Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Ооган элин эзген табият жана жоочулар


Ооганстанда акыркы күндөрү бир жагынан темир аяз элди жүдөтсө, экинчи жагынан жанкечтилердин жардыруулары күчөдү. Өткөн дем алыш күндөрү кар калың жаап, көчкү жүрүп, калың кар тамдарды басып калды. Табият кырсыгы жүздөн ашуун кишинин өмүрүн алса, бул жумада бир катар үрөй учурган жардыруулар, кол салуулар болду.

Дем алыш күндөрү Ооганстанда табият кырсыгы жүздөн көп кишинин өмүрүн алды. Кардын калың жаашы көчкүлөрдү көбөйттү.

​Табият кырсыгына кошул-ташыл адамдардын колунан жасалган кандуу кырсыктар да арбыды. 7-февралда Кабулдагы Жогорку Сот имаратынын алдында чон жардыруу болду.

Жогорку Соттун кызматкерлерине каршы багытталган теракт 20 адамдын өмүрүн алып, элүүгө чукулу жарадар болду. Ошол эле күнү Фарах провинциясына караштуу район акими жолго коюлган бомбанын жарылуусунан жан таслим болду.

8-февралда Ооганстанда дагы бир кандуу окуя болду. Бул күнү Эл аралык Кызыл чырым коомунун кызматкерлерине кол салуу болуп, алардын алтоо жанкечтинин огунан курман болушту. Кызыл чырымдын кызматкерлери калың жааган кардан жабыркаган Ооганстандын түндүк регионуна гуманитардык жардам таратып жүргөн учурда кол салууга туш болушкан.

Кол салуу болгон Жаузжан провинциясынын губернатору Мавлави Лутфилла Азизи гуманитардык уюмдун кызматкерлерине “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун жоочулары кол салганын маалымдады:

- Алар аймактагы фермерлерге чөп таратуу үчүн келишкен. Тилекке каршы, алар келгенде Жаузжан провинциясынын Куш Тепа районундагы Кари Хикмат башында турган согушкерлер алтоосун атып салышты жана экөөн кармап кетишти.

Кызыл чырымдын жетекчиси Доминик Стилхерт бул окуяны акыркы жыйырма жылдагы “эң жаман” кол салуу деп атап, Ооганстанда операция жүргүзүү убактылуу токтотулганын айтты:

- Азыркы убакта өлкө боюнча бардык операцияларыбызды токтоттук. Анткени биз ал үштү алган окуянын кандай, кантип болгонун аныктап билип алгыбыз келет. Ал окуя кызматкерлерибиздин баарын, анын ичинде өзгөчө Ооганстандагыларды абдан сестендирди. Алты кызматкерибиз өлтүрүлдү. Биздин үмүт-тилектерибиз алардын үй-бүлөлөрү менен. Биз алардын үй-бүлөлөрү менен кошо аза күтүп, ошол эле учурда дайынсыз болуп жаткан дагы эки ооган кесиптешибиздин кайда экенин аныктоого аракеттенип жатабыз.

Доминик Стилхарт Кызыл чырым уюму Ооганстан боюнча жардам көрсөткөн саналуу уюмдардын бири экенин айтып, гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантууга аракет жасаларын кошумчалады.

Ооганстанда талиптер менен ооган өкмөтүнүн тынчтык сүйлөшүүгө отургузуу натыйжа бербей келатат. Өткөн жылы АКШ, Пакистан жана Кытай жоолашкан эки тараптын ортосуна түшүп, сүйлөшүүгө отургузууга аракет жасады. Бирок ага талиптер катышпай койгондуктан натыйжа чыкпады. Талиптер Ооганстан боюнча чабуулдарын күчөтүп, тынымсыз терактар жасалууда.

Бириккен Улуттар Уюму каршылашкан тараптардын айынан тынч жарандардын өлүмү көбөйүп жатканын дүйшөмбү күнү жарыяланган баяндамасында билдирди.

БУУнун маалыматы боюнча, 2016-жылы өлүмгө учураган жана жарадар болгон жайкын тургундардын саны 11,5 миң кишиге жакындап, ал 2015-жылга салыштырмалуу 3% көбөйгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG