Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Түркия: Суручтагы жардыруу 30 адамдын өмүрүн алды


Жардыруу болгон учур видеого тартылып калган
Жардыруу болгон учур видеого тартылып калган

Түркиянын Сирия менен чектеш Суруч калаасындагы маданий борбордо болгон жардырууда кеминде 30 адам набыт кетти. Суруч шаары Сириянын Кобани шаарынан 10 чакырымдай гана алыс.

Акыркы маалыматтарда 30 адам набыт кетип, дагы 100дөй адам жаракат алган жардыруу Сирия менен чек арага жакын Суруч шаарындагы маданий борбордо 20-июлда эртең мененки саат тогузда болду. "Жаштар бирикмелеринин социалисттик федерациясы" деп аталган уюм түрк жана күрт жаштарын Сириянын Кобани шаарын калыбына келтирүү үчүн жардамга барууга чогулткан. Ага демилгечи Күрт элдик демократиялык партиясы болгон.

Жардыруу 300дөй улан-кыз колдоруна плакаттарды кармап, ураан чакырып, “Рейтер” агенттигинин жазышынча, жергиликтүү маалымат каражаттарына Кобаниге бараткан сапарлары боюнча маалымат бермекчи болгон кезде чыккан.

Жардыруу болгон учурда ал жерде жаштардан тышкары, аялдар, балдар жана журналисттер да болгон. Түркиянын Ички иштер министрлиги жардырууну терракт деп атады.

Алдын ала маалыматтарда кан төгүүнү жаштардын арасына кошулуп алган эле жанкечти жасаган болушу мүмкүн. Ошондой эле бул “Ислам мамлекети” радикал тобунун колундагы иш экени да айтылууда. Анкарадагы жогорку даражалуу аткаминердин билдиришинче, бул Түркия өкмөтүнүн терроризмге каршы күрөштү күчөткөнүнө каршы өч алуу болушу ыктымал.

Өкмөт башчы Ахмед Давытоглу “Түркия “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы бир катар чараларды көрүп келатат, мындан ары да уланта берет” деп билдирди.

Түркия президенти Редеп Тайып Эрдоган да Суручтагы кан төгүүнү айыптап, "терроризмдин улуту жок" деп билдирүү жасады:

- Суруч шаарында, тилекке каршы, террордук кол салуунун кесепетинен 28 мекендешибиз өлүп, көп сандагы туугандарыбыздын жарадар болушу бизди кайгыга салды. Бул ырайымсыздыкты жасагандарды улутумдун атынан каргайм жана айыптайм. Бул нерсенин аягына чыгаруубуз керек. Баарыңар билесиңер, террор кайдан чыкпасын ал дайыма айыпталышы керек. Такай айтып келгендей, террордун дини, улуту, уруусу, мекени болбойт. Андыктан террорго каршы бардык улуттар аралык аракеттин болуусун дайыма айтып келебиз жана айтабыз.

Британиянын Түркиядагы элчиси Ричард Мур “Британия терроризмге каршы турууда Түркия менен ийиндеш, менин да ушул жаштагы балдарым бар” деп жазды өзүнүн Твиттердеги баракчасына.

Чек арадагы Суруч калаасы Сириянын негизинен күрттөр жашаган Кобани шаарынан 10 чакырым гана алыс. Суручта Сириядагы кандуу окуялардан качып, баш калкалап жаткан жүздөгөн кобаниликтер жашайт.

Кырчылдашкан куралдуу уруштарда Кобани бир канча ирет колдон колго өткөн. Күрт аскерлери жакында эле Кобани шаарынан "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлерин сүрүп чыккан болчу. Өткөн айда аталган топтун чабуулдарынан шаарда 200дөн ашык адам ажал тапканы да кабарланган. Кобаниге жол тарткан студенттер мектеп, балдар аянтчасын курууга жана көчөт отургузууга жардам бермек.

Суручтагы жардыруудан көп өтпөй Сириянын Кобани шаарында да жанкечти мина коюлган унааны жардырып, эки күрт жоокери каза тапканы кабарланды.

Ага чейин да Стамбулда белгисиз адам көчөдө ок чыгарып, андан беш адам жабыркаганы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG