Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Шайлоо: тизмени кимдер баштады?


14-ноябрда Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмеси жарыяланды.

Анда 45 орун үчүн 14 партиядан 1115 адам ат салышмакчы. Талапкерлер арасында 80 жашка таяп калган аксакалдар, мурда-кийин депутат болуп жүргөндөр, жооптуу мамлекеттик кызматты аркалагандар, ири бизнесмендер жана алардын жакын туугандары бар. Бир партиядан экинчи партияга өтүп кеткендерди да көрүүгө болот.

Социал-демократтар аксакалдар акылына муктаж

Коомчулукту эң ириде бийликтеги Социал-демократтар партиясынын тизмеси кызыктырып жаткан эле. Сап башында буга чейин Бишкек шаардык кеңешти жана Социал-демократтар фракциясын жетектеп келген Алмаз Кененбаев турат. Андан кийин шаардык кеңештин бир канча жолку депутаты, “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мүчөсү, өнөр жай тармагына эмгек сиңирген жумушчу Лев Васильев бар. Үчүнчү болуп Бешинчи каналдын жетекчиси Евгения Бердникова баратат.

Бердникова мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда аталган каналдын продюсери болгон. 2009-жылы президенттик шайлоодо ошол кездеги оппозициянын атынан талапкер болгон Алмазбек Атамбаевди бир беткей жамандаган материалдарды даярдатканы коомчулуктун эсинде.

КСДПнын сап башында турган талапкери Алмаз Кененбаев тизме тууралуу буларды айтты:

- КСДПнын тизмеси көп улуттуу адамдардан куралды. Экинчиден, Шүкүров, Васильев деген аксакалдардан тажрыйба алышыбыз керек. Бири өндүрүшчү, экинчиси эколог. Андан сырткары жаштар канатынын өкүлдөрү, айымдар да бар.

Социал-демократтардын тизмесиндеги биринчи ондукка буга чейин да депутат болгон “Елизавета” курулуш компаниясынын башчысы Нуржан Тынымсейитова, Валентина Лисниченко, Жумабек Салымбеков жана “Республика” фракциясынан депутат Эрнис Докенов, белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин небереси Эрмек Усубалиев да кирген.

Булардан сырткары Жогорку Кеңештин “Бир бол” фракциясынан депутат Исхак Пирматовдун эжеси Асел Пирматованы да көрүүгө болот. Ал шаардык кеңештин соңку чакырылышында “Республика” фракциясынан депутат болуп келген эле. Парламентте “Ата Журттан” депутат болгон Роман Шиндин уулу, буга чейин да депутат болгон Сергей Шин, Жогорку Кеңештин V чакырылышында Социал-демократтар партиясынан депутат Бахтияр Кадыровдун уулу Сабиржан Кадыров да бар.

“Өнүгүү-Прогресс” “атамекенчилер” менен ымалашты

“Ата Мекен” партиясы бул жолу Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышкан жок. Бирок алардын тизмеси менен депутат болгондордун айрымдарын бул жолу “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмесинен тапса болот. Алардын бири Таалайбек Сариев тизмеде экинчи болуп баратат:

- Мен бул партиянын идеясы, жасап жаткан иштери, программасы менен таанышып, ошол себептен ушул партияны тандадым. Мисалы, соңку төрт жылда "Жарык шаар" долбоору боюнча өзүм иштеп келгем. “Өнүгүүнүн” да “Жарык шаар” деген долбоору бар. Ошондуктан баштаган ишимди аягына чейин чыгарып коеюн деп ушул партия менен баратам.

Бул партиянын тизмесинин башында 2011-жылы Ысык-Көл облусунун кыска мөөнөткө губернатору болгон, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп жүргөн Нурдин Абдылдаев турат. Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев кызы Наргиза Жолдошбаеваны киргизген.

Коммунисттердин күчү жаштардабы?

Бишкек шаардык кеңешке шайлоого Кыргызстан коммунисттер партиясы да катышууда. Тизменин сап башына белгилүү мамлекеттик ишмер Султан Ибаримовдун кызы Гүлмира Ибраимова кирген. Партиянын борбордук комитетинин төрагасы, учурда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган Исхак Масалиев негизги басым жаштарга жасалганын айтты:

- Бишкек шаарындагы мектептерди аяктаган балдар-кыздар келди. Биз күрөшкө жаш канатты чыгарып жатабыз. Партиянын келечегин ойлошубуз керек. Өзүбүздүн эле талапкерлигибизди кайра-кайра кое берсек уят. Азыр шайлоого бараткан балдардын аты-жөнү белгисиз дегенде кемсинткендей болуп калат. Бирок буга чейин саясатка аралашпаган балдар. Коомчулукка таанымал эмес, сахнага эми гана чыгып жатышат.

“Республика – Ата Журт”

Бул партия жаштар канатын жетектеп жүргөн Канатбек Мидин уулун алдыга чыгарды. Андан кийин шаарда Кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборун бир канча жылдан бери жетектеп жүргөн Алексей Петрушевский турат.

Бишкек шаардык кеңеште аталган партиядан депутат болгон, “Бишкеккурулуш” фирмасынын жетекчи орун басары Гүлнара Молдобаева үчүнчү болду. Алгачкы ондукта Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун аталаш тууганы Эрмек Ниязов, учурда “Республика – Ата Журттан” депутат Экмат Байпакбаевдин бир тууганы Элүбала Байпакбаева бар. Бул партиянын тизмесинде ири курулуш компаниясынын, коммерциялык банктардын жетекчилери, жооптуу кызматкерлери көп.

“Кыргызстан”

“Кыргызстан” партиясын былтыр парламенттик шайлоого чейин “Замандаш” партиясынын төрагасы болгон Таалайбек Сагынов жетектеп баратат. Экинчи орунда мурунку башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу Кубанычбек Конгантиев шаардык кеңештин соңку чакырылышында да депутат болгон.

Үчүнчү орунда Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун мурунку аялы Наталья Кулматова турат. 2006-жылы киши колдуу болгон кримтөбөлдүн тууганы, шаардык кеңештин бир канча чакырылышынын депутаты болгон, акыркы жолу “Республика” партиясынын тизмеси менен шайланган Муратбек Акматбаев да кирген.

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков кызы Айдана Батырбекованы кошкон. Тизменин этек жагында белгилүү балбан, Азиянын эки жолку чемпиону Жанарбек Кенжеевди жолуктурууга болот.

“Демократтар”

“Демократ” партиясы Бишкек шаардык кеңешке биринчи жолу катышып жатат. Тизмени белгилүү мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун уулу Алмаз Исанов жетектейт. Бул партияда 2012-жылы шаардык кеңешке шайлоого “Тоскоолдуксуз жашоо үчүн” деген партия менен катышкан, былтыр парламенттик шайлоодо “Реформа” деген партияны түзгөн, "Республика – Ата Журтту” колдоорун расмий айтып чыгышкан Азамат Акелеев, Мирбек Асангариев өңдүү адамдар бар.

Андан сырткары айрыкча социалдык тармактарда либералдуу-прогрессивдүү көз караштары менен белгилүү Сейтек Качкынбаев, Бурулкан Усманалиеваны жолуктурууга болот. Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Муктар Жумалиев тизмеде 7-орунда турат. Партиянын лидери Эсенкул Момункулов талапкерлер кандай талап менен тандалганын кеп салды:

- Талапкер тандоодо биз үчүн эң чоң критерий – тазалыгы, иш билгилиги, мурда-кийин коррупциялык жаңжалдарга аралашпаганы, демократияны жактаганы, либералдык экономиканы түшүнүп, аны колдогондугу болду. Эгер мамлекет бардык шартты түзүп берсе, баары өз мүмкүнчүлүктөрүн колдонот, ошодо мамлекет оңолот деген принципти колдогондор.

“Аалам”

“Аалам” партиясы менен шайлоого катышып жаткан талапкерлердин дээрлик баарынын аты-жөнү коомчулуктун калың катмарына белгисиз. Сап башында турган Медербек Ысманалиев тууралуу азыноолак маалыматты интернеттен таптык. Анда Ысманалиев Орусиянын Москва шаарындагы мигранттардын “Мурас-Наследие” социалдык-маданий аймактык коомдук бирикмесинин жетекчиси деп көрсөтүлгөн. Алгачкы беш адамдын ичинде буга чейин “Республика” партиясынан Бишкек шаардык кеңешке депутат болгон Улан Жолдошев бар.

“Аалам” партиясын Арсланбек Малиев менен Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жылдыз Жолдошева жетектейт.

“Мекеним – Кыргызстан”

Быйыл жазында Ош шаардык кеңеште шайлоого катышкан, коалициялык көпчүлүккө кирген “Мекеним – Кыргызстан” партиясы эми Бишкекте күчүн сынаганы жатат. Бул партиянын лидери Мелис Мырзакматов мэр болуп турганда анын “Улуттар биримдиги” партиясын жетектеген, шаардык кеңештин төрагасы болгон Таалай Сабиров. Бейрасмий маалыматтарда бул партияны президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрам Илмиянов менен да байланыштырып жүрүшөт.

Бишкек шаардык кеңешке талапкердин башында “Арек Строй” курулуш фирмасынын жетекчиси Марлис Шабданбеков турат. Онунчу орунда буга чейин Социал-демократтар фракциясынын депутаты болгон Павел Десятников бар.

“Жаңы Доор”

Бишкек шаардык кеңештин соңку чакырылышында “Замандаш” фракциясынын депутаты Жамалбек Ырсалиев бул жолу “Жаңы доор” партиясын жетектеп баратат. Тизмеде андан кийин эле Жогорку Кеңеште “Ата Журт” партиясынан депутат болгон Улукбек Кочкоров бар. Саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Эрнис Бекназаров алгачкы он адамдын катарында.

“Таза Кыргызстан”

Эмблемасында азуулары арсайган бөрү тартылган “Таза Кыргызстанды” Улуттук копсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов жетектейт. Ал өзү да, тууган-уруктары да тизмеге кирбеген себептерин мындайча түшүндүрдү:

- Тизмеге мен өзүм, аялым, уулдарым, бир туугандарым да кирген жок. Башкалар киргиз деп сунуштаганына карабай атайын киргизбей койдум. Келгиле, үлгү көрсөтөлү, бир үй-бүлөнүн партиясы деген сөздөргө негиз бербейли, ушундай ыкманы токтотолу, элге таза адамдарды алып чыгалы, таза адамдар келсе Кыргызстан да таза болот деген принцип менен түздүк. Алардын баары Бишкекте болуп жаткан кырдаалды абдан жакшы билген адамдар.

Партиянын тизме башында турган Бермет Уржанова тууралуу бир дагы маалымат жок. Ал “Мастер домофон” деген ишкананын жетекчиси экени гана жазылган. Тизмеде үчүнчү орунда турган Любовь Ардамина убагында “Замандаш” партиясынан депутат болгон жана былтыр мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырып кетип калган.

“Актив” активдүүбү?

Тизмесинде бир дагы адамдын аты-жөнү тааныш эмес партиялардын бири – “Актив” партиясы деп атаса болот. Тизме башында жеке адвокат Курманбек Иманалиев турат. Интернетте анын Конституция, шайлоого байланыштуу пикирлерин, айрым бир маселер боюнча Жогорку Сотко жолдогон ачык каттарын табууга болот. Бул партияга 2009-жылдын этегинде Казакстандын Алматы шаарында киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюктун уулу Ярослав Павлюк да кирген.

“Улуу Кыргызстан”

“Улуу Кыргызстан” партиясы былтыр парламенттик шайлоого катышкан жана партия лидерлери талапкерлердин дээрлик басымдуу бөлүгү дин жолунда жүрөрүн ачык жарыялашкан.

Мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов менен чогуу түшкөн, андан бата алып жаткан сүрөттөрдү илишкен. Партия лидери Улан Эсенкожоев тизмеде биринчи орунда турат. Апрель баатыры, мурунку жаштар министри Алиясбек Алымкулов маектеринин биринде Улан Эсенкожоев жакын досу экенин айтып, 7-апрель күнү кандуу окуяларда чогуу болгонун эскерген.

Тизмеде экинчи турган Данияр Чормошев ислам баалуулуктарын жайылтууга багытталган СМС билдирүүлөрдү миңдеген адамга жөнөткөн “Muslimbizkg” компаниясынын негиздөөчүсү катары белгилүү. Учурда “Мусулман бизнес форум” уюмун жетектейт. Чечендик өнөр боюнча тренер Лаура Өмүралиева үчүнчү орунда турат.

“Жашылдар” партиясы

Шайлоого “Жашылдар" партиясы да катышып жатат. Тизмеге 90дон ашык адам кирген. Башында “Табигат” деп аталган коомдук бирикменин жетекчиси Тлехур Бошумова турат. “Майдан” гезитинин башчысы Нургазы Анаркулов, убагында саясатчы Азимбек Бекназаровдун жанында жүргөн, ишкер Самсаалы Четимбаев, экология маселелери боюнча эксперт Динара Кутманованы көрүүгө болот. Бул партиянын лидери Эркин Булекбаев уулу Анвар Булекбаевди тизмеге 26-сапка киргизген.

“Кыргызстан элдик-демократиялык партия”

Бул партияны күч түзүмдөрүнүн генералы Артур Медетбеков жетектейт. Тизмеде үчүнчү болуп таанымал укук коргоочу Калича Умуралиева коюлган. Андан сырткары “Альфа” антитеррор бөлүмүнүн ардагерлери коомдук бирикмесинин өкүлдөрү көп. Бир эле ишкана, уюм, фирмадан бир канча адам киргенин байкоого болот.

XS
SM
MD
LG