Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Мэр Кадырбаевдин КСДПга жаккан сыры


Президент Алмазбек Атамбаев жана мэр Айтмамат Кадырбаев
Президент Алмазбек Атамбаев жана мэр Айтмамат Кадырбаев

Ош шаарынын мэрлигине кайрадан Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Аны бул кызматта экинчи мөөнөткө калуусун Ош шаардык кеңешиндеги КСДП баштаган көпчүлүк коалиция сунуштады.

Бирок адистер мурда соттолгон жарандар жаңы мыйзамдарга ылайык мэрликке дайындалбашы керектигин эскертүүдө. Кадырбаевге 2010-жылы облустук акимчиликти басып алган деген айып менен кылмыш иши козголгон.

Бир добуштан колдоо тапкан талапкер

Ош шаардык кеңешиндеги КСДП, “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракцияларынан турган “Мыйзам жана ыйман” коалициясы Айтмамат Кадырбаевди дагы бир мөөнөткө мэрликке шайлоого макул болушту. Бирок алгач демилгени социал-демократтар көтөргөн.

Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары, КСДП фракциясынын депутаты Шакир Зулимов буларга токтолду:

- Мэр Айтмамат Кадырбаевдин эки жылдык ишин баалап, калааны өнүктүргөнүн эске алып жана алдыга койгон пландарын көрүп чыгып, шаардык кеңештеги КСДП фракциясы аны кайра мэрликке шайлоону сунуштады. Биздин фракция толук колдогондон кийин, сунушту көпчүлүк коалицияга алып чыктык. Алар да эч кандай каршылыксыз, бир добуштан Кадырбаевдин талапкерлигин колдоп беришти.

Ош шаардык кеңеши
Ош шаардык кеңеши

Шаардык кеңештеги оппозициялык азчылык 25-майда өтө турган мэрди шайлоого талапкер сунуштай элек. “Республика Ата-Журт” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары азырынча кеңешип жаткандыгын айтышса, “Кыргызстан” фракциясынын жетекчилиги мэр шайлоо процессинен кабары жоктугун билдирди.

Бирок ишенимдүү булактардын кабарлашынча, бул үч фракция тең мэрликке талапкер алып чыгышпайт. Натыйжада Айтмамат Кадырбаев альтернативасыз шайлоого катышат.

Жергиликтүү эксперт Эркин Абдыразаков буларды айтты:

- “Эшегине жараша тушагы” дегендей эле болуп жатат. Азчылык коалицияны оппозиция деп айтканга деле ооз барбайт. Анткени булар ишти баштабай жатып “хоп, мейли” деген компанияга айланып калышты. Алар саясаттын багыты кайсы тарапка ооп кетерин билбей “бул шайлоодон кийин президенттик шайлоо болот, ага чейин бир тарапка ообой, жаман көрүнбөй туралы” дегендей мамиле жасап жатышат. “Республика Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” фракцияларынын депутаттары ошого мэр шайлоодон кийин майлуу-сүттүү кызматтарга барабыз деп азыртадан эле жүгүрүп жатканы жашыруун эмес. Өткөндө альтернативасыз, оппозициясы, позициясы бириккен 45 депутат шаардык кеңештин төрагасын бир добуштан кандай колдоп беришсе, эми мэр шайлоодо деле ошондой сценарий кайталанат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Ошко болгон сапары учуру. 2016-жыл, 16-март
Президент Алмазбек Атамбаевдин Ошко болгон сапары учуру. 2016-жыл, 16-март

Ал эми серепчи Сабыр Арстанов болсо Кадырбаевдин бийликке жаккан сырын мындайча чечмеледи:

- Негизи азыркы бийликтин кадр саясатын түшүнүү деле кыйын болуп турбайбы. Өздөрү акаевчи, бакиевчи деп алып, кайра ошол кадрларды четинен бийликке алып келип жатышат. Кадырбаевдин да мисалы ушуга окшош. Алгач убактылуу эле турат деп айтылып жатканы менен бийлик муну дагы узакка чейин мэрликке койгону жатат. Менимче Айтмамат Кадырбаев мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду кетирип берген "кызматын" дагы деле пайдаланып жатат. Анан Кадырбаев республикалык деңгээлдеги маселелерде позициясын так билдирбей, чоң жетекчилерге каяша айтпай, "унчукпас" болуп иштеп бергени да КСДПнын лидерлерине, президентке жакса керек.

“КСДПчыларды” кууп чыккан...

Ошол эле учурда азыркы мэр Айтмамат Кадырбаевди КСДП партиясынын кайрадан колдоп жатышы адистерди таң калтырууда. Анткени 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Оштогу КСДП партиясынын өкүлдөрүн облустук акимчиликтен кууп чыккандардын башында Кадырбаев турганы белгилүү.

Апрель окуяларынын катышуучусу, серепчи Төлөгөн Келдибаев бул жагдайларды "КСДПнын өзүн өзү маскаралоосу" деп атады:

- Революциядан кийин убактылуу өкмөт Ошто өзүнүн бийлигин орното албай, элди толук башкара албай алсыз абалда болчу. Ошондон пайдаланып 2010-жылы 13-майда Айтмамат Кадырбаев менен Мамасадык Бакиров баштаган топ, уюшкан кылмыштуу топтун жардамы менен Ош облустук акимчиликти басып алган. Алар Оштогу башкы КСДПчы, ошол кездеги убактылуу өкмөттун өкүлү, азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду командасы менен кууп чыккан. Облустук бийлик имаратын ээлеп алгандар ал тургай Айтмамат Кадырбаевди "элдик губернатор" деп да жарыялап жиберишкен. Кийин “Ата Мекен”, КСДП партиясынын өкүлдөрү кайра бийликти араң алышкан. Эми өздөрүнө контрреволюция кылган Кадырбаевди КСДП кайра өзүнө башчылыкка сунуштап жатканына сөз жок.

Айтмамат Кадырбаев Ош облустук акимчиликти басып алып, Убактылуу өкмөттү тааныбай турганын жарыялап жаткан учуру. 2010-жыл, 13-май.
Айтмамат Кадырбаев Ош облустук акимчиликти басып алып, Убактылуу өкмөттү тааныбай турганын жарыялап жаткан учуру. 2010-жыл, 13-май.

Аталган окуяга байланыштуу Айтмамат Кадырбаевге кезинде кылмыш иши козголуп, мамлекеттик төңкөрүш жана массалык башаламандык уюштурган деп айып тагылганы белгилүү. Кийинчерээк Ош шаардык соту аны бир жылга эркинен ажыраткан.

2014-жылы ал мэрлик кызматка аттанганда шашылыш жагдайда анын соттолгондугу жоюлган. Муну көпчүлүк ошо кезде саясий соодалашуунун жыйынтыгы деп түшүндүрүшкөн. Борбордук бийликке экс-мэр Мелис Мырзакматовду сүрүп чыгаруудан тайсалдабаган киши керек болуп, алар Кадырбаевди тандагандыгы айтылган.

Соттолгон-соттолбогон, акталган-акталбаган...

Бирок адистер бул жолу шаар башчылыгына кылмыш иштерге аралашпаган киши сунушталат деп күтүп жатышкан. Анткени “Ош шаарынын статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, калаа жетекчилигине соттолгон адам шайланбашы керек деген норма жазылган. Жогорку Кеңештин депутаты, юрист Алманбет Шыкмаматов:

- Мурда соттолуп, бирок айып пул менен чыккан адамдарды, кээ бирлери мөөнөтү өтүп кетсе “соттолгондугу жоюлган" деп жатышпайбы. Бирок ал коомдун алдында баары бир кынтыксыз, моралдык таза адам деп айтууга кыйын да. Ошондуктан эгер жаран соттолуп же соттолгондугу жоюлган болсо да президенттикке, парламенттин депутаттыгына, судьялыкка жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлигине кызматка келбеши керек деген мыйзам бар. Аны эл өкүлдөрү кабыл алып, президент кол койгон, ал мыйзам күчүндө. Негизги стратегиялык калаа деп “Борбор шаардын статусу жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына да ошондой норма кирген. Ошондуктан мэрликке сунушталган адам үлгү катары эч кандай кылмыш иштерине аралашпаган, өзгөчө мамлекеттик түзүлүшкө каршы турбаган адам болушу шарт. Анткени ага коомчулуктун акаараты болбошу керек, “өзүң да ушундай кылмышкерсиң” дебегидей таза киши болушу керек.

Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн ачылышы. 2015-жылдын 28-октябры.
Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн ачылышы. 2015-жылдын 28-октябры.

Айтмамат Кадырбаев 2014-жылдын 15-январынан бери Ош шаарын башкарып келет. Эки жылдан ашыгыраак жумушунда анын башкы жетишкендиги эстакада көпүрөсүн курганы жана андан ашкан акчага дагы бир көпүрө салганы болуп калды. Шаардагы автобекетти калаа сыртына көчүргөнү, эс алуу бактарын иретке келтиргени да макталып келет.

Бул убакытта Кадырбаев жакындарына байланыштуу терс иштери менен да таанылды. Былтыр анын жубайы Чолпонай Исмаилова Ош шаарындагы жалгыз соттук-медициналык экспертиза борборунун имаратын менчиктештирип алганы ачыкка чыкса, быйыл жыл башында мэрдин бир тууган эжеси Заркөкүл Кадырбаева автоунаасынын терезелерин уруксатсыз караңгылатып айдап жүргөнү үчүн токтотулуп, бирок жол кайгуулчулар түзгөн протоколго баш бербей койгону жарыяланган.

Аз күн мурдараак болсо мэр өзүнүн классташы Орозгүл Бектанованы Оштогу “Байчечекей” бакчасынын директорлугуна алып келип, колдоп жүргөнү белгилүү болду.

Кадырбаев мэрликке чейин Ош облусунун губернаторунун орун басары, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

“Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, жаңы келген шаардык кеңеш жаңы мэр шайлашы керек. Депутаттардын да, мэрдин да иш мөөнөтү төрт жыл.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG