Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:19

Путиндин Венгрия сапары Европаны чочутту


Орус президенти Владимир Путинди венгр тышкы иштер министри Петер Сийярто тосуп алды, 2-февраль 2017-жыл.

Орус президенти Владимир Путиндин Венгрияга сапары Евробиримдикте тынчсызданууларды жаратты. Уюмдун ичинде Москва Будапешт аркылуу Европага кысым кылып, санкцияларды алдырууну көздөйт деген пикир басымдуулук кылууда.

Орус президенти Владимир Путин Будапештке соңку эки жылда экинчи жолу келди. Ал венгр өкмөт башчысы Виктор Орбан менен 2-февралда расмий түрдө үчүнчү жолу жолукту. Эки лидер Орусия куруп берем деген атомдук электр станциясын, көгүлтүр отун маселесин сүйлөшөт делгени менен жолугушуунун саясий өңүтү түпөйүл ойлорго жем таштады.

Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, Евробиримдиктин санкцияларына кабылгандан бери Путин уюмга кирген өлкөлөрдөн дээрлик чакыруу албай калган.

Андыктан Путиндин Будапештке келиши Евробиримдикте тынчсызданууларга себеп болду. Өзгөчө АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын Евробиримдикти капарына албаганы жана Москва менен алаканы жакшыртуу аракети камтамачылыкты ого бетер күчөтүп турган кез.

“Тынчсызданып жатканыбыз анык. Быйыл Путиндин жылы. Ал Европадагы ажырымды көздөп турат. Вышеград төрттүгүндөгү (Чехия, Польша, Словакия, Венгрия) Венгрия сыяктуу өлкөнүн Путинге чакыруу жөнөткөнү ажырымды көбөйтүүдө. АКШ биринчи жолу Путинге карата контрбаланс болгон жок”,-деди “Азаттыкка” Евробиримдиктин көмүскөдө калгысы келген расмийи.

Орус президент президенти Владимир Путин жана венгр президенти Виктор Орбан Будапешттеги маалымат жыйынында, 2-февраль 2017-жыл.
Орус президент президенти Владимир Путин жана венгр президенти Виктор Орбан Будапешттеги маалымат жыйынында, 2-февраль 2017-жыл.

Айрым талдоочулар Путин Будапешт аркылуу Евробиримдиктин Орусияга киргизген санкцияларын алдыргысы келет дешет. Бул ойго Европарламенттин депутаты, литвалык Пятрас Ауштрявичюс да кошулат:

"Мен Путин мырзанын Венгрияга мынчалык тез-тез келип жатканына таң калбайм. Путин биздин тилектештигибизди буза турган өлкөлөр аркылуу Евробиримдикке кысым көрсөтүүгө кызыкдар экенин анын соңку визити көрсөтүп турат. Венгриянын президенти Орбан Орусияга кирзилген санкцияларга каршы болуп келген. Бул Орусияга майдай жагат. Бирок бул аракет Евробиримдиктеги тилектештик принцибин жок кылат. Менимче, Венгриянын кадамы толугу менен туура эмес”.

Советтер союзуна каршы ойлору менен 1990-жылдардын башында белгилүү болгон Виктор Орбан Москва менен мамилени жакшыртуу зарыл деп белгилеп келет. Ал Орусиядан арзан энергия алуу мүмкүн экенин жүйө кармап, бул жол менен “Венгриянын кызыкчылыгын биринчи орунга коем” деген убадасын аткарып жатканын айтат.

Венгр тышкы иштер министри Петер Сийярто болсо орус президентинин Будапештке сапарынын мааниси чоң экенин, АКШда Путинди кубаттаган Дональд Трамптын бийликке келиши алаканы жакшыртууга ыңгайлуу шартты түзгөнүн айткан:

“Венгрия менен Орусиянын алакасын күчтөндүрүүгө биринчи жолу эл аралык шарт төп келди. Себеби мурда эки тараптуу мамилени жакшырталы десек эле, Америка менен Европанын андай кылбагыла деген кысымына кабылчубуз”.

Орусия аннексиялаган Крымдагы Симферополь шаары, 9-декабрь, 2016-жыл.
Орусия аннексиялаган Крымдагы Симферополь шаары, 9-декабрь, 2016-жыл.

Венгриянын бийлиги Европа Биримдигинин санкциялары Орусиянын Украина боюнча кадамдарын өзгөртө албаганын, андан Европанын өзү эле жабыр тартканын ачык билдирип келет. Венгр тышкы иштер министри билдиргендей, Европанын санкциялары жана Москванын контрсанкцияларынан улам Венгриянын Орусияга экспорту кескин төмөндөп, өлкө 6,5 миллиард доллар чыгымга учураган.

Бирок Будапешттеги Саясий капитал институтунун директору, талдоочу Петер Креко санкциялардын кесепетин венгр өкмөтү көбүртүп жабыртып жатканын The Moscow Times гезитине айтты. Орус тарап болсо соңку үч жылда Орусия менен Венгриянын ортосундагы соода 50 пайызга же 3,9 миллиард долларга азайганын билдирди.

Орусияга киргизилген санкциялар алынышы керектигин буга чейин Словакиянын өкмөт башчысы Роберт Фицо жана Чехиянын президенти Милош Земан да айткан.

Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн мындай мамилеси Кремлге жагары бышык. Расмий Москва быйыл Голландиядагы парламенттик жана Франциядагы президенттик шайлоолордо Орусияга ыктаган талапкерлер жеңип келсе, мындай пикирлер Батыш Европага да жайылат деп үмүттөнүп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG