Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Кытайдын планы Орусияны ойго салууда


Кытайдын лидери Си Цзинпин менен орус президенти Владимир Путин
Кытайдын лидери Си Цзинпин менен орус президенти Владимир Путин

“Независимая газета” басылмасы Кытай Азия менен Европаны байланыштырчу “Улуу Жибек Жолу” долбоорун ишке ашырууга белсенгенин жазат.

«Ведомости» интернет басылмасы кабарлагандай, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) келерки саммитинде уюмга Пакистан менен Индияны толук кандуу мүчөлүккө кабыл алуу маселеси каралмакчы. Мындай сунушту Орусиянын президенти Владимир Путин киргизген. 10-июнда Уфа шаарында өтчү ШКУнун саммитинде бул маселе биротоло чечилет. Буга чейин Индия менен Пакистан ШКУда байкоочу макамына ээ болуп келишкен. Учурда бул эки мамлекеттен тышкары 12 мамлекет уюмга кирүүгө кызыкдар болуп жатканын орус президенти белгилеген. ШКУ 1996-жылы Шанхай шаарында Кытай менен жалпы чек арасы бар Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстан кирген аймактык уюм болуп түптөлгөн. 2001-жылы Өзбекстан ага кошулган.

“Независимая газета” басылмасы Кытай Азия менен Европаны байланыштырчу “Улуу Жибек Жолу” долбоорун ишке ашырууга белсенгенин жазат. Кытай алты экономикалык коридорду курууга 900 миллиард доллар салууга даяр. Бул каражат Улуу Кытай жолун куруучу 60ка жакын өлкөдөгү 900дөн ашуун долбоорго берилет. Улуу Кытай жолу Монголия, Орусия, Борбор Азия, Пакистан, Бангладеш жана Индия аркылуу өткөн алты транспорт коридорунан турмакчы. Мурунтан эле укмуштуу пландары менен бөлүшпөгөн Кытай бул ирет аны ачык жарыялады. “Улуу Жибек Жолу Кытайга Евразия рынокторунун эшигин кенен ачып берет, анда Орусияга мындан эмне пайда?” деген суроо көтөрүлөт макалада. Учурда Орусия оор абалда, андыктан Москва Кытайдын бул дымактуу долбоорунан четке чыга албайт. “Орусия бир топ мүмкүнчүлүктөрдү ачканы менен кооптонуу туудурган Жибек Жолуна кошулушу керек. Бирок биз азыр бул коркунучтарды азайтуу жөнүндө ойлонушубуз зарыл” деп корутундулаган Орусиянын Илимдер академиясынын Ыраакы Чыгыш институтунун илимий кызматкери Александр Ларин.

“Орусия менен Кыргызстан бирдиктүү өнүгүү банкын ачышат” деп жазат “Парламентская газета” басылмасы. Орус-кыргыз өнүгүү фондун түзүү боюнча келишимди Орусиянын Федерация кеңеши жактырды. Фонддун каржылык көлөмү 500 миллион АКШ долларын түзөт. Бул каражат Кыргызстандагы экономикалык сектордо иштеген орусиялык ишканаларга колдоо көрсөтүү үчүн жумшалмакчы. 100 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат өткөн жылы декабрда Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Кийинки каражат сүйлөшүлгөн келишим боюнча 2017-жылга чейин бөлүнмөкчү.

Орусиялыктардын көпчүлүгү Украина, Казакстан, Кыргызстан жана Армениянын экинчи паспортторуна ээ деп жазат “Центральная Азия” интернет басылмасы. Өткөн жылы Орусияда атуулдарды кош жарандуулук тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдарга билдирүүгө мажбурлаган мыйзам ишке кирип, жыйынтыгында 900 миң орусиялык жаран колундагы экинчи паспорту жөнүндө билдирген. Ошол эле маалда дагы 5 миллион жаран өздөрүнүн экинчи паспорту барын жашырып жатканын Федералдык миграциялык кызматтын атуулдук боюнча башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казакова айтат. Миграциялык кызматтын маалыматы боюнча 1992-жылдан бери 6 миллионго жакын чет элдик жаран Орусиянын атуулдугун алган. Казакова орус жарандыгын алгандан кийин чет элдик атуулдардын мурунку жарандуулугу жокко чыгарылбасын белгилеген. Колунда экинчи паспорту бар орусиялыктар ал тууралуу сөзсүз түрдө расмий билдирүүсү абзел.

“Центральная Азия” интернет басылмасы "Орусия Амударыянын жээгине аскердик жардам менен келди" деп жазды. Азыр Орусия Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы өнөктөштөрү менен Тажикстандын Ооганстан менен чек арасын күчтөндүрүүгө болгон аракетин жумшап жатканы айтылат макалада. "Талиптер менен “Ислам мамлекети” экстремисттик топторунун активдешүүсүнөн Ооганстандагы абал оорлосо, Борбор Азия өлкөлөрү өз чек араларын коргоого даяр болушу керек" дейт Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча 3-департаментинин директору Александр Стерник. Учурда тажик-ооган чек арасын коргоого Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусиядан барган эки жарым миң аскер жогорку даярдыкта турат. Ал эми Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн 20 миң аскери болгону менен аскердик техникасы совет доорунан бери жаңыланбаган. 2012-жылы Орусия тажик армиясын күчтөндүрүүгө 200 миллион доллар берүүгө сөз берип, бирок андан бери убадасын аткарбаганы дагы макалада баса белгиленет. "Эми тажик чек араларын коргоодогу башкы ишеним орустардын Дүшөмбү, Коргон-Төбө жана Кулябда жайгашкан 201-аскердик базасына жүктөлөт" деген корутунду чыгарылат макалада.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG