Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:42

“Эрке мэр” эмне иш кылды?


Кубанычбек Кулматовдун Бишкек мэри болуп иштеп жатканына туура 1 жыл 8 айдын жүзү болду. “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү мэрдин жана мэриянын ишмердигине сереп салды.

Кубанычбек Кулматов Бишкек мэрлигине жападан жалгыз талапкер катары Социал-демократтар фракциясынан көрсөтүлүп, 41 шаар депутатынын добушу менен 2014-жылдын 15-январында шайланган.

Кулматов алгач мэрликти кагаз иштеринен шымалана баштап, мэрия түзүмүн реформалоо менен алек болуп жатканын жар салган. Калаа башына капыл-тапылдан келгендиктенби, айтор ал шаарды өнүктүрүү планын бүтүрө албай бир топ убара тартты. Алты ай күтүп тажаган шаардык кеңеш акыры жаңы мэрдин программасын кабыл алды.

Бишкек мэри ишине киришип жатып, башкы маселе акчанын тартыштыгында эмес, башкарууда деген тейде тоодой убадаларды берген. Арадан 1 жыл 8 ай өттү, шаарда эмне өзгөрдү?

“Эрке мэр” эмне иш кылды?
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:51 0:00

Аткаминерлердин убадаларын тизмектеп, аткарылышына көз салган politmer.kg сайтынын маалыматына таянсак, Кубанычбек Кулматов Бишкектин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 31 убада берип, анын сегизин гана аткарган.

Шаардыктардын көкөйүнө көк таштай тийген таштанды маселеси акыры өлкө башчысына да жетти. Президент Алмазбек Атамбаев 1-сентябрь - билим күнү менен окуучуларды куттуктап жатып, Кулматовго жаңы жылга чейин сыноо мөөнөтүн берди. Ал "берилген мөөнөттө Бишкек тазарбаса, башка жумуш издей бер" деп зекиди. Атамбаев кескин сыны менен Кулматовдун басмайылын бошотту. Мындай пикирин саясий айдыңда “көзү ачык” атыккан Бакыт Бакетаев ортого салды. Эксперттин баамында, мэр президенттин тапшырмасын аткарбаса, артынан жөлөп-таяган расмий Москва да аны ордунда сактап кала албайт.

Кулматов Орусиянын колдоосу менен Атамбаевдин көзгө басар кадрларынын бирине айланганы айтылып келет. Ал 2013-жылы бир айча президенттин кеңешчиси да болгон.

Анткен менен Кулматов президенттин да, шаардыктардын да сынын туура кабылдайт. Ал жаңы жылга чейин Бишкекти тазалайм деп ишендирүүдө. Калаа башчысы буга чейин деле ишембиликтерге жигердүү катышып келгенин журналисттер жакшы билишет. Бу жолу аны улуттук китепкана айланасын тазалап жүргөн жеринен кармап, кепке тарттык. Айтмакчы, өзү көнгөн бажы кызматын сагынганбы айтор, ал мэр болуп иштөө оор экенин жашырбайт.

“Эрке мэр” эмне иш кылды? 2-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:19 0:00

Бишкекти өнүктүрүү, гүлдөтүү деген маселелерди мындай коюп, күнүмдүк таштандыга кайталы. Баш калаадагы калдыктарды негизинен “Тазалык” муниципалдык ишканасы тазалайт. Анда 1200дөн ашык киши иштейт. Бул ишкана коррупциянын айынан өз милдетин аткара албай калганы буга чейин эле айтылып келген. Тиешелүү кызматтар жакында эле "Тазалыктын" кызматкерлерине карата 11 факт боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн маалыматтары боюнча “Тазалыктын” эски-жаңы жетекчилери мамлекетке 38 млн. сом зыян келтирген.

Адистердин баамында, Бишкектин караңгы көчөлөрү көп кырсыкка себеп. Мэриядан үмүт үзгөн айрым шаардыктар көчөлөрдү өз алдынча жарыктандырган учурлар да жок эмес. Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов 2013-жылы Жаш гвардия бульварына өз каражатына чырак орнотуп, мэриянын каршы пикирине кабылган.

Бишкектин чечилбеген көйгөйлөрүн айта берсе түгөнчүдөй эмес. Шаардагы мыйзамсыз курулуштарга, менчикке берилип кеткен сейил бактарга эмдигиче чара көрүлбөй келет. Башаламан курулуштардан баш адашат. Кокус жер титирөө болуп кетсе шаар уранды алдында калбайбы деп, сокмого окшогон көп кабат үйлөрдөн чочулагандар четтен чыгат.

“Эрке мэр” эмне иш кылды? 3-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:20 0:00

Бишкектеги дагы бир көйгөй - коомдук транспорт маселеси. Автобус, троллейбустардын саны тартыш болгондуктан шаар тургундары маршруткаларга тыгылып ары-бери каттаганга аргасыз. Эскилиги жеткен маршруткалар күн ысыкта дөңгөлөктүү мончону эске салат.

Нариман Түлеев мэр болуп турган 2008-жылы Кытайдан ар бири 25 мин доллардан 455 автобус алынып келинген. Кошумча тетиктери жок болгондуктан 200дөн ашыгы жараксыз абалда ошондон бери токтоп турат. Иса Өмүркулов мэр болуп турганда Европа өнүктүрүү банкынын грантына 79 троллейбус алынган. Андан бери жаңы коомдук транспорттон дайын жок. Учурда шаардыктарды 2,5 минден ашык маршруттук такси, 130 автобус, жүздөй троллейбус тейлейт.

Мурдагы калаа башчысы Нариман Түлеев түштүк магистраль, Ала-Тоо аянтынын курулушу, Иса Өмүркулов Ош базарынын иретке келтирилиши менен эсте калса, Кулматовдун аты айрым көчөлөрдүн оңдолушу менен чыкчудай. Баса, Кулматов мэрия алдындагы велопарковка жана Токтогул көчөсүндөгү “лесепет” жолу менен тарыхта калчудай. Бирок шаардыктар жалгыз таштандыны эмес, бүтүндөй системаны тазарткысы келген Кулматовду жакын арада түшүнбөчүдөй.

XS
SM
MD
LG