Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Түркия-АКШ келишими кайра каралат


Инжирлик базасы
Инжирлик базасы

Түркия АКШ баштаган эл аралык коалицияга Сирия менен чектеш аймакта жайгашкан Инжирлик базасын колдонууга уруксат берген чечимин кайра карап чыгышы мүмкүн.

Ал арада 23-январда Астанада өтө турган Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүсүнө даярдык көрүлүүдө.

Түрк бийлиги “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөш жүргүзүп жаткан АКШ башында турган коалициянын колдонуусуна берилген Инжирлик авиабазасы боюнча чечимди кайра карап чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Түркиянын вице-премьер-министри Вейси Кайнак билдирди:

- Элибиз бул боюнча суроолорду берип жатканын, алардын талабы өкмөттүн күн тартибинде болорун белгилегибиз келет. Албетте, эл аралык келишимдерди да эске алуу керек. Биз чын жүрөктөн айтабыз: эгерде жалпыбыз тааныган террордук уюм болсо, анда бирге күрөшөбүз. Чогуу күрөшпөсөңөр өз алдынча күрөшөбүз, тоскоол болбогула.

Инжирлик базасы
Инжирлик базасы

Коалиция Инжирлик авиабазасын “Ислам мамлекети” террордук тобунун болжолдуу уюктарына абадан чабуул коюу үчүн колдонуп келет. Ал тапта коалициянын өнөктөштөрү - сириялык күрт кошуундары аталган уюмга каршы кургактан аскерий операция жүргүзүп жатат.

Түркия сириялык күрт кошуундарын террорчулар деп эсептейт. Анкаранын эсебинде, алар Түркиянын аймагында кандуу калабаларды уюштурган түрк экстремисттик уюмдары менен тыгыз карым-катнашта болуп келет.

Инжирлик авиабазасы тууралуу маселени буга чейин Түркия президентинин маалымат катчысы, коргоо жана тышкы иштер министрлери да оозанышкан. Расмий Анкара АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп азыркы багытты өзгөртөрүнө үмүт артууда.

Түркиянын бул нааразычылыгына жооп катары Пентагон менен Ак үй Анкара Сириянын Ал-Баб шаарынын айланасындагы “Ислам мамлекетине” каршы күрөштө алардын колдоосуна ишене берсе болорун билдиришти.

Ошол эле маалда Түркиянын тышкы иштер министри БУУнун баш катчысы Антониу Гуттереш менен Сирияда ок атышпоо келишимин бузуп жаткан тараптарга санкция киргизүү тууралуу маселени талкуулады. Бул тууралуу министр Мевлүт Чавушоглу 5-январда Гуттереш менен жолугушуудан кийин билдирди.

“Кырдаалды жөнгө салып, мындан ары саясий сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн санкциялар киргизилиши керек”, - деди Чавушоглу. Министр кошумчалагандай, БУУ ушул тапта мындай санкцияларды киргизүү жолдорун караштырууда. Бирок план аягына чейин иштелип бүтө элек.

Чавушоглу ок атышпоо келишиминин бузулушу 23-январда Астанада Сирия боюнча өтө турган сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратышы мүмкүндүгүн эскертти. Буга чейин ал Сирия өкмөтү келишимди бузуп жатканын айтып, Тегеранга расмий Дамаскка бул боюнча басым жасоого чакырган. Иран мындай айыптоону четке какканы менен, Астанада өтө турган тынчтык сүйлөшүүлөрдү кубаттарын билдирди. Иран парламентинин депутаты Алладдин Боружери бул оңой маселе эместигин айтты.

- Соңку беш жылдын ичинде бир топ эле тынчтык сүйлөшүүлөрү болду. Астанада өтө турган кезектеги сүйлөшүүлөрдүн айлампасын биз кубаттайбыз. Анткени бул да Сирия кризисин чечүүгө жасалган бир кадам. Беш жылдан бери созулган кризисти аягына чыгаруу өтө оор. Ошондуктан тынчтык сүйлөшүүлөрү оңой маселе эмес.

Астанадагы сүйлөшүүлөргө Улуттар уюмунун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура катышат. Мистура 6-январда буларды билдирди:

- Астанада белгиленген сүйлөшүүлөргө даярдыктар жүрүп жатат. Ага негизинен Орусия жана Түркия көзөмөл жүргүзүшүүдө, албетте Иран жана Казакстандын жардам менен. БУУ бул аракеттерди колдойт. Анткени бул сүйлөшүүлөр Женевада февралда өтө турган сүйлөшүүлөргө даярдык болот.

29-декабрда Орусия жана Түркиянын ортомчулугунда ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишилген. Анда Сириядагы ок атууну токтотуп, Башар Асаддын өкмөтү менен оппозиция ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо каралган.

Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүн ушул айдын соңунда Казакстандын борбору Астанада өткөрүүнү сунуштаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG