Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:09

ШКУ: Каримов менен Назарбаев Путинди "мактады"


Шанхай кызматташтык уюмунун катары жаңы мүчөлөр менен толукталат. Бул тууралуу уюмдун 10-июлда Башкыртстандын борбору Уфада өткөн саммитинде белгилүү болду.

Ошондой эле аймактагы коопсуздук, диний экстремизм, Ооганстандагы абал, Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун коркунучу талкууланды.

Шанхай кызматташтык уюмунун Уфадагы саммитиндеги башкы жаңылык уюмга жаңы мүчөлөрдү - Пакистан менен Индияны кабыл алуу жараянынын башталышы болду. Андан тышкары бир катар мамлекеттер уюм менен ар кандай формада кызматташууга кызыкдар болуп жаткандыгын Орусия президенти Владимир Путин саммиттеги сөзүндө белгилдеди:

- Биз Беларусту байкоочу - мүчө мамлекет макамына жогорулатууну макулдаштык. Ошондой эле Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал уюмга диалог боюнча өнөктөш макамында кошулууда. Мындан тышкары бир катар мамлекеттер тигил же бул формада уюмга кошулууга кызыгуусун билдирип жатат. Бүгүнкү саммит өнүгүүнүн жаңы баскычын ачууда. Уюм түзүлгөндөн тарта биринчи жолу жаңы мүчөлөрдү – Индия менен Пакистанды кабыл алуу башталды.

Пакистан менен Индия ШКУга кирүү туралуу арызын 2014-жылы берген. Алар учурда байкоочу мүчө макамына ээ.

ШКУнун саммити
ШКУнун саммити

Уфадагы саммит учурунда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Индия менен Пакистандын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуп киришин кубаттай тургандыгын айтты. Андан тышкары Беларус, Азербайжан, Армения жана Камбоджанын уюм менен кызматташтыгын колдоорун билдирди.

Аймактагы кырдаал жана туруксуздук маселеси бир жыл ичинде аябагандай өзгөргөнүн белгилеген Атамбаев ШКУнун башкы милдети коопсуздукту камсыздоо болушу керек деди:

- Белгилүү болгондой, коопсуздукту камсыздоо ШКУ түзүлгөндөн тарта эле башкы артыкчылык болгон. Ал бүгүн да эң башкы приоритет бойдон калышы керек. Анын үстүнө уюмдун былтыркы саммитинен бери бир жылдын ичинде аймакта да, дүйнөдө да абал бир кыйла өзгөрдү. Туруксуздуктун жаңы очоктору пайда болду.

Уфадагы саммитте ошондой эле Ооганстандагы кырдаал, Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” террорчул уюмунун аракеттери талкууланды. Атамбаев диний радикалдашуу, мыйзамсыз маңзат бизнеси да стабилдүүлүк үчүн башкы коркунуч экенин кошумчалады.

Ал эми өзбек президенти Ислам Каримов уюмдун кеңейиши боюнча тактоочу жагдайлар бар экенин айтып, Владимир Путин менен жеке кездешкен учарда Пакистан менен Индиянын мүчөлүгү боюнча буларга токтолду:

- Алар катардагы мамлекеттер эмес. Алар ядролук куралга ээ экенин эске алганда, бул эки мамлекеттин уюмга мүчө болуп кирүүсү кандайча жүрөт? Эгер ушул өңүттөн алганда алардын ШКУга мүчө болуусу саясий картаны гана өзгөртпөстөн, күчтөрдүн да орун алмашуусуна таасир этиши мүмкүн.

Уфадагы жыйында белгилүү болгондой, Шанхай кызматташтык уюмунун келерки саммити Өзбекстанда өтөт. Бул тууралуу алгач Ислам Каримов менен Владимир Путин жолугушуусунда белгилүү болду. Ислам Каримов ал жолугушууда Путинге мактоо сөздөрүн аяган жок.

Ислам Каримов менен Владимир Путин. Уфа
Ислам Каримов менен Владимир Путин. Уфа

- Мен кечээ бул тууралуу айттым эле. Бирок анда журналисттер болгон эмес. Бүгүн журналисттер барда дагы бир жолу айта кетейин. Кечээки жолугушуу (БРИКСтин саммити) адаттан тыш, өзгөчө болду. Дүйнөнүн төрт континентинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу өзгөчө гана эмес, азыркы мода болуп жаткан сөз менен айтсак, “муну бир гана Путин кыла алат” дегендей болду. Мен өзүмдүн сөзүм туура экенине бөркүмдөй ишенем. Бул үчүн тек гана жетекчи эмес, мыкты дипломат да болуш керек. Балким сиздин элчи деген макамыңыз жоктур, бирок Владимир Владимирович Путин кайсы гана дипломатты болбосун ашып өтөт...

Ушул сыяктуу эле мактоо сөздөрүн Путиндин атына Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев да жолдоду. ШКУ жана БРИКС саммиттерин өткөрүүнү “тарыхый” деп атаган Назарбаев: “Биз билебиз, бул кимдир бирөөлөргө жакпашы мүмкүн. Жакпайт, анткени мунун чоң келечеги бар” деген.

Анын алдында Владимир Путин казак президентин “Евразиялык интеграцияны ишке ашырууга кошкон салымы үчүн” Александр Невский ордени менен сыйлаган эле.

Ал эми Ооганстандан келүүчү коркунучтар, аймактагы коопсуздук темасы тажик президенти Эмомали Рахмон менен ооган президенти Ашраф Гани Ахмадзайдын Уфадагы жолугушуусунда да талкууланды. “Азаттыктын” тажик кызматынын жазышынча, Ашраф Гани тажик президентин "Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен түндүк аймактарында жакында бекем тынчтык орнойт, коопсуздук күчтөрүнүн күч-кубаты согушчандар менен күрөшүүгө жетет" деп ишендирген. Тажик бийликтери Ооганстандын түндүгүнө жүздөгөн согушкерлер чогулуп калганын, алар жалпы региондун коопсуздугуна коркунуч жаратарын айтып келет.

Шанхай кызматташтык уюмуна азыр Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө, Монголия, Индия, Иран, Пакистан жана Ооганстан байкоочу макамга ээ. ШКУ башында аскерий-коопсуздук кызматташтыктын негизинде түзүлгөн. Кийин ага экономикалык кызматташтык багыты кошулган.

XS
SM
MD
LG