Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:38

Санкт-Петербург шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин жыйынында кыргыз тарап Бажы кодексинин жаңы редакциясына бир топ талкуудан кийин кол койсо, уюмдун соода-экономикалык саясатын өнүктүрүү боюнча билдирүүгө кол койгон жок.

Уюшулганына эки жыл болгон бул уюм мүчө мамлекеттердин кызыкчылыгына иштей алдыбы? Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү менен эмне тапты, эмне жоготту?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев жана экономика боюнча серепчилер Эркин Абдыразаков менен Искендер Шаршеев катышты.

“Азаттык”: Искендер мырза, Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин жаңы редакциясына беш мамлекеттин үчөө дароо эле кол койсо, Кыргызстан бир топ талкуудан кийин кол койду. Бул кырдаалды кандай чечмелесек болот? Кыргызстандын кетенчиктегенине эмне себеп болду деп ойлойсуз?

Искендер Шаршеев: Анын бир нече себеби бар. Жаңы кодекстин долбоорунда 2017-жылдын 12-февралынан баштап Кыргызстандагы бажы брокердик компаниялары 1 миллион доллардан депозит коюшу керек деген талап коюлган.

Кыргызстанда андай мүмкүнчүлүгү бар бир эле компания бар, калганы коё албайт, мүмкүнчүлүгү жок. Бул бизде 20 брокердик компания болсо, анын бирөө калат, калган 19у жабылат деген сөз. Ошондо бош калган бажы брокердик орундарга Казакстандын же Орусиянын брокерлери келет деген кеп. Эгерде Бажы кодексинин долбоору мурдагыдай редакциясында кабыл алынса, анда 12-февралдан баштап биздин улуттук бажы брокердик компаниялары жабылат.

“Азаттык”: Осмон мырза, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында эмне үчүн өз товарларын сата албай жатат деген пикирлер арбын. Ошол эле учурда Казакстандан эт-сүт азыктары, Орусиядан керек болсо жашылча-жемиштер Кыргызстанга эркин эле кирип жатканы айтылууда. Мунун негизги себеби эмнеде? Өкмөтүбүз даяр эмеспи же ишкерлер түшүнбөй жатабы?​

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.

Осмон Артыкбаев: Евразия экономикалык биримдиги – бул маанилүү кызматташтык, чек аралардагы чектөөлөрдү алып салып, эркин соода жасоонун жаңы принциптери киргизилүүдө. Бул биримдик толук кандуу иштеп кетиши үчүн укуктук, экономикалык, уюштуруучулук бир топ стандарттарды талап кылат. Бул жолдорду басып өтүшүбүз татаал жана бул табигый нерсе.

Биздин бул уюмдагы шериктеш мамлекеттер тарабынан Кыргызстанга көп көңүл бурулду, Орусия атайын гранттарды бөлдү. Чек араларыбызды уюмдун стандарттарына шайкеш келтирүү үчүн жардамдар болууда. Өндүрүштү көтөрүү максатында 500 миллион долларлык Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлдү.

Айрым маселелердин чечилбей же кечеңдеп жатышына сырткы глобалдык экономикалык кризистер, Орусияга киргизилген санциялар кедергисин тийгизди. Орусия менен экономикалык интеграциябыз күчтүү экендиги билинди. Кыргызстан үчүн эки терезе бар деп айтып калчу элек го. Бири – Кытай, 5 миллиард долларлык соода жүгүртүүлөрүбүз болуп келген. Экинчиси – ушул Орусия.

“Азаттык”: Эркин мырза, Евразиялык экономикалык биримдикке кирген эки жылда Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын ишкерлери, өндүрүүчүлөрү, мигранттары ушул уюмдун үзүрүн сезе алдыбы, натыйжасын көрүп жатышабы?

Эркин Абдыразаков: Бул уюмга мүчө болууну Кыргызстан жакшы тилек менен тандап алган. Арадан эки жыл өттү. Кыргызстан жалпы бажы салыгынан 1, 9 пайыз үлүшүбүздү алабыз дегенбиз, ал акчабыз түшкөн жок. Биздин эң чоң жоготуубуз ушул болду. Ага Орусия, Казакстан, Беларустагы кризистер себеп болду, алар өз айласын таппай калышты.

Кыргыз тарап бардык мүмкүнчүлүктөрдү ачып бергени менен казактар эт-сүтүңөр сапатсыз деген шылтоо менен тоскоолдук жаратышты, бир туугандык кылышкан жок. Мурдагы, азыркы өкмөт түштүктөгү дыйкандарга “жазда жашылча-жемиштерди көп өндүргүлө, Казакстанга, Орусияга сатабыз” деп айтып келишкен. Натыйжада өкмөт товарды сыртка чыгарууга жардам берген жок, дыйкандарды таштап коюшту.

Дыйкандар азыр эмне эгерин билбейт. Өкмөткө ишенбей, ар ким өз арабасын тартууда. Маселен, быйыл түштүктө күрүч, өрүк, алча аябай жакшы түшүм берди. Алардын баарын Өзбекстан, Тажикстан Бажы союзуна кирбей эле алып кетип, Москвада кандай сонун жармаңкелерди уюштурушту, аны көрүп ичиң күйөт экен. Өзүбүздөгү маселелерди чечпей туруп, Евразия биримдигине кирбеген мамлекеттерге “жашыл коридор” берип акча табабыз деген эксперттер көбөйдү. Аны коюп, өлкөдөгү эпизоотикалык, фитосанитардык абалыбызды жөндөбөйлүбү. Кошуна Казакстан менен мамлекеттик деңгээлде сүйлөшсөк болбойбу?

“Азаттык”: Осмон мырза, Орусия президенти Путин “биз Кыргызстанга фитосанитардык маселелерди чечүү үчүн акчалай, жабдуулар жагынан жардам кылдык, калган маселелер алардын өздөрүндө” деди. Буга биз өзүбүз чабалдык кылып жаткан жокпузбу?

Осмон Артыкбаев: Жогоруда пошлинадан түшө турган үлүшүбүз жөнүндө сөз болуп жатпайбы. Биз жакында парламентке Кыргызстандын Бажы кызматынын жана Финансы министрлигинин жетекчилерин чакырып сураганыбызда мурдагы жылдары алып жүргөн акчага караганда сырткы бажы салыгын быйыл 30 пайызга көп алдык дешти. Бул жерден биз утуп жатабыз.

Ал эми ветеринардык жана фитосанитардык маселе боюнча тиешелүү тармак жетекчилери келген жардамдарга талап кылган стандарттарды даярдап, куруп койдук деп жатышат. Армения, Беларус, Орусиядан келген адисттер даярдыкка жакшы баасын берип кетишкен. Бир гана Казакстан менен маселе бар экен, ал дагы чечилет деп жатышат.

(Талкуунун толук варианты менен видеодон таанышыңыз)

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG