Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

“Вечерний Бишкектин” кызматкерлери айлыксыз калышты


Бул тууралуу "Азаттыкка" “Вечерний Бишкектин” адвокаты Сергей Воронцов билдирди. Анын айтымында, басылмада иштеген 260 кызматкер маянасыз калды.

30-июнда болгон сот отурумунда Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин адвокаты сотко доогер талап кылган 50 миллион сомду өндүрүү максатында “Вечерний Бишкек” басылмасынын айрым банктык эсептерин жана унааларын камакка алуу өтүнүчүн келтирген. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды. “Вечерний Бишкек” басылмасы соттун бул чечимине макул болбой, шаардык сотко арызданганы жатат. Мындан улам сот жараяны белгисиз мөөнөткө калган.

"Вечерний Бишкектин" мурдагы негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Рябушкин сотко кайрылып, акциялардагы өз үлүшүн талап кылган. Рябушкиндин арызын Бишкек шаардык соту канааттандырган.

Мындан соң басылма президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, аны рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жүрүп жатканын, артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Президенттик аппараттын жетекчисинин ошол кездеги орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турушу мүмкүн экенин билдирген.

Эркин Мамбеталиев “Вечерний Бишкек” басылмасын сотко берип, кадыр-баркыма шек келтирди деп 50 миллион сом талап кылууда. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG