Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:02

Жолдошбаевдин жоболоңдуу демилгеси


Камчыбек Жолдошбаев
Камчыбек Жолдошбаев

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев Кыргызстанда көп аял алууну мыйзамдаштырууну сунуштап чыкты.

Бул демилге социалдык тармактарда кызуу талаш-талкуу жаратты.

Өлкөдөгү бай адамдардын сап башында турган, парламенттин эки жолку чакырылышынын депутаты Жолдошбаев тууралуу коомчулукта пикир бир кылка эмес. Аны айрымдар орой, чоң муштум, кыялы чатак адам деп мүнөздөшөт, кээ бирлери спортко көп көңүл бурган, колу ачык адам деп сыпатташат.

Камчыбек Жолдошбаев көптөн бери көтөрүлбөй, талкууланбай калган көп аял алуу маселесин 8-сентябрда парламентте “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жыйын куруп жатканда айтып чыкты:

- Конституция боюнча бир эле аял алгыла деп жатпайбы. Азыр эми 2-3 аял алып, никеси жок, аларга фамилиясын бербейт. Муну мыйзамдаштыруу керек го. Кээ бирлери балалуу болгон. Эки жагы тең туура деп жатат, балдарын тарбиялап жатат. Ошону мыйзамдаштырып бериш керек да. Кээ бири үч, кээ бирлери төрт аял алууда. Анан никеси катталбаса, алардан төрөлгөн балдар кандай фамилия алып жатат? Башка бирөөнүкүн ала береби? Ал балким чоочун баладыр. Ошондуктан ушул нерсени байкап туруп, сунуш киргизип, мыйзамдаштырып коюш керек.

Жолдошбаев бул сунушун эми парламенттин жалпы жыйынында да айтар-айтпасы, ага көпчүлүк депутаттар кандай караары азырынча белгисиз. Бирок социалдык тармактарда бул демилге кызуу талкууланып, анда айыптап, сындаган пикир басымдуулук кылып жатат.

Депутат көп аял алуу маселесин көтөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00

Бекер көмүр эл эсинде

Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири катары таанымал 60 жаштагы Камчыбек Жолдошбаев Дене тарбия институтун аяктаган. Убагында волейбол боюнча өлкөнүн курама командасында ойногон.

Жолдошбаев Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары бизнеске келген. 1992-жылы “Беш-Сары” фирмасын ачкан. Ушул тушта Бишкектеги Ош базарында ири соода жана спорт комплекси бар.

Өткөн кылымдын 90-жылдары Нарындын Ак-Талаа районунда Турук, Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенин иштеткен. Менчиктештирүү доорунда Ак-Талаа менен Кочкордогу автобазаларды сатып алган. Бул объекттер текейден арзан баага сатылып кетти деп нааразы болгондор да чыккан.

Кара-Кече
Кара-Кече

Жолдошбаев 1995 жана 2000-жылдары эки жолку парламенттик шайлоодо Ат-Башы жана Нарын райондук округдардан ат салышкан, бирок утулуп калган. Жергиликтүү тургундар ошол шайлоолордо Жолдошбаевдин бекер көмүр таратканын эмдигиче эстеп жүрүшөт.

Жолдошбаев парламентке 2005-жылы Бишкектеги шайлоо округдарынын биринен шайланып келген. Ошол учурда Каныбек Иманалиев, Тайырбек Сарпашев жана Эмилбек Каптагаев өңдүү адамдар түзгөн “Туран” партиясында жүргөн.

Парламенттин бул чакырылышы 2007-жылы мөөнөтүнөн мурда таркатылган. Андан кийин Жолдошбаевдин “Ата Мекен” партиясына да ыктаган жайы бар. Ал 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмеси менен шайланып келди.

Мандатынан корккон депутат

Жолдошбаев ачуусу чукул, орой, "чоң муштум" адам катары белгилүү. Быйыл жыл башында журналист Семетей Талас уулу менен чатакташканы коомчулукта чоң талкуу жараткан. Журналисттин айтымында, парламентке өз иштери менен келгенде мурдагы жазган материалдары боюнча жаалданып, депутат ага кол көтөргөнгө чейин барган:

- Элге кылган мамилеси, боюнда бар аялды ичке тепкени жана башка иштери боюнча жазгам. Ошого тиш кайрап жүргөн. Убагында чалып коркутканда "билгениңди кыл" дегем. Ал маселе ошол боюнча эле калды, зөөкүр болсо эми эмне кылалы? Мен эч жакка арыз деле жазган жокмун. Ал кечирим деле сураган жок. Башында киши салып жатты, мен аларды кабыл албай койдум. Ал мени буту менен тепкиледи, жансакчылары арачалап жатканда буту менен тээп-тээп калып жатты. Менин ордумда бирөө болгондо башым айланып, жүрөгүм ооруп жатат деп ооруканага жатып, арыз жазып, парламенттин этика комитетине кайрылып ызы-чуу кылмак. Мен теңелген жокмун. Биринчиден, ушундай адамдардын журналисттерге кол көтөрсө арты кандай болоорун көрсөттүм. Экинчиден, ортого салган кишилери менен жолукпай, бардык эле иш акча менен бүтпөй турганын көрсөткүм келди.

Камчыбек Жолдошбаев азырынча олуттуу мыйзам долбоор жазып сунуштай элек. “Референдум жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү талкууланып жатканда "бул мыйзам парламентти таратууга жол ачат, кабыл алынып калса мөөнөтүбүздөн мурда тарап кетишибиз мүмкүн" деп өтө камтама-сарсанаа болгон депутаттардын бири.

Эт, сүт, колбаса...

Парламенттин жыйындарында ар кандай маселелер көтөрүлгөндө Жолдошбаев такай өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районуна байланыштуу, эт-сүт тууралуу көйгөйлөрдү айтат. Колбасага байланышкан маселени да көтөргөн:

- Мына ушул жерде отурган депутаттардын баары колбаса жейт. Эттин баасы 330 сом, ал эми колбасанын баасы 280 сом. Жүз уй алып келсе, ошонун жыйырмасынын эти карарып кеткен. Андай этти 60-70 сомдон алып келип жатат. Силер дагы колбаса жегенде байкагыла. Чыныбай Акунович, карабайсызбы, баарыбыз эле жейбиз. Ошол жердеги ветеринардык кызмат 60-70 сомдук этке уруксат берип атат. Ал колбасаны биз балдарга, конокторго берип жатабыз.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Камчыбек Жолдошбаев жарандык активист Рита Карасартова акыйкатчы кызматына талапкер болуп жатканда анын кийимине асылган жайы бар. Анын фракциялашы Тазабек Икрамов спортко салым кошуп жатканын белгиледи:

- Мен анын андай деле жаман жагын көрө албадым. Депутат, аксакал катары сыйлайбыз. “Беш-Сары” деген команда түзүп, спортчуларды көп колдоп, айлык төлөп, спорт залдарды ачкан. Негизи спортко салым кошуп келатат. Адам деген баарына эле жага бербейт. Бирөө жакшы көрсө, бирөө жаман көрөт дегендей. Ал кыялды эч ким тыя албайт. Анча-мынча адамга орой мамиле жасап коюшу мүмкүн. Бетке айтат, орой сөздөрдү көбүрөөк сүйлөйт. Бул эми бардыгына эле белгилүү болуп калды. Жөнөкөй эле жарандарга эле эмес, министрликтердин өкүлдөрүнө, жыйындарда деле катуу, орой эле сүйлөп жатпайбы. Негизи Кыргызстанга салым кошуп, биздин спортчуларды колдоп, көп салык төлөп жаткан адам.

Сыйлыгы көп, сыйы канчалык?

Ал арада Жолдошбаев түптөгөн, ушул тушта кызы башкарып жаткан “Беш-Сары” соода комплексинде нааразылыктар бар экени маалым болду. Бул жайда соода кылган Алия Абдыкадырова Камчыбек Жолдошбаевдин айынан соода ордун тапшырып кетип жатканын, каржылык мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү органдарга арыз жазганын айтып берди:

- Биз бул жерде 2010-жылдан бери отурабыз. Ижарага жай алганбыз. Акысын убагында төлөп жатканбыз. Келишим боюнча биздин ижара акыбыз тогуз миң сом деп жазылып жүрөт. Бирок биз айына 60 миң сом төлөчүбүз. Башында орой мамиле жасачу эмес, анда биздей эле жөнөкөй эле жаран болчу. Баарын депутат болгондон кийин эле баштап жатпайбы. Келип алып кагып-сөгүп кетет. "Туура эмес кылдыңар" дейт. Ушул окуя 2-сентябрда болуп жатат. Эртеси биздин ордубузду жаап коюшту, "беш күндөн кийин ачып, товарыңарды алып кеткиле" деп талап кылышты. Биз орунду бүгүн бошотуп берип жатабыз. Эч кандай чара көрө албайт экенбиз, колубуздан эч нерсе келбейт экен. Болгону Салык кызматы менен Финполицияга арыз жаздык.

Бишкек шаарынын тургуну Улан Турдалиев “Беш-Сарыда” чакан ашкана иштетчү экен. Ал дагы Камчыбек Жолдошбаевге нааразы экенин билдирди: ​

- Биз менен бир жыл бою келишим түзбөй койду. Кагаз түрүндөгү келишимди кызы мына-ана даярдайбыз деп созуп, бир жыл ңберген жок. Акыры ар шылтоону айтып, ар нерсеге кийлигишип, урушуп-талашып жүрдүк. Чыгып кетебиз деп камынып калганда кудасы келип "мына, сүйлөшүп койдум, эми сага тийишпейт" дейт, эки-үч жума тынчып калат да кайра эле баштайт. Акыры чыдабай ал жактан чыгып кеттим. Ал Кыргызстанда ушундай жалгыз киши. Кантип ушундай адамга президенттин, бир дагы фракция лидеринин алы жетпейт деп ойлойм. Кантип ушундай адам депутат болуп, адеп-ахлак жөнүндө сүйлөйт? Элге чыкканда башка адам болуп, чыныгы турмушта башкача адам экен.

Кантип ушундай адам депутат болуп, адеп-ахлак жөнүндө сүйлөйт? Элге чыкканда башка адам болуп, чыныгы турмушта башкача адам экен.
Улан Турдалиев

Жолдошбаев соодагерлердин, базарда иштегендердин мына ушундай дооматтарынын баарын четке кагып келген. Анткен менен андан башка бир дагы базар иштеткен, кийин чоң саясатка аралашып жүргөн адамга мынчалык көп сын-доомат айтылбайт.

Жолдошбаевдин наамдары, сыйлыктары көп. 2003-жылы “Даңк ” медалын алган. “Манас-1000”, “Ош-3000” жана “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы” сыяктуу эстелик медалдардын ээси.

Дене тарбия жана спорт академиясынын, Бишкек гуманитардык университетинин жана Эл аралык чыгармачылык академиясынын ардактуу профессору. Волейбол, ат оюндары жана "Белбоо күрөшү" федерацияларында жетекчилик кызматтарда жүрөт.

XS
SM
MD
LG