Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Президенттин “сол колу”


Президент Алмазбек Атамбаевдин референдум өткөрүү тууралуу тапшырмасынын аткарылышын анын аппарат башчысы Фарид Ниязов көзөмөлдөп жатат.

Өткөн айда Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин колдогондор менен ага каршы чыккандар чогулганда Ниязовдун катуу туруп, оппоненттерин кагып-силкип сүйлөгөнү айрыкча аны жакындан билгендерди таң калтырды.

Саясий жооптуу кызматка журналистикадан келген, саясий дымагын билгизбеген Ниязов адатта өтө этият жүргөн, эч кимдин көңүлүн оорутпай улуу-кичүү баарына “сиз” деп кайрылган, жупуну мамлекеттик ишмер катары белгилүү болчу.

24-августта Бишкекте бийлик, оппозиция жана жарандык коом өкүлдөрүнүн жыйыны курч өткөн эле. Президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандарды жалган түшүндүрмөлөр менен элдин башын маң кылып жатат деп катуу сынга алган:

- Элге бийлик эмес, жарандык коомдун өкүлдөрү жамынып жатат. Бир ай ичинде Баш мыйзамдын 144 беренесин жазып чыккандар алты жылда Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү даярдоо мүмкүн эмес деп жатат. Мындай кылган туура эмес. Бул демилгеге каршы чыгып жаткандар калпты таратып жатасыңар. 2020-жылга чейин Баш мыйзамды өзгөртпөш керек дегениңер калп. Жогорку Кеңеш алсыз болуп калат дегениңер калп. Премьер-министр бийликти узурпациялап алат, Атамбаев бийлигинин мөөнөтүн узартат дегениңер да жалган. Ага мунун кереги жок экенин өзү бир канча жолу айткан. Конституциялык палата алсыз болуп калат деген да чындыкка коошпойт, тескерисинче, күчөп жатат.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Фарид Ниязовдун сынына ошол жерден дароо жооп кайтарган болчу:

Адам катары жупуну жүрөт. Бардык сынды, түрдүү пикирди угат. Адилеттүү мамиле жасаганга аракет кылат.
Жанар Акаев

- Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атада маалымат жыйын өткөргөндө Обама, Эрдоган, Назарбаевден баштап Чубак ажы менен Бекназаровго чейин 20 адамга тийишип капа кылды. Мен баарын капа кылуу боюнча Атамбаевден ашып түшкөн рекордсмен жок го деп ойлодум эле. Бүгүн бар экенин көрүп атам. Бул – Фарид Ниязов. Келип алып "баарыңар кем акылсыңар, баарыңар жалганчысыңар, кебетеңерди күзгүдөн карагыла" деди. Ушундай учурда кантип ымала, элдин, жарандык коомдун пикирин сыйлоо тууралуу сөз болсун? Мен Фарид Ниязовдон анын депутаттарга болгон мамилеси да кандай экенин билгим келет. Менимче, алар тууралуу дагы ою ушул айтылган баадан өтө деле айырмаланбайт болушу керек.

Фарид Ниязовду мындай өктөм сүйлөгөнүнө айрыкча аны жакындан билгендер катуу таң калган.

Журналистикадан саясатка

Белгилүү диктор Абилезим Ниязовдун уулу Фарид Ниязов 1958-жылы Бишкекте туулган. Кыргыз айыл чарба институтунда Гидромелиорация жана гидротехника адистигин окуган. Бирок өз кесиби менен дээрлик иштеген эмес.

Окууну бүткөндөн кийин 1982-жылдан Кыргызстан эгемендик алганга чейин ар кандай комсомолдук кызматтарда жүргөн. Фарид Ниязов журналистикага 1991-жылы келген, 1993-жылга чейин орусиялык “Комсомольская правда” гезитинин кабарчысы жана Кыргызстан боюнча басылманын коммерциялык өкүлү болуп иштеген. Андан кийин өкмөткө барган.

Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов (сол жагында)
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов (сол жагында)

1995-жылга чейин Тышкы иштер министрлигинин иш башкармалыгынын жетекчиси, министрдин жардамчысы, вице-премьер-министрдин жардамчысы өңдүү кызматтарды аркалаган. 1995-1996-жылдары ошол кездеги президент Аскар Акаевдин маалымат кызматын жетектеген. Андан кийин бир жылдан ашык убакыт Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын аппаратын башкарган. 1997-1999-жылдары “Акыл” ачык акционердик коомго төрагалык кылган. Өкмөткө келип аппараттын маалыматтык бөлүмүн үч жылдай башкарган.

Фарид Ниязов 2001-жылы кайра журналистикага кайткан. Беш жыл “Комсомольская правда - Азия” басылмасынын өнүктүрүү боюнча долбоорлору боюнча директору болгон. 2005-жылдан 2010-жылы апрель окуяларына чейин орусиялык “Коммерсант” гезитинде штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштеген жана “Бек Орозалиев” деген псевдоним менен ошол кездеги бийликти кескин сындаган материалдарды жазган.

Ал 2010-жылы бийлик алмашкандан бери Алмазбек Атамбаевди жандап жүрөт. Убактылуу өкмөттүн, андан кийин президенттин администрациясынын маалыматтык-координациялык борборлорун жетектеген. Атамбаев премьер-министр, андан кийин президент болгондо анын кеңешчиси болгон. Былтыр ошол кездеги президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев чуулгандуу иштерден улам кызматтан кетип, камакка алынгандан кийин анын ордуна дайындалган.

Фарид Ниязовдун 90-жылдары журналисттик чөйрөдө жүрүп таанышкан Камил Баялинов менен Кабай Карабековдун жеке мамилелери бар экени белгилүү. Аскар Акаевдин биринчи маалымат катчысы болгон Камил Баялиновдун Фарид Ниязовдун карьерасында ролу чоң экени айтылып жүрөт. Бирок анын эки жакын досу азыр саясаттан алыс жана мамлекетти кызматка келишкен жок. Камил Баялинов көп жылдан бери чет өлкөдө жашайт.

Ал эми алгач Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болгон, андан кийин Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясынын тизмеси менен парламентке келген Кабай Карабеков кайра журналистикага кайткан.

"Кичипейил кызматкер"

Журналист-аналитик Турат Акимовдун айтымында, анын Алмазбек Атамбаев менен жакындыгы 2009-жылдары президенттик шайлоо маалында башталган:

- Фарид Ниязов Аскар Акаевдин биринчи маалымат катчысы Камил Баялиновдон тажрыйба алган адам. Баялинов болсо күчтүү аппаратчыл интриган катары таанылган. Кабай Карабеков менен “Коммерсант” деген гезитте чогуу иштеген, дасыккан журналист. Маалыматтык стрингер катары катуу иштеген бала. 2009-жылы президенттик шайлоо маалында Алмазбек Атамбаевдин штабында иштеп, пиар-кызматын жетектеп берген. Орусиядан келген саясий технологдорго кошулуп иштеген. Ошондуктан Атамбаев буга аябай ишенет, анын ишенимине кирген. Азыр анын зоболосу көтөрүлүп, даражасы чоңоюп келаткан кези.

Фарид Ниязов 1999-2001-жылдары ошол кездеги премьер-министр Амангелди Муралиевдин аппаратынын маалымат бөлүмүн жетектеп турган. Муралиев Ниязовду жогорку саясий деңгээлге жете элек деп баа берди:

- Эми биз бир топ эле аппарат жетекчилерди көрдүк. Мисалы, Медет Садыркулов ишти билген, кызматты жакшы уюштурган киши эле. Фарид Ниязов таарынбасын, бирок ал жогорку саясий деңгээлге жете элек. Аппараттын иши деле көзгө көрүнбөйт. Эми анын чамасы ар кандай мааракелерди, той-топурларды уюштурганга жетсе керек. Бирок стратегиялык маселелерди чечкенге жардамы көп деле тийбейт окшойт. Күнүмдүк иштер боюнча кеңеш берип, балким докладдарды жазганга жардам берет, бирок аппарат башчысынын кадыр-баркы анча деле байкалбайт.

Мен баарын капа кылуу боюнча Атамбаевден ашып түшкөн рекордсмен жок го деп ойлодум эле. Бүгүн бар экенин көрүп атам. Бул – Фарид Ниязов.
Өмүрбек Текебаев

Анткен менен Фарид Ниязовдун адамдык сапатын айтып мактагандар арбын. Өкмөттүк унааларды айдаган айдоочулар аткаминерлер арасында Ниязов эң кичипейил экенин көп кеп кылышат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку маалымат катчысы, Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жанар Акаев жупуну, бай-манаптык мүнөз күтпөгөн мамлекеттик кызматкер экенин кеп салды:

- Байып калайын, бир жерди менчиктеп алайын, кызматта турганда каражат чогултуп алайын деген ою такыр жок. Бардык адамдарга, аппараттын жөнөкөй кызматкерлерине да сылык-сыпаа кайрылган жөнөкөйлүк сапаты бар. Эң башкысы, абдан мекенчил, мамлекетчил сапаты бар. Анын саясий ишмердиги же анын Конституцияга болгон көз карашы өзүнчө кеп. Бирок адам катары жупуну жүрөт. Бардык сынды, түрдүү пикирди угат. Адилеттүү мамиле жасаганга аракет кылат. Кыргызстанда чиновник десе эле менменсип бой көтөргөн, бирөөгө кол чатыр карматып койгон адамдарды эстейт эмеспизби. Фарид Ниязовдо андай сапат жок.

Фарид Ниязовдун аты былтыр жазында “Вечерний Бишкек” гезитинин чуусуна байланыштуу аталган. Бул басылманын ошол кездеги ээлери рейдерлик басып алуу болуп жатканын жана анын артында президенттин мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиев, ошол кездеги президенттик аппараттын жетекчи орун басары Икрам Илмияновдон сырткары Фарид Ниязов да турат деп ачык эле жарыялаган. Ниязов дооматтарды четке каккан.

Атамбаев мурунку жансакчысы, уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү, оор кылмыштар боюнча айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган, бирок бир эмес, эки жолу абактан бошоп чыккан Эркин Мамбеталиев менен байланышы жок деп атайын комментарий берген.

Алмазбек Атамбаев аппаратынын жетекчисинин орун басары даражасындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду "оң колу" экенин айткандан бери Фарид Ниязовду тамаша-чыны аралаш президенттин “сол колу” деп атап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG