин билинген кабарларды башкалары көчүрүп басышты.

Маселен, күндүк нускасы 500 миңден ашкан The Washington Post гезити январдагы макаласында "динге тыюу салган Совет доору ураган соң чөлкөмдө исламдашуу катуу жайылганын мисал келтирип, ушу тапта борборазиялык мусулмандардын радикалдашуусу коркунучтуу ылдамдык менен өсүүдө" дейт.

Андан кем эмес нускадагы Chicago Tribune гезити февралдын башындагы макаласында Борбор Азиядагы радикалдашуу динамикасы Араб өлкөлөрүнөн айырмаланарын жазат. “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулган чет өлкөлүк жоокерлердин саны боюнча борборазиялыктар үчүнчү орунда, саны 2000ге чамалуу экенин белгилейт.

Мындай көрүнүш батыш эле эмес, ошол эле Түркия, Пакистан сыяктуу азиялык медиада да байкалган.

Булардын терроризм темасындагы баяндарга камтылып, күчөтмө сөздөр, анализдер менен бекемделиши чөлкөмдөгү Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын беделине шек келтирүүдө.

“Азаттыктын” Борбор Азия боюнча талдоочусу Брюс Панниер көбүртүлгөн макалалардын күчүнө токтолду:

Брюс Панниер
Брюс Панниер

- Мына, азыр дүйнөгө анча белгилүү эмес бир региондон жихадисттер Жакынкы Чыгышка, Ооганстанга, Пакистанга келип атышат деп жазышууда. Алардын сүрөттөп жазгандарын окуп, менде “бүтүндөй борборазиялыктар жихад кылганы жатабы, ал жакта экстремисттердин уюгу барбы” дегендей туюм пайда болду. Албетте, гезитти сатуу аргасында күчтүү, маселен, “террористтердин жери” деген сыяктуу сөздөрдү колдонушкандар да бар. Бирок, алар ушунчалык апыртып, реалдуулуктан чыгып кетип жатышат. Көптөгөн борборазиялыктар Жакынкы Чыгышка келип атат деп жазышууда. Андай эмес да. Балким бир нече миңдир. Бул жетимиш миллиондук Борбор Азия калкынын өтө аз проценти.

АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Ноа Такер бияктагы радикализм боюнча батыш академиялык чөйрөсүндө өткөн кылымдын 80-жылдары эле сөздөр жүргөнүн эскерет. Такердин айтуусунда, агезде моджахеддердин ооган бийлигине каршылыгы сыяктуу эле борборазиялык мусулмандар Совет бийлигине каршы чыгары күтүлгөн:

- Анан Советтер союзу урап калды. Андан кийин Борбор Азияны жакшы биле бербеген журналисттер же башка байкоочулар ушул маалыматты алып, тууралыгын текшербей туруп эле колдоно баштаган. Кийин Борбор Азияда кандай гана чатактар болбосун, алар муну моджахеддер кылса керек деп ойлой беришет. Мисалы, Тажикстандагы жарандык согуш башталганда дароо Ооганстан-2 деп ойлошкон.

Борбор Азия АКШ тургай Европанын өзүнө да кыйла ыраак. Алыскы чет өлкөлүк медианын аймакка келип, кенен чагылдырышына эң жөнөкөй эле каржы маселеси тоскоол болушу мүмкүн. Анын үстүнө дүйнөлүк пресса үчүн ушу тапта Жакынкы Чыгыш, Ооганстан, Украина башкы тема.

- Дүйнө эли биякта чынында эмне болуп атканын билүү үчүн сөзсүз түрдө чөлкөмдүн ичиндеги журналистиканы колдошу керек. Биз "Вашингтон пост", "Нью-Йорк Таймс" же "Чикаго Трибьюн" ошол жакта отуруп алып бир күнү Борбор Азияны мыкты чагылдырат деп күтүп отура бербешибиз керек, - дейт Такер.

Деген менен бардык эле эл аралык маалымат каражаттарын бир жактуулукка айыптоого болбойт. Ошондой эле жогоруда айтылгандар Борбор Азияда экстремисттер жок же мындан ары болбойт дегенди да билдирбейт.

Аймак ичинде Кыргызстандагы экстремизм деңгээли боюнча пикирлер ар түрдүү. УКМК “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарына кошулган кыргызстандыктар 500дөн ашканын билдирип келет. Орусиядагы мигранттар арасында да ал топко кошулгандар бар экенин эске салгандар бул көрсөткүч мындан бир топ жогору деп болжошот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG