Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

АКШ-Орусия: Вашингтон Крым маселесин козгоду


Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамп.
Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Крым Украинага кайтарылышы керектигин Орусияга ишара кылды. Москва өз кезегинде Крым Орусияга таандык болгондуктан, аны эч кайсы тарап менен, анын ичинде Америка менен да талкуулабай турганын билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамптын маалымат катчысы Шон Спейсер 14-февралдагы маалымат жыйынында президент Трамп Крым Украинага кайтарылышы керектигин Орусияга айкын ишара кылды деп билдирди:

- Президент Трамп Украинада жаңжалды токтотуу жана Крымды кайтаруу боюнча Орусия бийлигине ачык белги берди.

Трамп өзү 15-февралда Твиттерге “Крымды Орусия Обаманын тушунда алган” деп жазып, “Обама Орусияга карата өтө эле жумшак болгонбу?” деген суроону койду.

АКШдагы орус элчиси Сергей Кисляк менен кызматка кирише элек убагында эле телефон аркылуу сүйлөшүүсү үчүн кызматынан кеткен улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Флинндин окуясынын массалык маалымат каражаттарында чагылдырышын сындаган Трамп “Калптарды таратуучу медиалар конспиративдик теория жана жек көрүүчүлүктөн акылын жоготуп жатат” деп Твиттерге жазды.

“Түккө турбаган Орусия менен байланыштар жөнүндө жазуу менен Хиллари Клинтондун шайлоо өнөктүгүндөгү катачылыктарын жабууга аракет жасашууда” деп кошумчалады Трамп. Анын Твиттердеги бул жазуусу "Нью-Йорк таймска" 14-февралда Трамптын администрация мүчөлөрүнүн Орусиянын атайын кызматтары менен шайлоого чейин да байланыштары болгондугу жөнүндө макала, пикирлер чыккандан кийин пайда болду.

Орусия өз кезегинде Дональд Трамптын маалымат катчысы Шон Спейсердин Крымды кайтаруу боюнча билдирүүсүнө 15-февралда жооп берди.

Президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия Крым маселесин эч ким менен талкуулабайт деди:

- Крымды кайтарууга тиешелүүсүнө келгенде, бул тема талкууланбайт. Анткени ал талкууланбайт. Орусия өзүнүн жерине байланыштуу маселени чет өлкөлүк өнөктөр менен талкуулабайт.

Дмитрий Песков ошондой эле президенттер Путин жана Трамптын 28-январдагы телефон аркылуу биринчи сүйлөшүүсүндө Крым темасы козголбогонун кошумчалады. Азыркы кезде эки президенттин качан жолугушары тактала элек деди Песков:

- Путин менен Трамптын мүмкүн болуучу жолугушуусу тууралуу эч кандай аныктык жок. Такталган мөөнөттөр да жок. Биз июль айында Германияда Чоң жыйырмалыктын саммити болот, ал жерде кандай болбосун президенттер жолугушат деп турабыз. Андан эртерээк жолугушуу жөнүндө сөз болгон. Бирок азыр эч нерсе аныктала элек.

2014-жылы Орусия аскерлеринин көзөмөлү астында Крымда референдум болуп, анда жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү жарым аралдын Орусияга өтүшүн жактап добуш берген. Бирок ал референдумду АКШ жана Улуттар Уюму тааныган эмес.

Крымды аннексиялап, Чыгыш Украинада жикчилдерди колдогонуна байланыштуу Европа жана АКШ Орусияга санкция киргизген. Ал санкциялар алынышы үчүн Минск келишими аткарылып, Чыгыш Украинада тынчтык орношу керектиги айтылган. Бирок Крымды кайтаруу айтылбай келген. Эми Крым маселеси АКШ тарабынан күн тартибине коюла баштады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG