Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Мырзакматов баштаган көпүрөнү Кадырбаев бүтүрдү


Жаңы көпүрө
Жаңы көпүрө

28-октябрда Ош шаарындагы кошкабат көпүрөнүн курулушу аяктады. Анын ачылышына катышкан президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын тургундарын көпүрөдөй эки жээкти бириктирип, көтөрүмдүү жана ынтымактуу болууга чакырды.

Ош шаарынын башчысы Айтмамат Кадырбаев бул көпүрөнүн курулушунан өөнөп калган каражатка дагы бир көпүрө курууга камынып жатканын билдирди.

2013-жылы мурунку мэр Мелис Мырзакматов тарабынан демилгеленген көпүрө бүтүп, 28-октябрда ачылышы болду. Бул ири долбоор Мырзакматов пландагандай, элден чогулган сөйкө-шакек менен эмес, Орусиядан келген кредиттин эсебинен каржыланды. Анын ачылыш салтанатына келген президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүн көпүрө курулушуна керектүү каражатты орус бийлигинен сураганга мажбур болгонунан баштады. Атамбаев Оштогу акыркы жылдардагы ири курулуштардын бири дагы жергиликтүү бийликтен каржыланбаганын айтты.

Алмазбек Атамбаев көпүрөнүн ачылышында
Алмазбек Атамбаев көпүрөнүн ачылышында

- Ушул жерден ачык айтып коеюн. Акыркы беш жылда Ош шаарында курулган ири долбоорлордун бири дагы Ош мэриясынын каражатына салынган эмес. Ошол кездеги мэр тарабынан бир тыйын бөлүнгөн эмес. Тескерисинче, акчалар уурдалган болушу мүмкүн. Ачылыштарда тасмалар кесилген. Анткени Атамбаев ал кезде Ошту эртерээк калыбына келтирүү үчүн каражат издеп жүргөн...

Калаа ортосунан өткөн Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бириктирүүчү негизги делген төрт көпүрөнүн бири ушул Навои көчөсүндөгү өтмөк болчу. Бул көпүрө аркылуу күн сайын 30 миңдей унаа өтүп жүргөн. Жаңы көпүрөнүн сапатын текшерип жатып Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ага кеткен чыгымдар мурунку долбооруна караганда үнөмдүү болгонун айтты. Салынган көпүрөнүн өзү 265 метр, ал эми көпүрөнүн эки жагын улай салынган жалпы жолдун 1200 метрден ашат.

- Көпүрөнүн узундугу 265 метр. Туурасы 24 метр. Төрт катар унаа жүрүүчү бөлүгү 19,5 метр. Жөө жүргүнчүлөр басуучу жолчосу 1,5 метрден болду. Көпүрөгө жалпысынан 564 млн. сом каражат жумшалды. Жеке менчиктеги 34 объект бузулду. Анын компенсациясына 120 млн. сом төлөп берилди. Курулуш өз мөөнөтүнөн алты ай эрте бүттү. Жыйынтыгында 105 млн. сом акча каражаты үнөмдөлдү. Ал акчага жакынкы күндөрдө Ленин жана Исанов көчөлөрүн бириктирүүчү дагы бир көпүрөнүн курулушун баштайбыз.

Көпүрөнү ачуу учурунда. Оштун губернатору Сооронбай Жээнбеков, президент Алмазбек Атамбаев жана мэр Айтмамат Кадырбаев.
Көпүрөнү ачуу учурунда. Оштун губернатору Сооронбай Жээнбеков, президент Алмазбек Атамбаев жана мэр Айтмамат Кадырбаев.

Президент Атамбаев көпүрөнүн ачылыш салтанатынын акырында президент катары өлкө тынчтыгын тилеп, өзү бата кылды.​ ​- Ош шаарынын тургундары, Ошту сүйүп жашагандар ушул көпүрөдөй болуш керек. Мына ошол үчүн ушул көпүрөнүн ачылышына келип отурам. Ош шаарынын ар бир тургуну ушул көпүрөдөй эки жээкти, эки тарапты, эки улутту, эки көчөнү, эки үй-бүлөнү, бүт Кыргызстанды бириктирип туруш керек. А бөлгөндөрдү айдаш керек, хан деп кыйкыргандын ордуна. Мен эгер уруксат берсеңер президент катары өзүм бата берип койсом. Оо, жаратканым, ушул Ош шаарыма, тынчтык, ынтымак бере көр. Эч качан кан төгүлбөсүн. Жаратканым, кыргыз элине ынтымак, жерине береке бере көр. Оомийн!

1953-жылы курулган Навои көчөсүндөгү эски көпүрө аркылуу эки катар гана унаа өтчү. Жаңы көпүрөнүн өткөрүмдүүлүгү эки эсе көбөйгөн. Андан сырткары Атаке баатыр көчөсү да мурдагыдай Навои көчөсү менен кесилишпей, көпүрө астынан тоскоолдуксуз өткөрүлгөн. Учурда адистер жаңы көпүрө Ош шаарындагы унаа тыгындарын 25-30% азайтат деп болжошууда. Аны жумуштарын “Сафари” курулуш компаниясы аткарды.

Көпүрөнүн ачылышында
Көпүрөнүн ачылышында

Навои көчөсүндөгү кошкабат көпүрөнүн курулушу 2013-жылы октябрда башталган. Аны ошо кездеги шаар башчысы Мелис Мырзакматов “кылым курулушу” деп атап, көпүрө 2015-жылдын жазында ишке берилерин ырастаган. Бирок, эки-үч айдан кийин шаар башчы өзү кызматтан кетип, көпүрөгө байланыштуу кылмыш иши козголуп, сыртынан жети жылга соттолгон. Ага Оштун мэри болуп иштеп турганда кошкабат көпүрөнү курууда 30 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айып тагылган. Мырзакматов муну саясий куугунтук деп атап келет. Ал ушу тапта чет өлкөдө баш калкалап жүрөт.

Экс-мэр соттолгондугуна байланыштуу 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого да катыша алган эмес. Ал шайлоого "Ата Мекен" партиясы менен бармакчы болгон. ​

Мелис Мырзакматовдон кийин Ош шаарына Айтмамат Кадырбаев мэр болуп шайланган.

Ош: эстакада көпүрө бүттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

XS
SM
MD
LG