Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Украина: Авдеевка үчүн кармаш


Авдеевка.
Авдеевка.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши, Евробиримдик жана АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинанын чыгышындагы кырдаалдын кайрадан курчушуна терең тынчсыздануу билдирип, кыянатчылыктарды тезинен токтотууга чакырышты.

Авдеевка деген шаарчадагы атышуулар 29-январдан бери жүрүп жатат. Расмий Киев бул жердеги гуманитардык кырдаалдын абдан оордугуна көңүл буруп, алар коргонуу абалында экенин билдирүүдө.

Украин армиясынын көзөмөлүндө турган жана 29-январга караган түндөн башталган акыркы уруштар али токтой элек Авдеевка шаарчасы Донецктин түндүк тарабында, темир жолдун боюнда жайгашкан.

Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгөрүү жолдору каралган Минск келишиминин шарттары боюнча Авдеевканын түштүк-чыгышындагы өндүрүш зонасынан украин аскерлерин жана Орусия колдогон жикчилдер күчтөрүн ажыраткан майдан тилкеси өтүүсү керек.

Авдеевкадан эвакуацияланып жаткандар. 1-февраль, 2017-жыл.
Авдеевкадан эвакуацияланып жаткандар. 1-февраль, 2017-жыл.

Бул аймакта атышуулар негизинен 2016-жылдын февраль айынан бери эле маал-маал кайталанып келген. Бирок акыркы тутанган 29-январдан бери украин бийликтери өзүн-өзү жарыялаган Донецк элдик республикасындагы орусиячыл жикчилдерди Авдеевканы жапырт, анын ичинде эл жашаган кварталдарды аткылап жатканы үчүн айыпташууда.

Орусия колдогон жикчилдер болсо атышууну украин тарап баштады деп ырастоодо.

Авдеевкада каза тапкан жоокерди жерге берүү учуру.
Авдеевкада каза тапкан жоокерди жерге берүү учуру.

Украин президенти Петро Порошенко күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен 31-январь күнкү жыйында алар коргонуп жатканына көңүл бурду:

- Биринчиден, баарыңарды ишендирип кетейин, 72-бригадабыз жана башка бөлүктөр биздин турумду эң мыкты коргошууда. Аларда өлүм алып келип жаткан окко жооп берүү жөнүндө эч буйрук жок. Өзүн коргогудай каражаттардын баары бар. Биздин бул жердеги жалгыз чектөөбүз – кылмышкерлер, орусиялык козголоңчулар артиллерияны, танктарды, бир учурда бир нече ракета атуучу системаларды Донецк менен Ясиноватанын эл жашаган райондоруна жайгаштырып жатканы. Бизде мунун анык далилдери бар. Бир нече күндөн бери бүгүн (31-январь) алгачкы жолу жайкын тургундарга жана биздин аскер бөлүктөрүбүзгө каршы ракета атуучу Град системалары жана оор артиллерия колдонулду. Атуу жапырт кетип жатат.

Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

Жыйырма миңдей калк жашаган Авдеевкада бул жолку атышуулардын натыйжасында өзгөчө абал киргизилип, электр кубаты толук өчүрүлдү, кышкы суукта жылуулукту берүү дагы чектелди. Бийликтер атүгүл жергиликтүү тургундарды убактылуу көчүрүү маселесин да караштырууда:

- Авдеевкадагы коксохимиялык заводдун иши дээрлик токтоду. Ал Авдеевканын инфраструктурасы үчүн абдан маанилүү эле. Турак үйлөр, ооруканалар бузулду. Жайкын тургундар арасында да жаракат алгандар бар. Эгер аскерий аракеттер дагы курчуса, жайкын тургундар көчүрүлөт, - деди 31-январь күнкү басма сөз жыйында украин армиясынын расмий өкүлү Александр Мотузяник.

1-февраль күнү бийликтер Авдеевкадан 175 тургун, анын ичинде 88 жаш бала чыгарылганын маалымдашты.

Ал эми орусиячыл жикчилдердин башчылары болсо Авдеевкада гуманитардык абалга украин бийликтери жоопкер, электр кубатын алар өздөрү өчүрдү деп ырастап жатат.

- Биз ок атышууну токтотууну украин тарап Донецк элдик республикасынын аймагын аткылоону токтоткон шартта улантабыз. Белгилеп кетели, украин бийликтери Авдеевка шаарын электр жарыгы менен камсыздоону өздөрү бузушту. Бул бизди чагымчылык боюнча айыптоо үчүн жасалды, - дейт өзүн-өзү жарыялаган Донецк элдик республикасынын коргоо министринин орун басары Эдуард Басурин.

Алардын мындай турумун Москвада колдоодо. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков украин өкмөтүн “агрессивдүү аракеттерге барып жатат деп айыптап, муну тынчтык жараянын жокко чыгаруу, элди көңүлүн ички көйгөйлөрдөн буруу деп чечмеледи.

Украин аскерий өкүлдөрүнүн ырастоосунда, алардын Авдеевкадагы турумдарын аткылоо 1-февралда да уланды, атүгүл жикчил күчтөр тарабынан чабуул коюу аракеттери да жасалды.

Авдеевкадагы украин аскерлери. 1-февраль, 2017-жыл.
Авдеевкадагы украин аскерлери. 1-февраль, 2017-жыл.

29-январдан берки атышуулардан украин тарап 1-февралга карата кеминде сегиз аскерин жоготконун, ондогондору жаракат алганын ачыктады.

Бул аралыкта Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши өз билдирүүсүндө тараптарды тезинен ок атышууну токтотуу режимине кайтууга чакырды, Украинанын “суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүнө” толук колдоо көргөзүлдү.

Ок атышууну токтотуу чакырыгы жана кыянатчылыктын жанданышына тынчсыздануу Евробиримдиктин, АКШ Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө айтылды.

АКШнын БУУдагы миссиясы кабарлагандай, алардын жаңы элчиси Никки Хейли украин элчиси менен жолугуп, Кошмо Штаттар алдыда да Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн колдорун ырастады.

Украинанын чыгышында үч жылга жакындап калган куралдуу кагылыштарда азыркыга чейин 9750дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG