Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

Бишкектеги орус-украин элчилеринин “акыйнеги”


Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько (солдо) менен Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко.
Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько (солдо) менен Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко.

Украина темасына байланыштуу Бишкекте Украина жана Орусия элчиликтери маалымат каражаттары аркылуу кайым айтышууда.

Элчилердин кайым айтышы

Орус жана украин элчилеринин кайым айтышына украиналык дипломат Николай Дорошенконун жергиликтүү журналисттер менен жолугушуусу себеп болду.

1-февралда өткөн жолугушуу тууралуу Vesti.kg сайтына “Украина элчиси кыргыз журналисттерин Орусия менен чатакка түртүп жатабы?” деген макала чыккан.

Анда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутьконун пикири жарыяланып, ал украиналык кесиптешин дипломатиялык этиканы бузуп жатат деп сындаган.

Ошондой эле элчи Крутько акыркы учурда курчуп кеткен Украинанын чыгышындагы Авдеевка шаарчасындагы абалга токтолуп, аны “Украина тараптын чагымы” катары баалаган.

- Авдеевкадагы абал боюнча айтсак, кезектеги чагымды уюштурушту, анын артынан “ууру ууруну карма деп кыйкырат” дегендей абал жаралды. Тилекке каршы, ага (Дорошенкого) ушундай көрсөтмө келсе керек. Эми аны эч нерсе кыла албайсың, - деп билдирген орус элчиси макалада.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Vesti.kg сайтына жарыяланган элчи Крутьконун пикирин тастыктады.

Бул тууралуу элчиликтин пресс-атташеси Дарья Пахомова “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Биз буга чейин берген комментарийде бардык позициябыз камтылган. Ага кошумча биз башка комментарий бербейбиз.

Мындан соң Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко да орус дипломатына жооп кайра кайтарды.

Ал эми Дорошенко “Азаттык” менен маегинде орус элчиси Украинанын ички ишине кийлигишүүгө укугу жоктугун эске салып, өзүнүн эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн ишин кылып жатканын белгиледи:

- Дипломатиялык алакалар боюнча 1961-жылы 18-апрелде кабыл алынган Вена конвенциясына ылайык, чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктүн функцияларынын бири өз өлкөсүнүн жана жарандарынын кызыкчылыгын коргоо болуп саналат. Ошондуктан Украинанын элчиси катары менин эң негизги милдеттеримдин бири өз мамлекетимде болуп жаткан окуялар тууралуу бурмаланбаган, чын жана бейтарап маалыматты жеткирүү. Мен үчүн объективдүүлүк жана чындык маалымат менен иштөөдөгү негизги принцип. Дал ушул нерсе менин орус маалымат каражаттарындагы жасалма сюжет жана “Интернет троллдордун фабрикасы” даярдаган “жалган жаңылыктарга” таянган орус тараптын мамилесинен айырмалап турат.

Ошондой эле Николай Дорошенко орус элчиси көрсөтмө бергидей "календарда 1917-жыл эмес экенин" эске салды.

Ошентип Украинанын чыгышындагы абал боюнча талкуулар Кыргызстандын медиа айдыңында да орун алууда.

Элчилер өз ишин кылууда

Украин элчиси менен болгон журналисттердин жолугушуусуна катышкан “Республика” гезитинин негиздөөчүсү, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын айтуусунда, журналисттер элчи Дорошенко менен бул өлкөдөгү акыркы жагдай боюнча маалымат алуу максатында гана жолуккан:

- Биз Украинадагы акыркы абал боюнча ал өлкөдөн такыр маалымат албай жатабыз. Анан бул өлкөнүн элчиси журналисттерди чакырыптыр. Көп журналистти чакырган экен. Алардын ичинен баргандар элчи берген маалыматты угуп, жаздык. Анан орус элчилигинен “Украинанын элчиси чыр чыгарып жатат, журналисттерди азгырып жатат”,деп айтып жатканына таң калам. Ал туура эмес. Ансыз деле орус маалымат каражаттары аркылуу бир тараптуу маалымат таралып жатпайбы.

Замира Сыдыкова.
Замира Сыдыкова.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жаралган жагдайды түшүнүү менен кабыл алуу зарыл экенин айтууда. Дипломаттын пикиринде, эки өлкө элчилери өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргоого аракет кылып жатат:

- Албетте, бул - элчилердин милдети. Дипломаттар өз өлкөсүнүн, элинин кызыкчылыгын коргоп, позициясын айтып, түшүндүрүп бериши керек. Ага түшүнүү менен мамиле кылып, биз нейтралдуу позицияны кармашыбыз керек. Ага таң калып, баа берүүнүн кереги жок.

Аликбек Жекшенкулов мындай талкууларда Кыргызстандын бийлик органдары, маалымат каражаттары бейтарап позицияны карманышы зарылдыгын белгилейт.

Орус-украин чатагы

Негизи эле Украинадагы абал боюнча социалдык тармакта орусиячыл жана батышчыл санаган колдонуучулар арасында кайым айтышуулар утур-утур болуп келет.

Украина менен Орусия ортосундагы мамиле 2014-жылы орус бийлиги Крымда референдум өткөрүп, Донбасстагы жикчилдерге колдоо көрсөткөнүнө байланыштуу начарлаган.

Ал эми соңку аптада Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен жикчилдердин кармашы күчөп, Авдеевканын айланасында ондогон адамдар мерт болду.

Авдеевка.
Авдеевка.

Орусия менен Украина бул кармашка шыкак берди деп бири-бирин айыптап жатат.

Кыргыз бийлиги Крым маселеси боюнча бейтарап позицияны карманышарын айтып келет. Былтыр жыл аягында Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Кыргызстан Крым боюнча Орусияга каршы резолюцияда бейтараптуулукту карманган эле.

Кыргызстан Украина көтөргөн бул маселеде Орусияны ачык колдобой, бейтараптуулукту карманганы расмий Москвага жаккан эмес.

Ошондуктан Орусиядагы Мамлекеттик Думанын айрым депутаттары Кыргызстанга жардам көрсөтүүнү токтотууга чакырышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG