Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:51

Апта: Атамбаевдин сапары, Түркиядагы алаамат...


Стамбулдагы терактка шектүү делген адам.

Узап бараткан жумада Түркиядагы терактка кыргыз жаранынын тиешеси бар деген маалыматтар ырасталган жок. Президент Алмазбек Атамбаев Кытайга жумуш сапар менен барды. Кошмо Штаттарда бийлик алмашуу алдында Орусия темасы дагы күч алды.

Алдастаганда айтылган сөз...

31-декабрдан 1-январга караган түнү Түркияда коркунучтуу теракт жасалды. Автомат менен куралданган адам Стамбул шаарындагы "Рейна" түнкү клубуна кирип келип, ал жерде жаңы жылды тосуп жаткан адамдарды аткылай баштаган. Андан 39 адам өлүп, 69 жарадар болгон. Кылмышкер окуя болгон жерден качып кеткен.

Түрк тартип коргоо органдары шектүүнү издеп, ушул кезге чейин таба элек. Жума соңунда Түркиянын вице-премьер-министри Вейси Кайнак кылмышкер өлкөдөн чыгып кетиш мүмкүндүгүн айтты.

Түркиядагы бул теракт Кыргызстанды да кыйгап өтпөдү. Түрк маалымат каражаттарында аны аткарган адам Кыргызстандын же Өзбекстандын жараны болушу мүмкүн экени айтылып, ал бара-бара жайыла берди. Мына ошол тенденциянын негизинде Кыргызстан жараны Яхъе Машраповдун паспортунун көчүрмөсү түрк интернет мейкиндигинде пайда болуп, ал террорго шектүү адам катары дүйнөгө тарады.

Кыргыз жараны Машпаровдун паспортунун сүрөтү.
Кыргыз жараны Машпаровдун паспортунун сүрөтү.

Кыргызстандыктар мекендешибиз террорчу болуп чыктыбы деп кыжалатка батты. Соода иштери менен Түркияга көп каттаган Яхъе Машрапов 3-январда Стамбул аба майданында бир саат суракка алынып, терактка тиешеси жок экени аныкталган.

Мына ошол сурактан кийин Яхъе Машраповдун паспортунун көчүрмөсү интернетте пайда болуп, дүйнөлүк маалымат каражаттары кыргыз жаранын террорчу катары көрө баштады. Паспорт көчүрмөсүнүн жайылышына себепкер болгон түрк тартип коргоо органдары жана бийликтери Машраповдун терактка тиешеси жоктугун айтып билдирип койгон эмес.

Яхъе Машрапов такталбаган маалыматтардын жайылышына нааразылык билдирди:

- Биринчи текшерип андан кийин маалымат чыгарышса деп каалайт элем. Ал маалымат чыккандан бери үйүмдөгүлөр, ата-энем да, өзүм да жаман болдум. Террорчу кылып коюшпаса экен деп ойлонуп кыжалаттандым. Ошондуктан тактап туруп, анын чыгарышса туура болмок.

Машрапов: Мен террорист эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов Яхъе Машраповдун кызыкчылыгын коргоого аракеттер жасалып жатканын билдирди. Ошондой эле терактка Кыргызстан жарандарынын тиешеси бар деген маалыматтардын тарашы жана Машраповдун паспортунун көчүрмөсүнүн интернетке чыгышы боюнча териштирүү жүрүп жатканын белгиледи:

- Ошол боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул маселе боюнча эки мамлекеттин ортосунда да сүйлөшүүлөр болуп жатат. Менин оюмча анын аягына чыгышат. Бул каяктан чыгып жатканы анык болот. Бирок кайсы бир тараптын айыптуу экенин түрк бийлиги билдириши керек. Бүгүнкү күндө түрк бийлиги андай билдирүү жасай элек.

Түрк бийлиги Стамбул теракты үчүн “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмду айыптаган. Акыркы билдирүүсүндө вице-премьер-министр Вейси Кайнак ал уйгур улутундагы адам болуш ыктымалдыгын айтты.

Ал эми акыркы маалыматтарга караганда, Стамбулдагы кол салууну жасаган адам өзбекстандык болушу мүмкүн. Полициянын маалыматтарына таянып, түрк маалымат каражаттарынын жазышынча, кол салууга шектүү деп саналган адам Абдулгадир Машарипов деп болжолдонууда. Ал "Абу Мухаммед Хорасан" деген каймана ат менен жүргөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кол салуудан соң ал түнкү клубдун ашканасы аркылуу чыгып кеткен. Учурда ал кармала элек.

Түркияга ар тараптан чабуул...

Түркияда акыркы кезде тынымсыз теракттар жасалууда. Бийликтердин белгилешинче, ал теракттар үч тараптан уюштурулууда. Анын биринчиси жана эң коркунучтуусу катары 15-июлдагы төңкөрүш жасоого аракеттенген ФЕТО же гүленчилер тобу аталган. Экинчиси - күрт жикчил топтору болсо, үчүнчүсү - “Ислам мамлекети” террордук тобу. Түркиядагы теракттарга Борбор Азия мамлекеттеринин жарандарынын тиешеси бардыгы жөнүндө сөз болгондо, ушул чөлкөмдөн Сирияга аттанган “жихадчылар” эске келет. Сирияда “Ислам мамлекетине” каршы операция жүргүзүп жаткан Түркия ал террордук уюмдун бутасына алынууда.

Измирдеги теракт. 5-январь, 2017
Измирдеги теракт. 5-январь, 2017

Түркия ошентип ар тараптуу чабуул астында калууда. Өлкө бийлик башчылары ФЕТО жана күрт жикчилдерин батыш колдоодо деп шекшийт. Президент Режеп Тайып Эрдоган ошондуктан Түркия азыркы кезде “көз карандысыз тышкы саясат” үчүн күрөшүүдө дейт. Борбор Азия мамлекеттеринин жарандары үчүн визасыз режим түзүп, Кытайдагы уйгурларды коргоодо үн катып турган Түркиянын ушундай оор абалда бул чөлкөм тургундарынан же “туугандарынан” сокку алуусу канчалык тарынычтуу жана адилетсиз экенин сезүүгө, байкоого болот.

Атамбаевдин Кытайга сапары..

Кытай демекчи, президент Алмазбек Атамбаев 5-январда Кытайга сапар алды. Бээжинде ал Кытай лидери Си Цзинпин менен жолугушуп, сүйлөшүү өткөрдү.

​Кытай учурда Кыргызстандын эң ири кредитору эле эмес, эң ири донорлорунун бирине айланган мезгил. Бээжин 2015-жылдан бери бөлүп-бөлүп берип жаткан 1 млрд юань гранттын эсебинен кыргыз бийлиги бир канча социалдык маселелерди чечип, анын ичинде Бишкектин айрым жолдорун оңдоп жатканы маалым.

Алмазбек Атамбаев Кытай президенти менен.
Алмазбек Атамбаев Кытай президенти менен.

Кытай насыялары менен "Датка-Кемин" электр линиясы тартылып, түндүк-түштүк альтернативдик жолу курулууда жана Бишкек жылуулук борбору модернизацияланууда. Учурда кыргыз-кытай бийлигинин алдында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун баштоо сыяктуу ири долбоор турат. Бирок ал долбоор 15-20 жылдан бери алдыга жыла элек.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын акырында Иран президенти Хасан Роухани менен Бишкектеги жолугушуусунун соңунда Ташкенге жана Бээжинге жасаган сапары учурунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору негизги маселелерден болорун билдирген эле:

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран темир жолун курууга биргелешкен кызыгуу билдирилди. Буга кошумча иретинде айта алам, жакында боло турган менин Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасына сапарымда бул негизги темалардан болот.

Президент Атамбаевди Кытай сапарында коштогон делегация курамында президенттин кеңешчиси, мурунку транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун жана Темир жолун долбоорлоо бөлүмүнүн башчысы Канат Абдыкеримовдун бар экени да темир жол негизги темалардан болорунан кабар берет.

Президент Атамбаев Кытайга барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бул темир жолдун курулушу боюнча карама-каршылыктуу маселелерди козгоду:

- Долбоор Акаевдин убагынан бери келатат. Ал кездеги план боюнча темир жол Кытай-Кыргызстан-Өзбекстанга салынмак. Өткөндө Бишкекке келгенде деле Иран президенти бул маселе боюнча ачык пикирин билдирген жок. Бул жерде чоң көйгөй бар. Мисалы, Кыргызстандын курабыз деп айтып, кайра курбайбыз дегенин Кытай жетекчилиги кандай кабыл алат? Бул долбоор Акаев, Бакиев убагында эмнеге башталган жок? Өзбекстандын мурдагы президенти буга каршы же макул деген пикирин билдирген эмес.

Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылы бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна каршы чыгып, анда көрө Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун курабыз деп демилге көтөргөн. Бирок бул фантастикалык демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Ал эми акыркы жылдары Алмазбек Атамбаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча кайрадан көбүрөөк сөз кыла баштады.

Кытай болсо жаңы “Жибек жолу” долбоорунун алкагында темир жолдору менен Европа жана Жакынкы Чыгышка товарларын жеткирүүнү ишке ашыра баштады. Мына ошол долбоордун алкагында Кытай темир жол аркылуу Англияга биринчи жолу товар жөнөткөнү кабарланды. Кытайдан чыккан поезд Казакстан, Орусия аркылуу Европага, андан ары Британияга жетмекчи. 18 күнгө созулган бул сапарда поезд 12 миң чакырымды басып өтөт.

Кытай батышка карай темир жолду бир нече багытта пландаганы белгилүү. Анын бир багыты Орусия аркылуу Европага барат. Экинчиси - Казакстан аркылуу. Ал курулуп, иштей баштады. Үчүнчүсү - Кыргызстан аркылуу, дагы бир варианты - Тажикстан аркылуу куруу пландаштырылган. Кытай-Тажикстан-Ооганстан-Иран багытын Душанбе жана Иран колдоп келатат. Кытайдын батышка Пакистан аркылуу да жол чабууда. Бээжин жана Исламабаддын экономикалык коридор долбоорунун алкагында Кытайдан Пакистандын "Гвадар" портуна темир, унаа жолдорун салып, Инди океанына чыгат. Бул долбоорго Бээжин 46 млрд доллар бөлгөнү маалым.

Мэрликке аттангандар

Узап бараткан жумада Кыргызстан коомчулугу Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүүгө күбө болду. Мэрди шайлоо болсо 11-январда өтмөкчү.

11-декабрдагы Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо беш партия жеңишке жетишкен. Алардын ичинен КСДП, “Республика-Ата журт” жана “Кыргызстан” фракциялары көпчүлүк коалиция түзгөн. Алар азыркы мэр Албек Ибраимовдун талапкерлигин кайрадан көрсөтүшкөн. Оппозициялык “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин сунуштады.

Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Ошондуктан 11-январга белгиленген шайлоодо азыраак болсо интрига түзүлүүдө. Анын үстүнө Нурдин Абдылдаев Албек Ибраимовду теледебатка чакырып, Ибраимов аны кабыл алганы да маалым болду. Бирок дебат уюштурулбасын, ал мыйзамда каралбаганын Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди:

- Бул бир талапкердин өзүнүн эле демилгеси болуп атат. Аларды эл шайлабайт. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары гана шайлайт. Бүгүн, 6-январда эки талапкерди каттоого алдык. Алар расмий түрдө Бишкек шаардык кеңешине талапкер болуп калышты. Ошондуктан алар эми депутаттар менен, фракциялар менен шайлоого чейин иштеше алат.

Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Алардын ичинен 30 мандат көпчүлүк коалицияга таандык. Ал эми оппозициялык “Өнүгүүдө” 8 мандат бар. Оппозиция же бийликчил экени аныкталбаган “Мекеним Кыргызстанда” 7 мандат бар.

Түртүшкөн дөөлөр...

Дүйнөлүк саясатта орчун окуялар узап бараткан жумада Сирия жаңжалы, Түркия, Орусия жана АКШ ортосундагы мамилелерге байланыштуу өнүктү. Сирияда 30-декабрда жетишкен ок атууну токтотуу жана Астанада сүйлөшүүнү баштоо келишимине коркунуч туулганы жума башында маалым болду. Сирия бийлиги менен сүйлөшүүгө макулдук берген оппозициялык "Эркин Сирия армиясы", бийлик жана “Хезболла” Дамаскка жакын Вади Барада жергесине кол салып, ок атышпоо келишимин бузду деп айыптады. Алар мындай шартта Астана сүйлөшүүсүнө даярдыкты токтоторун жарыялашты. Сирия бийлиги өз кезегинде куралдуу оппозиция Вади Барадада Дамаск шаарын суу менен камсыздоо системасын бузуп, элди суу менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратып жатат деп айыптады.

Сирия.
Сирия.

Мына ушундай айыпташууларга карабай, Астана сүйлөшүүсү 23-январга белгиленди. Муну Анкара жана Москванын эрки катары баалоого болот. Анткени Сирия оппозициясынын артында турган Түркия жана Сирия бийлигинин негизги колдоочусу Орусия эки тарапты сүйлөшүүгө отургузууда чечкиндүү бойдон калууда. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Астана сүйлөшүүсүнүн ийгилигине үмүт артып жатканын билдирди:

​- Сирияда, аль-Бабдагы операциябызды ылдам бүтүрүүнүн жаңы планын даярдадык. Кудай буюрса, ал жакында ишке ашырылат. Биз Манбижде баштагандай эле башка региондорду да террордук уюмдардан тазалоодо чечкиндүүбүз. Бул жерде Орусия менен биргеликте Сирияда ок атууну туруктуу токтотуу жана карама-каршылыктарды саясий жол менен чечүүгө киришүүдө ийгиликке үмүт бар.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын Сириянын ал-Баб шаарында “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы операциясындагы кыйынчылыктар жана жоготуулар АКШ менен чарпышуусуна алып келди. Анкара АКШ баштаган коалиция бул күрөштө Түркияны дурустап колдобой жатат деп айыптады. Анын артынан, террорчулукка каршы күрөштө колдоо көрсөтпөгөн АКШ баштаган коалициянын Инжирликтеги базада калуусунун канчалык зарылдыгы бар деген сөздөр түрк бийлигинде чыга баштады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри АКШнын “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөштөгү салымын санап, Сириянын Кобани шаары, Ирактын Рамади, Фалужжа, Тикрит шаарлары бошотулганын, Мосул шаары бошотулуу алдында турганын белгиледи.

Пентагондун маалымат катчысы Жеф Дейвис эки жылдан бери АКШ баштаган коалициянын “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшүн айтып, Инжирлик базасынын жалпы коопсуздук үчүн маанилүү экенин белгиледи:

- Инжирлик бул өтө маанилүү экенин билесиздер. Биз көп жылдан бери Инжирликтебиз. “Ислам мамлекетине” каршы күрөш башталганга чейин эле бул жердебиз. Бул Сирия жана Ирактагы операциялар үчүн эле эмес, Европаны коргоо үчүн да стратегиялык мааниси бар база. Бул жерде туруу стратегиялык артыкчылык экенин билебиз, бирок ал АКШ үчүн эле эмес. Сиздер бул коалиция экенин билесиздер. Мына ошол коалициянын башка мүчөлөрү да Инжирликти колдонууда. Биз аны “Ислам мамлекетин” жок кылуу үчүн колдонуп жатабыз, аны жоготууда АКШ менен Түркия бирге.

Түрк бийлиги менен Обама администрациясынын ортосунда күрт топтору боюнча курч да келишпестик бар. Мына ошол эки тарапты араздаштырып келатканы маалым. Анкара АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп күрт топторуна карай кандай саясат жүргүзөрүн күтүүдө. Ошого жараша Түркия-АКШ мамилесинин өнүгүшү күтүлөт.

Узап бараткан жумада АКШ Сенатынын Куралдуу күчтөр боюнча комитети хакерлик боюнча угууларды өткөрдү. Анда АКШнын атайын кызматтары Америкадагы президенттик шайлоо учурунда Орусиянын хакерлиги боюнча маалымат беришти. Кошмо Штаттардын атайын кызматтарынын башын бириктирген Улуттук чалгындоосунун башчысы Жеймс Клеппер хакерлик орус бийлиги тарабынан уюштурулган дегенди ырастап, бул боюнча атайын баяндама коомчулукка да жарыяланарын билдирди.

Клеппердин сөзүн ырастаган АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча агенттигинин жана кибер тобунун башчысы Майкл Роджерс Орусия хакерлери АКШ эле эмес башка өлкөлөрдө да агрессивдүү аракеттенет деди:

- Сиздер билгендей, орус кибер-топторунун башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн инфраструктурасына, керек болсо шайлоо системасына агрессивдүү хакерлик жасаган тарыхы бар. Мен белгилегендей, аларга Улуттук коопсуздук боюнча агенттик жана АКШнын кибер командасы өзгөчө көңүл бөлө берет.

Бул айыптоолорду Орусия четке кагып келет. Москва аны түз четке какса, 20-январда АКШда президенттик кызматка кирише турган Дональд Трамп ага өтө чоң шек менен кароодо. Анын себеби бар. Анткени Орусиянын хакерлик чабуулу Дональд Трамптын жеңишине салымын кошту, Трамптын жеңишинин артында Кремл турат дегендей сөздөр ал үчүн кабыл алгыс. Ошондуктан Трамп АКШнын атайын кызматтарынын баяндамасын “чылгый саясат” деп баалап жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG