Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:51

Ош: бала бакчадагы чууда мэрдин аты аталды


"Байчечекей" бала бакчасы
"Байчечекей" бала бакчасы

Ошто жумуштан бошотулган тарбиячылар өздөрү иштеген “Байчечекей” бакчасында наристелерге курттаган тамак берилгенин, балдар мажбурлап иштетилгенин ачыкка чыгарышты.

"Директордун артында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тургандыктан аны эч ким кызматтан ала албай жатат дешет" иштен айдалган кызматкерлер. Айыпталган тараптар муну куру доомат деп атоодо.

“Байчечекей” бала бакчасында жалпы 13төй кызматкер болсо Орозгүл Бектанова жетекчи болуп келген жарым жылдан бери анын ону жумуштан айдалган. Алардын айрымдары жетекчи себепсиз куугунтуктап иштен кетиргенин айтышса, көбү бакчадагы кемчиликтер үчүн директорду сындап жиберип иштен кол жуугандыгын белгилешет.

Ал кемчиликтердин эң үрөй учурганы балдарга курттаган тамактардын берилгени. Тарбиячы Гүлбурак Айдарова ошол маселени көтөрүп чыгып иштен айдалгандардын бири:

Бала бакчадагы тамак жасоо учуру.
Бала бакчадагы тамак жасоо учуру.

- Орозгүл Бектанова былтыр жайда директор болуп келгенден баштап эле балдардын тамагына кетчү акчаны үнөмдөп, арзан азык-түлүк ала баштаган. Бир айда 17 миң сом, бир айда 8 миң сом нак ашырып алганына мен жеке өзүм күбө болгом. Ошентип жатып былтыр 6-октябрь күнү балдарга берилген тамактан курт чыгып калган. Көрсө Бектанова арзанына кызыгып, мөөнөтү өтүп кеткен макарондорду сатып келген экен. Биз “бул тамакты кантип балдарга беребиз?” десек, директор “эч нерсе болбойт, курт өлүп калган, аны сузуп алып туруп, калганын балдарга бергиле” деген. Бирок биз берген эмеспиз. Аны балдар да, ата-энелер да билет. Кийин Санэпидемстанциянын кызматкерлери келгенде, бул окуяны аларга да айтканбыз. Ошондон кийин Бектанова “силер мени жамандайсыңар” деп бизди куугунтуктап жүрүп иштен кетирди.

Аз күн мурдараак иштен кеткен бакчанын музыканты Бегайым Жумаева болсо жетекчинин балдарды иштетип жатканын сындай коюп жумуштан куулганын айтты:

- Ортончу тайпанын балдарын идиш-аяктарды жуудуруп, казан-табактарды ташытып жатканын көрүп калдым. Дагы бир топ балдарды сыртка таштанды көтөртүп иштетип жатканын да өз көзүм менен көрдүм. Бул болгондо да түштө уктоо мезгили учурунда болуп жатат. Ал тайпанын тарбиячылары болсо ошол директордун өзүнүн жакындары, алар DVD көрүп отурушат. Анан мен “эмнеге балдарды иштетип жатасыңар, эмнеге булар уктай турган маалда укташпайт?” деп айтсам эле директор “сенин ишиң эмне, сен кыйын болуп калдыңбы?” деп эле кыйкырып кетти. Мен ата-энелерди чакыртарымды айтсам, ал кайра “тез арызыңды жаз” деди. Анан айласыз арызымды жазып берип кетип жатам.

"Байчечекей" бала бакчасы
"Байчечекей" бала бакчасы

Жумуштан бошогон тарбиячылардын айтымында, директор кызматкерлердин айлыктарын да кескин кыскартып, калган акчаны өзү ала берген. Бакчанын чарба боюнча мурдагы адиси Назгүл Апиева да буларга токтолду:

- Кызматка келери менен эле мага асыла баштады. Материалдык каражаттарды, азык-түлүктөрдү талашып, ачкычымды тартып алды. Иштетпеген акчаны "иштеттим деп жаз" деп коркутту. “Бир айга 42 миң сомдук эт алдык” деп акт толтуруп, акчаны бүт өзүнө алып алды. Өзү болсо эки килограмм эт алат, аны ашпозчулар бир апта балдардын тамагына себелетип араң жеткирет. Макаронду сууга кайнатып эле эптеп-септеп бере башташты. Анын баарын айтсам, мени душман кылып алды. Эң акыркы чырыбыз былтыр июнь айында болду. Бакчага 12 миң сомго болоор-болбос азык-түлүк сатып алыптыр да, “100 миң сом жумшалды деп кагаз толтуруп, Билим берүү башкармалыгына барып жаап келесиң” деди. Жок эле нерсени кантип толтурам десем, “анда мен башка кызматкер алам” деп, мени мыйзамсыз жумуштан кетирип тынды.

"Байчечекей" балдар бакчасы
"Байчечекей" балдар бакчасы

Бала бакчанын кызматкерлери Гүлшан Карабаева, Алтынай Төлөнова, Анара Садыкова, Султанай Искендербекова жана Алтынай Каримова да ушундай эле жол менен кызматынан кол жууган. Алар чогуу бул боюнча Ош шаардык билим берүү башкармалыгына да, Ош шаардык мэриясына да арызданып барышкан. Бирок ал жактан тарбиялануучулардын арыз-муңуна жооп болгон эмес.

Тарбиячы Гүлбурак Айдарова кайрадан кепке кошулду:

- Орозгүл Бектанованын мурдагы аты-жөнү Жыпаргүл Эшматова болгон экен. Буга чейин кошунасын уруп салып, түрмөгө олтуруп чыгыптыр. Ошондон кийин атын тазалоо үчүн ысымын Бектанова Орозгүл деп өзгөртүп алыптыр. Бала бакчага Орозгүл эже дайыма мас болуп келчү. Ушулардын баарын жазып, Ош шаардык билим берүү башкармалыгына арызданып барсак, Бектанованы кызматтан алып салышты. Бирок анын эртеси эле Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсановго Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев телефон чалып туруп, “Бектанованы кайра ордуна коюп кой” дептир. Ошого Кимсанов буйругун кайра жокко чыгарган. Бектанова Кадырбаев менен классташ болот экен, аны кызматка да мэр алып келиптир. Ар кайсы жакка арызданып жатсак, Бектанова бизге келип “менин крышам мэр Айтмамат Кадырбаев, ал турганда мени эч ким кызматтан кетире албайт” деди. Ал тургай бизге телефонундагы WatsApp тиркемесинен Кадырбаевдин үнүн да угузду. “Орозгүл, сен кыжаалат болбо, бүт баарын өзүм бүтүрөм, сен ордуңда отура бер” деген мэрдин үнүн мен өз кулагым менен уктум. Артында ушундай чоң колдоо болуп жатканы үчүн ал бакчада каалагандай иш кылып жатат.

Иштен айдалгандардын таарынычы

Айла калбай калганда жумуштан айдалган кызматкерлер былтыр ноябрда бакчанын директору Орозгүл Бектанованы сотко беришкен. ​

"Байчечекей" балдар бакчасынын директору Орозгүл Бектанова жана ал жаңыдан кызматка алган Сакатай Чылманбетова.
"Байчечекей" балдар бакчасынын директору Орозгүл Бектанова жана ал жаңыдан кызматка алган Сакатай Чылманбетова.

Учурда алардын талашы Ош шаардык сотунда каралууда. Ал эми Бектанова өзү бул айыптоолордун баарын куру доомат деп атап, айтылгандарды четке какты:

- Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевди мэр катары тааныйм, бирок жеке тааныштыгым жок. Мен эч жерде соттолгон эмесмин, анын баары жалган. Фамилиямды өзгөрткөнүм чын, аны күйөөмдүн фамилиясына өтүү үчүн алмаштыргам. Мен өмүрүмдө эч кимди урган эмесмин. Жумушка мас болуп келбейм, алардын баары куру каралоо. Кызматкерлердин иштен айдап жибергеним үчүн гана алар мага өчөшүп ушундай жалган жалааларды ойлоп таап жатышат. Мен аларды күнөөсү бар үчүн жумуштан кетиргем.

Орозгүл Бектанованын жеке баракчасы
Орозгүл Бектанованын жеке баракчасы

Адистештирилген №37 “Байчечекей” балдар бакчасында 300дөн ашуун бала тарбияланат. Андагы балдарга курттаган тамак берилгени, наристелер ишке салынганы тууралуу жагдайларга Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги комментарий берген жок.

Мекеменин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Венера Давыдова болсо Бектанова тууралуу буларды билдирди:

- Орозгүл Бектанованын буга чейин соттолгондугу тууралуу бизде маалымат жок. Маалымат-аналитикалык бюродон ал өзүнүн соттолбогондугу тууралуу бизге аныктама алып келип берген. Билими жогорку, беш жылдык педагогикалык стажы болгон. Квалификациялык талаптар боюнча ал бакчанын директорлук кызматына жарайт. Ал эми бакчанын кызматкерлерин жумуштан алып, жумуштан кетирүүнү Орозгүл Бектанова директор катары өзү чечет. Албетте биз тараптан көзөмөл болот, бирок жумуштан кеткен ар бир кызматкерге карата директордун өзүнүн түшүндүрмөсү болсо керек.

Оштогу бала бакчаларды текшерүү учуру. Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, мэриянын өкүлү Салтанат Аманова, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов жана бала бакчалардын жетекчилери.
Оштогу бала бакчаларды текшерүү учуру. Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, мэриянын өкүлү Салтанат Аманова, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов жана бала бакчалардын жетекчилери.

Ош шаардык мэриясынын социалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Салтанат Аманова да Бектанованы кызматка коюуда жана аны калкалоодо шаар жетекчисинин жеке кызыкчылыгы жок дейт:

- Бул интригалардын баарын “Байчечекей” бала бакчасынын мурдагы башчысы Гүлнара Сагынбаева уюштуруп жатат. Анткени ал буга чейин бакчаны ремонт кылбай, түтүктөрү чирип, шарттары аябай начарлап кеткен экен. Сагынбаева ошол жерге туугандарын, сиңдилерин жумушка алып, бакчаны үй эле кылып алышкан экен. Ошого ата-энелердин нааразылыгы менен ал жумуштан кеткен. Эми Орозгүл Бектанова барып, алардан ишти катуурак талап кыла баштаганда, булар мурдагы директор менен бирге ушинтип интрига уюштуруп директорду жамандап жатышат. Бектанованын педагогикалык стажы бар, мурда эч кандай соттолгон эмес. Шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин да бул аялга эч кандай тиешеси жок. Тескерисинче, бул бакчаны “текшергиле” деп мэр бизге тапшырма берип, тынбай барып текшерип атпайбызбы.

Деген менен Орозгүл Бектанованын паспортундагы маалыматтарга ылайык, ал 1966-жылы Кара-Суу районунун Савай айылында туулган. Ал ушул эле айылдагы мектепти 1984-жылы аяктаган. Ош шаар мэринин өмүр баянында жазылгандай, Айтмамат Кадырбаев да 1984-жылы Савай айылындагы “Кызыл Кыргызстан” мектебин бүтүргөн.

Орозгүл Бектанова 2012-жылы “Замандаш” партиясынан Ош шаардык кеңешине талапкер болгон. Айтмамат Кадырбаев 2014-жылы Ош шаарынын мэрлигине “Замандаш” партиясынан көрсөтүлгөн жайы бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG