Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:22

Стамбул: теракт кырктай адамдын өмүрүн алды


Кол салууда жакынын жоготкон адамдар.
Кол салууда жакынын жоготкон адамдар.

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кол салган адамга издөө жарыяланды.

Түркиянын Стамбул шаарындагы түнкү клубда болгон кол салуудан каза болгондордун саны 39 адамга жетти. Мерт болгондордун он алтысы чет өлкөлүктөр, бешөө түрк жараны экени аныкталды. Жаракат алгандардын саны 69 адам.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу бул кол салууда жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктардын жок экенин билдирди.

Стамбул: түнкү клубдагы кол салуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:16 0:00

Стамбул шаарынын соттук-экспертиза мекемесинин кызматкери Дилай Өзкандын айтымында, окуядан жабыр тарткандардын аты-жөнүн тактоо иштери уланып жатат:

- Азыркы тапта каза болгон жарандардын аты-жөнү дагы деле такталууда. Жабыр тарткандардын көбү чет элдиктер болгондуктан изилдөө иши созулуп жатат.

Кол салуу болгон түнкү клуб.
Кол салуу болгон түнкү клуб.

Жаңы жылда түнкү саат 1:15те Босфордун жээгинде жайгашкан түнкү клубга келген куралчан кылмышкер күч кызматкерлерин өлтүргөн соң клубдун ичине кирип, адамдарды туш келди аткылаган. Окуя болгон учурда клубда 800гө жакын адам болгон. Кылмышкер ок атканда айрымдар жанын сактап калышы үчүн Босфордон сууга секиришкени айтылууда.

- Биз жолдошум экөөбүз клубга Жаңы жылды тоскону барганбыз. Бир маалда жолдошум мага жат деди да, менин үстүмө жыгылды. Анын аркасына үч жолу ок тийиптир. Анан адамдар бири-бирин тебелеп, чуркап чыгып башташты. Азыр жолдошум операцияда, - деди клубдагы кол салууга күбө болгон Мерве аттуу аял.

Бул атактуу клубга келгендердин басымдуу бөлүгү туристтер болгондуктан жаңы жылдык программада чет элдиктерге ылайык оюн-зооктор болгон.

Кол салууда жакындары жабыр тарткан адамдар.
Кол салууда жакындары жабыр тарткан адамдар.

Ички иштер министри Сулейман Сойлу кылмышкерге издөө салынганын билдирди:

- Бул түнү ырайымсыз теракт болду. Террорчу изделүүдө. Күч кызматкерлери кылмышкерди издөө иштерин баштады. Мындан кийин бул сыяктуу теракттар болбойт деген үмүттөбүз.

Президент Алмазбек Атамбаев бул кол салууга байланыштуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты. Атамбаев Кыргызстан терактты кескин айыптай турганын билдирип, каза болгондордун жакындарына сабырдуулук тиледи.​

Түркиядагы акыркы террордук жардыруулардан улам Стамбулда Жаңы жыл майрамына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн эле. Кол салуу болгон учурда шаардагы тартипке 17 миңден ашык полиция көз салып жүргөн.

Токтобогон кол салуулар

Түркияда 19-декабрда дагы бир кол салуу болгон. Анда Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов Анкарадагы сүрөт көргөзмөсү учурунда атып өлтүрүлгөн эле. Аны аткан 22 жаштагы Мевлүт Мерт Алтынташ “Алеппону унутпагыла” деп кыйкырган. Бул сөзү менен ал орус элчисинин өмүрүнө Сирия үчүн кол салганын билдирүүгө аракет жасаганы айтылган.

Андрей Карлов.
Андрей Карлов.

Андан эки күн мурда, 17-декабрда Түркиянын Кайсери шаарындагы жардыргыч зат салынган унаа аскер кызматкерлери бара жаткан автобусту сүзүп жарылган эле. Жеңил унаанынын рулунда жанкечти болгону кабарланган. Жарылуунун жыйынтыгында 13 киши мерт кетип, 50гө жакыны жарадар болгон.

Булардан тышкары 10-декабрдын кечинде Стамбул шаарында "Бешикташ" менен "Бурсаспор" футбол командаларынын беттеши бүткөн маалда "Водафон Арена" стадионунун тегерегинде кош жардыруу орун алган. Андан 38 адам набыт болуп, жүздөн ашуун киши жарадар болгон. Бул кандуу калабадан кийин Түркияда бир күндүк аза күтүү жарыяланган.

Стамбулдагы кош жардыруу үчүн жоопкерчиликти күрт жикчилдерине байланышы бар радикалдуу аскерлешкен топ алган.

Былтыр Түркияда булардан башка да жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган бир канча теракттар орун алды.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG