Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:17

Шаардык кеңеш ишкерлерден куралды


Бишкек
Бишкек

Бишкек шаардык кеңеш мэр шайлоого камынып жатат. Шайлоо 11-январда өтөт жана учурдагы мэр Албек Ибраимов дагы бир мөөнөткө шайланат деген божомол бар.

Ал арада шаардык кеңештин жаңы курамы талкуу жаратты. Депутаттардын дээрлик басымдуу бөлүгү ишкер болгондуктан шаардын өнүгүүсүн эмес, өз бизнестерин ойлогон адамдар келди деген өңдүү пикирлер басымдуулук кылат.

Бишкек шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүк Социал-демократтар, “Республика – Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан куралды. Башкаруучу коалиция шаар башчылыгына азыркы мэр Албек Ибраимовду сунуштады. Оппозициялык азчылыкта калган “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы болсо бул кызматка Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин көрсөттү.

Ал арада Бишкек шаардык кеңештин жаңы курамы бир катар талкууларды жаратып жатат. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Таалайбек Сариев буларды айтты:

- Мурдагы шайланган депутаттардын 15и кайра шайланып келдик, ошондо 30 пайызын түзөт. Калган 60 пайыздан көбү жаңы шайланды, басымдуу бөлүгү жаштар. Улгайган адамдар азыраак, эки-үчөө эле бар. Эми жакшы эле болот болушу керек. Баары тең тажрыйбалуу, иштеп жүргөн, шаарда өсүп-чоңойгон, шаардын абалын билген жигиттер экен.

Алмаз Кененбаев шаардык кеңештин буга чейинки чакырылышында да Социал-демократтар фракциясын жетектеген. Анын баамында, жаңы депутаттарды мезгил сынамакчы:

- Мен азырынча баары менен жакындан тааныша элекмин. Эми кандай болсо да аларды шаар тургундары шайлашты да. Алар өздөрүнүн программалары менен келишти. Ишенимге ээ болуп, добуш алып келгенден кийин эми калганын ишинен көрөбүз да. Шаардыктар да баа беришет. Калганын убакыт көрсөтөт. Буга чейин башталып, аягына чыкпай калган маселелер бар болчу, ошолорду бүтүрүш керек. Шаарды жашылдандыруу, башкы планы, деталдуу пландаштыруу өңдүү маселелер бар.

Тамырлашкан тууганчылык

Эми шаардык кеңештин курамы тууралуу кененирээк сөз кылалы. Социал-демократтар фракциясына 45 орундан 15 мандат тийди. Депутат болгондордун арасында жашы 80ге таяп калган Эмил Шүкүров менен Лев Васильев бар. Калгандары ири курулуш компаниялардын жетекчилери, ишкерлер, белгилүү бизнесмендер жана алардын туугандары.

Шайлоо: тизмени кимдер баштады?

Шайлоо: тизмени кимдер баштады?

14-ноябрда Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмеси жарыяланды.

Депутаттардын арасынан “Елизавета” жана “Имарат Строй” деп аталган эки ири курулуш компаниясынын жетекчилери Нуржан Тынымсейитова менен Даниярбек Иманалиевди көрүүгө болот.

Ишкер, парламенттин мурдагы депутаты Аскар Салымбековдун бир тууган агасы, экс-депутат Мамытбай Салымбековдун уулу Жумабек Салымбеков ушул партиянын тизмеси менен экинчи жолу депутат болду. Маркум мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин небереси Эрмек Усубалиев да Социал-демократтар фракциясынан депутат болду.

“Республика-Ата Журт” фракциясында дагы ишкерлер, ири курулуш компанияларды жетекчилери көп. Мисалы, бул партиянын тизмеси менен экинчи ирет шайланып келген Гүлнара Молдобаева “Бишкеккурулуш” фирмасын жетектейт. Фракцияда Курманбек Бакиев президент болуп турганда анын аппаратын башкарган Үсөн Сыдыковдун небереси, Жогорку Кеңештин ушул фракциядан депутат болгон Бактыбек Сыдыковдун уулу Алымбек Бактыбеков бар. Эң жаш депутат дагы “Республика-Ата Журттан” болду. 23 жаштагы Темирлан Токтобеков тууралуу "Дипломатиялык академияны бүткөн" дегенден башка маалымат такыр жок. Ал Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясында дагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын тууган-уруктарынан депутат болгондор бар. Мисалы, парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин бир тууган иниси Таалайбек Сариев менен анын кызы, “Беш-Сары” базарынын директору Наргиза Жолдошбаева шаардык кеңешке ушул партиядан депутат болду.

Шаардык кеңеште “Мекеним Кыргызстан” фракциясына жети орун тийди. Мандат алып депутат болгондордун дээрлик баарынын аты-жөнү коомчулукка белгисиз. Алардын баарынын жаш курактары отуздун тегерегинде жана ири курулуш компанияларга тиешеси бар адамдар.

Мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин бир тууган агасы, мурдагы баш прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу Кубанычбек Конгантиев "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен депутат болду. Ал буга чейин “Республика” партиясынан шайланган эле. Бул фракциядан депутат болгондордун арасында Бишкек шаарынын мурдагы мэри, Кыргыз-орус фондунун башчысы Кубанычбек Кулматовдун мурдагы аялы Наталья Кулматова бар. Андан сырткары “Аю курулуш” компаниясынын жетекчилеринин бири Жолдошбек Жунушов да депутат болду.

Калаа көйгөйү кимге калды?

Жарандык активист Калича Умуралиева шаардык кеңеш ишкерлерден, ири курулуш компаниялардын жетекчилеринен куралганын сынга алды:

- Мисалы, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесин карасам, жалаң эле курулуш компаниялар уюшуп алышыптыр. Курулуш компаниялар шаарды кандай абалга жеткиргенин биз көрүп жатабыз. Булар жыргатпайт. Алар өздөрүнүн кызыкчылыгын, жер маселесин чечүү үчүн шаардык кеңешке келип жатышат. Себеби шаарда жер деле калбай калды. Башка партиялардын тизмесинде деле бизнесмендер, курулушчулар бар. Негизи шаардык кеңеште ишкерлер болбошу керек. Бизнеси жок, шаардын проблемаларын билген адамдар келиши керек эле. Бирок мындай адамдар аз.

Мындай пикирге Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Ренат Самудинов дагы кошулат:

- Бишкек шаардык кеңешке көбүнчө бизнесмендер умтулат. Алар өздөрүнүн бизнесин коргош үчүн ушундай кылышат. Ошондуктан укканыма караганда бул жолку шайлоодо бир мандаттын баасы 200 миң долларга чейин жетти. Шайланып келген депутаттардын буга чейин коомго кандайдыр бир иштерди жасап, аралашып жүргөн болсок анда унчукпайт элек. Бирок андай эмес да. Аты-жөнү белгисиз адамдар депутат болгону чынында туура эмес. Анткени ишкер күнү-түнү, жатса-турса дагы жалаң гана акча, пайда табууну ойлогон адамдар да. Анан алар бийликке келсе деле ошону ойлошот да.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 11-январда болот. 2010-жылдагы апрель окуясынан бери шаар башчысы үч жолу, шаардык кеңеш эки ирет алмашты.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG