Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 18:16

Кыргыз-кытай алакасына быйыл 25 жыл толду.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайга болгон сапары эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алака түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына туура келди.

Сапар алкагында кыргыз президентти Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты талкуулайт. Президенттик аппараттын маалымат-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов:

- Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугат. Мамлекет башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин олуттуу маселелерин өнүктүрүү жана эки тараптын кызыкчылыктарына тиешелүү эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулайт.

Эки өлкө алакасынын чейрек кылым тарыхында Кыргызстан Кытайдан алган түз инвестициянын көлөмү 1,2 млрд доллардан ашты.

Өлкөнүн “Датка-Кемин”, Бишкек-Торугарт жана Ош-Эркеч-Там автожолун оңдоо, түндүк-түштүгүн бириктирген жаңы жол, кен, кайра иштетүү тармагындагы чакан ишканалар сыяктуу стратегиялык долбоорлорго ири каражат салды. Эки өлкө ортосунда эки жүздөн ашык мамлекеттик жана өкмөттөр аралык документке кол коюлган. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Айымкан Кулукеева:

- Негизги документ катары эки өлкө 2002-жылы кол коюлган “Достук жана жакын кошуналык кызматташтык” келишиминин негизинде иштейбиз. Ошондой эле 2013-жылы кол коюлган “стратегиялык шериктештикти орнотуу жана тереңдетүү” боюнча декларациянын негизинде кызматташып келебиз.

​Темир жол үчүн бардыбы?

Айрым эксперттер президент Атамбаевдин сапарынын өзөгүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Иран темир жолунун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр түзөт деп болжошууда.

Президент Атамбаев аны Иран президенти Хасан Роуханинин Кыргызстандагы сапарыны учурунда бышыктаган:

- Биздин кызыкчылыктарды бириктирген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Иран темир жолунун курулушу. Кошумчалай кетсем, Өзбекстан, Кытайга барчу сапарымда сүйлөшүүчү негизги маселелерге темир жол курулушу кирет.

Атамбаевдин Өзбекстанга иш сапарында расмий Ташкент да Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кыргыз тараптын позициясын колдогону белгилүү.

Ошентсе да жергиликтүү эксперттер темир жол долбоору боюнча муз ордунан козголду деп айтууга эртелик кылат дешет. Анткени, бул долбоордо төрт мамлекеттин ар биринин өз кызыкчылыгы бар. Аны менен катар темир жолдун багыты, каржы маселеси жана жолдун эни боюнча так пикир жок.

Аталган темир жолду куруу көп жылдан бери сөз болуп келет. 2013-жылы президент Атамбаев бул жолдун Кыргызстанга пайдасы жок экенин билдирип, бирок кийин ал пикиринен баш тарткан. Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кыргыз бийлигинин темир жол куруу боюнча акыркы аракеттерине мындай баа берди:

- Долбоор Акаевдин убагынан бери келатат. Ал кездеги план боюнча темир жол Кытай-Кыргызстан-Өзбекстанга салынмак. Өткөндө Бишкекке келгенде деле Иран президенти бул маселе боюнча ачык пикирин билдирген жок. Бул жерде чоң көйгөй бар. Мисалы, Кыргызстандын курабыз деп айтып, кайра курбайбыз дегенин кытай жетекчилиги кандай кабыл алат? Бул долбоор Акаев, Бакиев убагында эмнеге башталган жок? Өзбекстандын мурдагы президенти буга каршы же макул деген пикирин билдирген эмес.

Кытай Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. 2015-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1,1 миллиард долларды түзгөн. Кыргызстан Кытайдан товар ташып, сыртка сатып ортомчулук соодасын жакшы өздөштүрө алды. Бирок, айрым серепчилер дагы деле Кыргызстан экономикасы күчтүү коңшунун соода мүмкүнчүлүктөрүн жакшы пайдалана албай жатат деген пикирде. Ошондой эле Кытайдан өндүрүшкө инвестиция тартууда чабалдык кылууда.

- Илгертеден сооданын көзү болгон Улуу Жибек жолу толук пайдаланылбай турат. Ошондой Кытай менен чектеш жолдор деле ошондой абалда. Аба жана башка жолдорду айтпай эле коеюн. Негедир биз жаныбыздагы чоң рынакты пайдала албай турабыз,- дейт экономист Эмил Үмөталиев.

Кытай жеке эле Кыргызстанга эмес, Борбор Азияга ири долбоорлорго каржы бөлөт. Кытай аймакта экономикалык таасиринин күчөтүп, анан саясий басым жасоого алып барат деп кооптонгон божомолун айткан серепчилер бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG