Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:40

Түрктөр менен күрттөрдүн кылым чатагы


Түркиянын аскер аба күчтөрү Сириядагы жана Ирактагы согушкерлерге Адана шаарындагы Инжирлик абамайданынан чабуул коюуда.

Түркия 24-июлда Сириядагы “Ислам мамлекети” чаарбаш уюмунун позицияларына абадан сокку урууну баштады. Ушул эле күнү Түркиянын аскер учактары Ирактын түндүгүндөгү Күртстан жумушчу партиясынын турумдарын да абадан аткылады.

Анкаранын “Ислам мамлекети” тобуна карата чечкиндүү аракети колдоого алынганы менен, күрт согушкерлерин бутага алуусу карама-каршы талкууларга жем таштады.

Түркиянын чек арасындагы жаңжал 20-июлда Сирия менен чек арага жакын Суруч шаарында күрт активисттери уюштурган иш-чара учурундагы жардыруу 32 адамдын өмүрүн алгандан кийин тутанды. Анкара муну “Ислам мамлекетинин” жанкечтилери жасаган деп, аталган уюмга каршы чечкиндүү аракеттерди баштады.

Ошол эле кезде күрттөр Суручтагы жардырууну “Ислам мамлекети” тобунун Түркия бийлиги менен байланышы бар согушкерлеринин колунан келген иш деп, түрк аскерлерине кол салууларды уюштурушкан. Андан бир канча аскер жана жөн-жай тургундар набыт болушканы кабарланган. Түркиядагы расмий адамдардын ырасташынча, мына ушул кандуу окуялардан кийин гана Анкара "эки фронтто" бирдей сокку уруу чечимин кабыл алган. Бир жагынан Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлерине сокку урулуп жатса, экинчи жактан Ирактын түндүгүндөгү Күртстан жумушчу партиясынын жактоочуларына абадан чабуул коюуда.

Түркиянын өкмөт башчысы Ахмед Давутоглунун ырасташынча, Анкара жалпы күрт элине эмес, болгону Ирактын түндүгүндө бекем орношкон Күртстан жумушчу партиясынын лагерлерине жана согушкерлерине сокку урууда.

Сириядагы Сулайман Шахтын кабырына зыяратка келген түрк өкмөт башчысы Ахмед Давутоглу дүрбү менен айланага көз чаптырууда. Сирия, 10-май, 2015-жыл
Сириядагы Сулайман Шахтын кабырына зыяратка келген түрк өкмөт башчысы Ахмед Давутоглу дүрбү менен айланага көз чаптырууда. Сирия, 10-май, 2015-жыл

- Ооба, бул күрт элине эмес, Күртстан жумушчу партиясына каршы уруш. Күртстан жумушчу партиясы бир канча полиция кызматкерин, аскерлерди жана жөн-жай тургундарды өлтүрдү. Биз жогорку деңгээлдеги жолугушууда террорчулук менен күрөштөгү коопсуздукту күчөтүү чечимин кабыл алдык. Кимде ким Түркияда террордук аракеттерди жасаса, биз аларга каршы катуу турушубуз керек.

Күртстан жумушчу партиясы Түркияда гана эмес, АКШда да террорчул уюм катары таанылган.

Түркиядагы күрттөр менен түрктөрдүн чатагы дээрлик жүз жыл мурдагы окуяларга барып такалат. Маалыматтарда 1920-30-жылдары көз карандысыздык талап кылган күрттөрдү Түркия бийлиги күч менен басканы айтылат. Соңку тарыхта эгемендик талап кылган күрттөрдүн башында жогоруда айтылган саясий жана көтөрүлүшчүл уюм - Күртстан жумушчу партиясы турат. Аны учурда Түркияда түрмөдө жаткан, өзү Түркияда туулган, улуту күрт Абдулла Ожалан 1970-жылдардын акырында негиздеген. Абдулла Ожаланды Түркия бийликтери 1998-жылы Кениядан уурдап, камакка алган. Бирок ал бүгүнкү күндө да күрттөрдүн арасында кадыр-баркы жогору жана таасирин жоготкон эмес. 40 жылга жакын убактан бери Түркияга каршы урушту мына ушул Ожалан негиздеген Күртстан жумушчу партиясы жана анын согушкерлери жүргүзүп келүүдө. Алар негизинен Ирактын түндүгүндө отурукташкан жана бир катар лагерлери бар.

Акыркы 30 жыл ичинде күрт жана түрк чатагы 40 миңге чукул адамдын өмүрүн алганы маалымдалып келет. Басылып кайра улантылып келаткан Түркиядагы түрктөр менен күрттөрдүн уруш-талашын токтотуу максатында онго жакын мунаса келишимдер түзүлгөн. Күртстан жумушчу партиясы менен Анкара акыркы ирет мунасага 2013-жылы жетишкен болчу. Түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын 28-июлда айтканына караганда, Анкара бул келишимден баш тартат.

Режеп Тайип Эрдоган
Режеп Тайип Эрдоган

- Биздин улуттук биримдигибизге жана боордоштугубузга коркунуч жаратып жаткандар менен тынчтык келишимин түзүү мүмкүн эмес. Бул жерде улуттук биримдик жана боордоштук болушу керек. Анткени боордоштук тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн дагы жогору жана кеңири түшүнүк.

Күртстан жумушчу партиясы да Түркия алардын турумдарын бомбалай баштагандан тарта тынчтык келишими токтоду деп эсептерин ырастады. Түркиянын Ирактын түндүгүндөгү күрттөрдү бомбалоосуна каршы Стамбулдагы нааразылык акциясына катышкан кыз Би-би-сиге буларга айткан:

- Өкмөт түрктөр менен күрттөрдүн ортосундагы жаңы согушту баштоодо. Бирок бизге согуштун кереги жок. Бул өлкө ал чатактан жетишерлик жабыр тартты. Биз буга жол бербейбиз.

Ошол эле кезде Ирактагы Сулаймания шаарында өткөн нааразылык акциясы учурунда атын атабаган күрт өкүлү Түркиянын аба чабуулдарын айыптап, түрктөрдүн талаптары мындан ары да күчөй тургандыгын айтууда.

- Биз Түркияга кыжырланып жатабыз. Түркия - террорчу, күрттөрдү басып алган. Биз мындан ары чыдабайбыз. Өз укуктарыбызды талап кылабыз. Өзүбүздүн тарыхыбыз, маданиятыбыз, дилибиз болушу керек. Түркия күрттөрдү бомбалаганы үчүн талаптарыбыз күчөйт.

Күрттөр Түркиядагы 80 миллион калктын 20% жакынын түзөт. Ошондой эле күрттөр Сириянын жана Ирактын Түркия менен чек аралаш аймагында да жашайт. Маалыматтарда Сирияда 2 миллиондой болсо, ал эми Иракта 5 миллиондой күрт бар. Иракта күрттөрдүн жарым-жартылай мамлекеттик түзүлүшү - Ирактагы Күрт автономиясы жарыяланган. Багдад өз аймагындагы Күртстан жумушчу партиясынын турумдарын бомбалаганы үчүн Анкарага нааразычылык билдирди. Ал эми Ирактагы Күрт автономиясынын президенти Масуд Барзани Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен телефондон акыркы аптадагы абалды талкуулады. Масуд Барзани менен Франк-Вальтер Штайнмайер “Түркия жана Күртстан жумушчу партиясы - ПКК ортодогу мамиле осолдогонго карабай тынчтык жараянын улантышы абзел. Эскалация экстремисттер үчүн гана кызмат кылат” деген билдирүү таратышты.

Селахеттин Демирташ
Селахеттин Демирташ

Ал эми Түркиядагы күртчүл Элдик демократиялык партиянын теңтөрагасы Селахаттин Демирташ “Ислам мамлекети” тобуна каршы чабуулдар жөн гана шылтоо, Анкаранын чыныгы максаты күрттөрдү алсыздандыруу деп, түрк бийликтерин айыптады:

- Түркия "Ислам мамлекетине" каршы "шоу" үчүн гана эки жолу сокку урду. Ал соккулар эч кандай зыян алып келген жок. "Ислам мамлекети" Түркия тараптан эч кандай кысым көргөн деле жок. Түркиянын операциясы "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна каршы эмес. Алардын негизги максаты - Сириянын түндүгүндө күрттөрдүн күч алуусуна, түзүлүүсүнө жол бербөө.

Түркиянын күртчүл Элдик-демократиялык партиясы 7-июндагы парламенттик шайлоодо 10% босогону жеңип чыгып, Түркиянын тарыхында биринчи жолу парламентке келген жана анын энчисинде 80 депутаттык орун бар. Бул шайлоодо 13 жылдан бери парламентте үстөмдүк кылып келген Адилеттик жана өнүгүү партиясы 40% гана добуш алып калып, аларга парламенттеги 550 орундун 258, башкача айтканда, 40% гана тийген жана бул АК партия үчүн күтүүсүз болгон. Ошондон бери түрк парламентинде коалициялык көпчүлүк түзүлө элек.

Самаган Мырзаибраимов
Самаган Мырзаибраимов

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы, эл аралык мамилелер боюнча адис Самаган Мырзаибраимовдун пикиринде, Анкаранын күрт жикчилдерине жана “Ислам мамлекетине” каршы чечкиндүү кадамды баштоосуна Суручтагы жардыруу гана эмес, Түркиянын ичиндеги саясий абал да таасирин тийгизди.

Түркиядагы күртчүл Элдик демократиялык партиясынын теңтөрагасы Селахаттин Демирташ да акыркы Күртстан жумушчу партиясына каршы бомба чабуулдарын АК партиянын шайлоодо утулуп калышына байланыштырууда. Ал Рейтер агенттиги менен маегинде ушундай пикирин айтты:

- АК партия өлкөнү каршылыкка сүйрөп баратат. Муну алар шайлоодо жеңилип калганы үчүн өч алуу максатында жасашууда. Элдик демократиялык күрт партиясынын шайлоо босогосунан өтүп парламентке келиши АК партиянын парламентте көпчүлүк болуп келген ордун жоготту. Муну алар согуш үчүн шылтоо кылууда.

Түркиянын аба чабуулдарын катуу сындап чыккан Селахаттин Демирташка Анкара бийликтери 31-июлда иш козгогону маалым болду. Ага 2014-жылдын октябрында ондогон адамдарды өлүмгө алып келген нааразылык акциялар учурунда элди курал алууга чакырган деген айып тагылууда. Эгер иликтөөлөр сотко жетип, күнөөлүү деп табылса, аны 24 жылга чейинки абак жазасы күтүшү мүмкүн.

Буга чейин расмий Анкара Сириядагы кризиске түздөн-түз катышуудан карманып келген. 24-июлдан тарта андагы “Ислам мамлекети” уюмуна каршы абадан сокку ура баштагандан бери согушкерлерди ичкери 100 чакырымга чейин сүрүп, Сирияда коопсуз аймак түзөрүн жарыялады. Бул тууралуу Түркия жана АКШ президенттери телефон аркылуу сүйлөшүүдө макулдашкан. Ошондой эле Анкара АКШга “Ислам мамлекети” уюмуна каршы Аданадагы Инжирлик аба майданын колдонууга берди. Түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын айтуусунда, коопсуз зона сириялык качкындардын мекенине кайтуусуна да шарт түзмөк:

- Түркия менен АКШ талкуулап жаткан Сириянын түндүгүндө коопсуз аймак түзүү ушу тапта Түркияда баш калкалап жаткан 1 млн. 7 миң сириялык качкындын кайра мекенине кайтуусуна да мүмкүнчүлүк бермек.

Сириядагы күрт жоокерлери
Сириядагы күрт жоокерлери

Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” уюмуна каршы күрөштө АКШ колдогон сириялык күрттөр бир катар ийгиликтерди жараткан.

АКШнын Юта университетинин окутуучусу, илим доктору, эл аралык мамилелер боюнча серепчи Бакыт Абдрисаевдин пикиринде, Түркияны Сириядагы, ошону менен бирге Ирактагы күрттөрдүн акыркы кездеги “Ислам мамлекетинин” террорчуларына каршы ийгиликтери да чочутуп жаткандай.

28-июлда НАТОго мүчө мамлекеттер Түркиядагы акыркы абалды бул өлкөнүн өтүнүчү менен талкуулашты. Чек арасындагы кырдаалды талкуулоо демилгеси менен чыккан Анкара НАТОнун уставынын “коопсуздукка жана аймактын бүтүндүккө коркунуч жаралган учурда чукул жыйын чакыруу укугунан” пайдаланган. Уюмдун 66 жылдык тарыхында мындай демилге менен беш жолу гана чукул жыйын өткөрүлгөн.

Брюсселдеги жыйында уюмдун мүчөлөрү Түркиянын “Ислам мамлекети” уюмуна каршы жүргүзүп жаткан аба чабуулдарын бир добуштан колдошту. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин айтуусунда, бул жыйында Түркия аскерий жардам сураган жок.

- Террорчулук НАТОго мүчө өлкөлөрүн коопсуздугуна, эл аралык туруктуулукка жана өнүгүүгө коркунуч жаратат. Бул проблемаларды чечүүдө НАТОнун өз орду бар. Бардык тарапташтар "Ислам мамлекети" уюмуна каршы күрөштө бир чогуу аракеттенишет. Түркия НАТОдон кандайдыр бир аскердик колдоо сураган жок. Анкара биздин ишенимдүү тарапкерибиз. Түркиянын НАТОго мүчө мамлекеттердин ичинен экинчи орунда турган мыкты куралдуу күчтөрү бар.

Түркиянын Сирия жана Ирак менен чек арасында 100 миңге жакын аскери турат.

Түркиянын Сирия жана Ирактын бир канча аймагын басып алган “Ислам мамлекетине” каршы күрөштү күчөтүүсү Кыргызстанга түз да, кыйыр да тааасир эткен окуя. Анткени борборазиялык согушкерлер, анын ичинде Кыргызстандан Сирияга барып жаткан жихадчылардын да негизги маршруту Түркия аркылуу болууда. Президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев:

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

- Анын натыйжасы бул иш-чара кандай аткарылганына жараша болот. Азырынча АКШ менен Түркия чек араны тосолу деп сүйлөшүп, ниеттерин билдирип жатат. Бул жакшы иш, мурда эле тосуш керек болчу. Кеч болуп калды. Анткени бизге баары тең эле Сирияга Түркия аркылуу өтүп кеткендей таасир калтырып жатпайбы. Бирок тоолуу жердеги чек араны тосуу деген оор нерсе. Бийлик буга атайылап эле көз жумду кылып жатат деп айтып жаткандар да бар. Анын канчасы чын экенин бир кудай, анан Түркиянын бийликтери эле билбесе, башка билген адам жок. Ошентсе да чек араны тосолу деп жаткандары туура, бирок кечирээк болуп калды.

Түркия чек арасынан келип жаткан акыркы маалыматтарга караганда, Анкаранын акыркы аба чабуулдарынан Сирияда жана Ирактын түндүгүдө ондогон согушкерлер жок кылынган. Анкара антитеррордук операцияларды өлкөнүн ичинде да күчөттү. Өлкө боюнча миңден ашык “Ислам мамлекети” уюмунун жана Күртстан жумушчу партиясынын согушкерлери жана жактоочулары камакка алынды.

Ал эми Ирактагы күрт автономиясынын президенти Масуд Барзани Күртстан жумушчу партиясынын согушкерлерин Ирактын түндүгүнөн чыгып кетүүгө чакырды.

1-августта Түркиянын Күртстан жумушчу партиясынын лагерлерине жасалган аба соккуларынан Ирактын түндүгүндөгү Заркел айылынын кеминде алты тургуну набыт болгону кабарланды. Ирактагы күрт автономиясынын президенти Масуд Барзанинин администрациясы Күртстан жумушчу партиясынын согушкерлерин Ирактын түндүгүнөн чыгып кетүүгө ушул кайгылуу окуядан кийин бир нече сааттан соң чакырды.

Күртстан жумушчу партиясынын согушкерлери Күрт автономиясынын тышкы байланыштар боюнча өкүлү Фалах Мустафа Бакирдин 1-августтагы ок атышууну токтотуу чакырыгын да кабыл алган эмес.

Бакирдин ошондой эле Түркиянын Күртстан жумушчу партиясына карата чабуулдарын адекваттуу эмес деп атап, ирактыктар “эки оттун ортосунда” калганын билдирген эле.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги 1-августта билдиргенге караганда, аба чабуулдарынан Ирактын түндүгүндөгү Заркел кыштагынын карапайым тургундары өлдү деген маалымат боюнча иликтөөлөр башталды. Ошол эле кезде Түркия жөн-жай тургундарды тирүү тосмо катары колдонуп жатканы үчүн Күртстан жумушчу партиясын айыптады.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG