Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Түрк медиасын сынаган Стамбулдагы теракт


Түркиядагы маалымат каражаттары
Түркиядагы маалымат каражаттары

Түрк өкмөтү Стамбулдагы кол салууга шектүү боюнча дагы эле расмий билдирүү жасай элек.

Бирок түрк маалымат каражаттарында кол салууга шектүү деп саналган адамдын видеосу ар күнү көрсөтүлүүдө. Буга чейин ошол видеонун жанына кыргызстандык жарандын паспортунун сүрөтүн коюп, изделип жаткан террорчу деп жазып чыгышкан. Кийинчерээк ал кабар жалган болуп чыгып, айрым маалымат каражаттары буга чейин жарыялаган материалдарын өчүрүштү.

Мамлекеттик TRT телеканалынын дүйнө жүзүнө таратылчу WORLD каналы кыргызстандык Яхъё Машраповду "Рейна" түнкү клубундагы кол салууга шектүү деп, анын паспортун көрсөтүп, кабар тараткан. Ал маалыматты Кыргызстан төгүндөгөндөн кийин ТРТ социалдык тармактардан ал материалдарын өчүрүп чыкты. ТRТ WORLD телеканалынын коом менен байланыш бөлүмүнөн "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Биз ал кабарды өчүрттүк, азыр жок. Сайттан кирип карасаңыз да таба албайсыз, анткени баарын өчүрдүк. Мындан башка эч кандай маалымат бере албайм.

Яхъё Машраповдун айтымында, бул жалган кабар анын турмушуна будуң-чаң салды:

- Мен Кыргызстанга учуп атканда түрк полициясы мени бир саат суракка алган. Паспортумду текшерип сүрөткө тартышкан. Менин жаңы жылдагы терактка тиешем жоктугу аныкталган. Ошондон кийин мени кое беришкен. Бирок ошол сурактан кийин эмнегедир менин сүрөтүм шектүү катары интернетке тарады. Мен бул окуяга абдан нааразы болдум. Анткени буга мен эле эмес, менин тууган-уругум да абдан кыжаалат болду.

3-январда премьер министр Бинали Йылдырым өз сөзүндө ЖМК өкүлдөрүн тактала элек маалыматты таратпоого чакырган.

- Элибиздин ынтымагына доо кетирген, бири-бирибизди кайраштырган маалыматтар террорчулуктун максатына кызмат кылаарын эсибизден чыгарбайлы. Социалдык медиада таратылган кутум салган маалыматтар өлкөбүз үчүн да, бир туугандыгыбызга да зыян алып келет. Айрыкча социалдык тармактарды колдонгон жаштарга, бир туугандарыбызга маанилүү эскертүүм бар. Социалдык медиа жоопкерсиз болбошу керек.

Бинали Йылдырым.
Бинали Йылдырым.

Түркиядагы эң чоң медиа каражаты саналган "Хүрриет" басылмасы жана CNN TURK телеканалы түнкү клубдагы кол салууга шектүү - кыргыз же өзбек улутундагы адам болушу мүмкүн экенин алгачкылардан болуп жазган. Бул маалымат каражаттары расмий ырастала элек ал кабарларды таратууну дагы эле улантууда. Аталган маалымат каражаттары менен байланышканыбызда сурообузга жооп берүүдөн баш тартышты.

Түрк маалымат каражаттары терактка шектүү адам тууралуу текшерилбеген алгачкы кабарды жаңы жылдагы кол салуунун эртеси таратып, орто азиялыктарга түспөлдөш үч жигиттин сүрөтүн телеканалдарга чыгарышкан. Көп өтпөй сүрөтү жарыяланган үч казак жигити тең кол салууга тиешеси жок экенин далилдешти. Бул тууралуу "Азаттыкка" алардын адвокаты Эсра Пекер Демир мындай деди.

- Азыркы тапта социалдык тармак дүйнөдө кулач жайып, анын кесепеттерин алдын алуу мүмкүн болбой жатат. Казакстандыктын сүрөтү кабар сайттарына чыккандан кийин биз дагы полицияга арыз жаздык. Анткени анын кол салууга эч кандай тиешеси жок болчу. Түрк соттору да азыркы тапта жай иштеп жаткандыктан казакстандык жигиттин арызын кеч карап калышы мүмкүн. Бирок биз түрк мыйзамдарына ылайык, анын укугун коргоого аракет кылабыз. Эгерде кыргызстандык жаран дагы Түркияга келсе полиция кызматкерлери тарабынан текшерилгенден кийин, маалымат каражаттарын сотко берүүгө укугу бар.

Адвокат Эсра Пекер Демир айрыкча Түркияда маалымат каражаттарында жалган жалаа жабылган кишилердин мыйзамдык укугун коргоо тез жыйынтык бербеши мүмкүн деди:

- Түркия чоң өлкө болгондуктан юридикалык иштер өтө жай жүрөт. Өзгөчө медиада чыккан кабарлардын соттук иштери жылдап созулушу мүмкүн.

1-январга оогон түнү жасалган куралдуу кол салуудан 39 адам набыт болгон.
1-январга оогон түнү жасалган куралдуу кол салуудан 39 адам набыт болгон.

Түркияда Интернет басылмаларын жөнгө салган жана бул басылмалардын айынан чыккан кылмыштар менен күрөшүүнү караган мыйзам бар. 2015-жылы бул мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, жазалары өзгөргөн. Маалымат каражаттарында жалган кабар жазгандар ишинен чектетилет же акчалай айыпка тартылат. Ал эми социалдык тармактарда кабар жазгандарга эч бир мыйзамдык чектөө жок.

2012-жылдын статистикасына ылайык, ТРТнын өзүнүн эле 15 телеканалы, 16 радиосу бар. Ал эми Түркия боюнча 248 телеканал жана 1 058 радио иштейт. Алардын дээрлик бардыгынын интернет сайттары жана социалдык тармактарда баракчалары бар.

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы “Рейна” түнкү клубуна куралчан адам кирип келип, элди туш келди аткылаган. Андан 39 адам каза болуп, 70ке жакыны жарадар болгон. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террорчу тобу өзүнө алды.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG