Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Базар: ысырап болгон жашылча-жемиш


Оштогу базар
Оштогу базар

Кыргызстанда жылына 91 миң тонна алма малга жем болуп кетет же чирип жок болот. Ал эми өрүктүн 85% Өзбекстан, Тажикстанга сатылып, андан ары Тажикстандын же Фергана өрөөнүнүн кургатылган өрүгү деген бренд менен Орусияга, Европа өлкөлөрүнө экспорттолот.

Азыр ак төөнүн карды жарылып, бакчанын баары мөмө-жемишке толуп турган учур. Бирок түшүмдү сатууга келгенде маселелер чыгып жатат.

Казакстан менен Орусия Кыргызстандын айыл чарба азыктарынан баш тартабы?

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгонуна бир жылдан ашканына карабай, быйылкы жайда Казакстан Кыргызстанда өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди киргизбей жатса, Орусия бир нече жолу миңдеген тонна мөмө-жемишти артка кайтарды. Өткөн жумада эле Орусия Кыргызстандан барган 20 миң тонна мөмө-жемишти өткөрбөй койду. Ушуну менен Кыргызстандан Орусияга экспорттолгон мөмө-жемиш үчүнчү жолу артка кайтарылып жатат. Алгач Орусия коонду өткөрбөй койсо, кийин кургак мөмө-жемиштерди аймагына киргизүүдөн баш тарткан, андан соң бул жактан барган күрүч артка кайтарылган.

Казакстан болсо, өткөн бир ай аралыгында 473 тонна жашылча-жемишти Кыргызстанга кайтарып, анын ичинен 330 тоннасы керектөөчүлөрдүн саламаттыгы үчүн коркунучтуу өсүмдүк илдети менен жабыркаган деп көрсөтүлгөн. Калган 142 тонна айыл чарба продукциясы жасалма сертификат менен чек арадан алып өтүүдө деп артка кайтарылган. Өткөн жылы беш айда коңшуларга 6,5 млн долларлык жашылча-жемиш сатылса, быйылкы сатылган түшүмдүн жалпы көлөмү болгону 27,3 миң долларды түздү.

Азырынча кыргыз бийлиги ишкерлерди ЕАЭБ шартына ылайык, сертификат албай жатат деп айыптоодо. Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевдин айтуусунда, сертификаты бар ишкерлер эч кандай көйгөйү жок эле Орусия менен Казакстанга кирүүдө:

- Бул маселелердин бардыгы биздин ишкерлер сертификат албастан Орусияга экспорттоп жаткандан болуп жатат. Сертификаты бар айдоочуларда эч кандай маселе жок, алар оңой эле кирип жатат.

Ошентсе да, Кыргызстан ЕАЭБге киргени менен, ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын жоктугунан азык-түлүктү экспорттоодо көйгөйгө туш болуп жатканы анык.

Кара өрүк кайгысы...

Өткөн аптада “Россельхознадзор” Кыргызстандан барган эки тонна кара өрүктү кармап, Новосибирск облусуна киргизбей койду. Бул кара өрүктү сатууга тиешелүү уруксат кагаздардын жоктугу менен түшүндүрүлдү. Натыйжада эки тоннадан ашуун кара өрүк кайрадан Кыргызстанга кайтарылды.

Ушул тапта Таласта кайналы же жергиликтүү элде айтылып жүргөндөй, кара өрүк сатылбай турат. Таластык багбандар быйыл болуп көрбөгөндөй түшүмдүү болгонун, бирок анын 1 кг 15-20 сомдон да сата албай жатканын айтышууда. Таластын Бакай-Ата районунда тогуз айыл өкмөтү болсо, анын теңинен көбү жалаң кара өрүк тигип оокат кылат. Алардын бири 58 жаштагы Айтбек Акматалиев Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон жылдары беш гектар кайрак жерди өздөштүрүп, анын эки гектарына 2500 түп кара өрүк отургузган. Багбан жылына 17 тоннага чейин түшүм алчу. Бирок быйылкы жаан-чачындын кесепетинен төрт тонна гана өрүк жыйнай алды. Эми аны сатууга келгенде да убара тартууда:

- Мурун КамАЗ-КамАЗ болуп айылдан-айылга кыдырып алып кетчү эле. Быйыл аз. Монополисттер пайда болуп атабы деп да ойлойм мен. КамАЗды азыраак киргизип коюп, бааны өйдө көтөрбөй, ошолор үстөмдүк этип кетеби деп ойлойм да.

Таластын кара өрүгү негизинен коңшу Казакстан менен Орусияга экспорттолот. Ал айылдарда ортомчулар аркылуу ишке ашат. Алып-сатуу менен алектенгендердин бири Сагыналы Сулайманов казактар менен иштешет. Кара өрүктүн сатылбай жатышына ал Казакстандагы жагдайды жүйө келтирди:

- Казакстандык КамАЗдар 20 тонна эле жүктөп жатышат. Анткени жол стандарты боюнча 25 тонна жүктөгөнгө уруксат жок экен. Бирок былтыр 25 тонна жүктөп эле жатышкан.

Таластын кара өрүгү.
Таластын кара өрүгү.

Жүктөлгөн өрүктүн килограммы ал кезде 30 сомго чейин болсо, быйыл 20 сомдон аша элек. Жергиликтүү бийлик өрүктүн өтпөй жатканын - базар экономикасындагы атаандаштык менен байланыштырууда. Алардын белгилөөсү боюнча, баанын өйдө-төмөн болуусу дүйнөлүк базарга көз каранды.

Таластан тышкары Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунда да кайналы быйыл мол түшүм берип, бирок аны сатууда кыйналып турушат.

Ысырап болгон мөмө-жемиштер

Эл аралык “М-вектор” консалтинг компаниясы Кыргызстандагы айыл, суу чарба министрлиги жана Мөмө-жемиш ишканаларынын ассоциациясынын өтүнүчү менен бул тармакта атайын иликтөө жүргүзгөн. Анда өлкөдө жыл сайын канча тонна мөмө-жемиш жыйналат, алар канчалык деңгээлде киреше берип жатат, мына ушул жагдайлар тууралуу кеңири маалымат берилген.

“М-вектор” компаниясынын маалыматына таянсак, Кыргызстан айыл чарба азыктарын өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү кеңири болгону менен, аны кайра иштетип сатуу жагы өнүккөн эмес. Ушундан улам өлкөдө жыл сайын 100 миң тоннадан ашуун мөмө-жемиш ысырап болот, тагыраагы, ыргытылып чирип жок болот же малга берилет.

«М-Вектор» компаниясынын директору Роман Погожевдин айтуусунда, Кыргызстанда жылына орто эсеп менен өрүктөн 50-70 миң тонна түшүм алынат. Мунун ичинен 20% жаңы бышкан кезинде керектелет, 1% жетпегени кайра иштетилет:

- Болгону 1% кайра иштетилет. Бул деген өрүктү кайра иштетүүчү он беш чакты ишканабыз тургандагы көрсөткүч. Демек, кайра иштетүүгө кызыкчылык жок. Ал эми калган 55% кургатылат. 25% же тагыраак айтканда, 17,5 миң тоннадан ашууну чирип жок болот. Мына ушул көлөмдү кайра иштетсе, багбандардын кирешеси арбын болмок.

Кургатылган өрүк боюнча өзүнчө сөз. Аталган консалтинг компаниясы Кыргызстанда өстүрүлүп, кургатылган өрүктүн дээрлик 85% Тажикстанга арзан баада чыгарылып кетерин белгилейт. Ал жактан сорттолуп, кооз баштыкчаларга салынып, Орусияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө кымбат сатылат. Бул маалыматты баткендик кайра иштетүүчү ишкер Турсунали Төлөмүшев да ырастады. Анын айтуусунда, Кыргызстандын өрүктөрү "Тажикстандыкы" деген бренд менен сатылат:

- Тажикстан союздун тушунда эле дыйканчылык, багбанчылык өнүккөн өлкө катары саналып, кайра иштетүүчү заводдор көп курулган. Биз болсо, эт-сүт көп берүүчү, мал өстүрүүчү өлкө болуп саналып калган экенбиз, бизде эч кандай кайра иштетүүчү ишканалар курулбаптыр. Тилекке каршы, 25 жылда өзүбүз да кура албадык. Тажиктер ошол ишканалары менен мурдатан келе жаткан “Тажикстандыкы” деген брендди сактап калып, эми бизден алган өрүктөрдү кайра сорттоп, кооз кутуларга салып, Орусияга сатып жатышат. Мына бизден ашып барса, 20 чакырым аралыктагы Исфара шаарында он беш чакты өрүктү кайра иштетүүчү ишкана бар. Алар биз кургаткан өрүктү ашып барса 100 сомдон сатып алып, аны кайра бир нече эселеп кымбат сатышат.

Бүгүнкү күнү Тажикстан Орусияга кургак өрүк экспорттогон ири өнөктөштөрүнүн бири.

Кургатылган жемиш саткан базар.
Кургатылган жемиш саткан базар.

Ушундай эле көрүнүш башка мөмө-жемиштерде бар. “М-вектордун” маалыматтары боюнча, жыл сайын алмадан алынган түшүмдүн 36% малга жем болот жеп чирип жок болот. Бул жерде 91,8 миң тонна алма тууралуу сөз болууда. Мынча көлөмдөгү алманын ширесин сыгып алуу мүмкүнчүлүгү бар болсо да, алма кайра иштетилбейт.

Казактар менен орустардын базарын ээлөөгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок кантип?

Өткөн жылы Кыргызстан чет мамлекеттерге 811 тонна алма ширесин экспорттогон, ошондой эле ички рынокто да алма ширесине суроо-талап күч. 2015-жылы Казакстанга 213 миң долларга шире сатылган, джем жана вареньелерди 10 миң долларга, кургатылган мөмө-жемиштер 165 миң долларга сатылган. “М-вектор” компаниясынын бекемдешинче, бул Казакстандын керектөөсүнүн жүздөн бир бөлүгүн гана түзөт. Мисалы, Казакстан бир эле жылда 33,5 млн долларлык жер-жемиш ширесин керектейт.

Ал эми Казакстанга кургатылган жемиштерди бизден чийкилей сатып алган Өзбекстан менен Тажикстан ири көлөмдө сатат. Жемиш ширелерин Өзбекстан, Орусия, Кытай, Израил, Украина жана Бразилия алып кетет.

Ушундай эле кырдаал Орусияга кайра иштетилген жер-жемиш сатууда да бар. Мисалы, Орусияга Кыргызстандан болгону 42 миң долларлык жемиш ширеси сатылат, джем менен варенье 89 миң долларга, ал эми кургатылган жемиш 114 миң долларга сатылат. Ал эми Орусиянын жер-жемиш ширелерине суроо-талабы жылына 270 млн. долларды түзөт. Демек, Орусияга кайра иштетилген мөмө-жемиштер Испания, Италия, Кытай, Түркия жана Бразилиядан алып келинет.

Адистердин айтуусунда, кыргызстандык дыйкандардын Казакстан жана Орусия базарынын бир эле бөлүгүн ээлөө мүмкүнчүлүгү өтө кеңири.

“Агроплатформа” фирмасынын жетекчиси Бермет Турсалиева Кыргызстандын кайра иштетилген жашылча-жемиштери ЕАЭБ өлкөлөрүндө суроо-талапка ээ экенин билдирип, бирок маселенин баары аны бул өлкөлөргө алып кирүүдө жатканын айтат:

- “Кыргызстанда жасалган” деген бренд менен азык-түлүктөр, өзгөчө кайра иштетилген жашылча-жемиштер: кыям болобу, компот болобу же консервациялар болобу, Казакстанда да, Орусияда да өтүмдүү. Таза экологиялык, химикаттар аз деп жакшы алышат. Бирок маселенин баары – биз кайра иштеткен азыктарды ЕАЭБ өлкөлөрүнө алып кирүүдө жатат. Мына былтыртан бери кыргызстандык дыйкандар канча жолу өздөрү өстүрүп, алган түшүмдөрүн Орусия, Казакстандын базарларына жеткире албай, чек аралардан кайтарылып, банкрот болушту. Тиешелүү лабораториялардын жоктугу да буга себеп. Мамлекет өзү буга киришип, жардам бербесе, жакын арада “Кыргызстанда жасалган” деген жашылча-жемиш консервацияларына өзүбүз зар болуп калышыбыз толук мүмкүн. Анткени бир жылы түшүмүн сата албай, банкротко учураган дыйкан, кийинки жылы аны айдабай коет. Түшүм жок болсо, кайдагы консервация? Өткөн жылы дыйкандарыбыз помидорун 1 сомдон сата албай коюшту эле, быйыл помидор 60 сомдон төмөндөгөн жок. Мындай кымбат баадагы помидорду кайра иштетүү да кирешесиз.

Кыргызстанда өндүрүлгөн кулпунай менен кожогаттын болгону 5% гана кайра иштетилет. Ал эми 10% жетпегени жаңы бышкан кезинде Казакстанга сатылат. Өлкөдөгү кайра иштетүүчү 19 ишкананын жарымы гана кулпунай менен малинаны кайра иштетүүгө кызыкдар. Жалпысынан өткөн жылы Кыргызстандык дыйкандар 25 млн долларга кулпунай менен кожогат экспорттошкон деп маалымдайт "М-вектор" эл аралык консалтинг ишканасы.

Улуттук статистикалык маалыматтар боюнча, жыл сайын 1,5 млн тоннага жакын айыл чарба азыктары жыйналат. Анын ичинен, 1 млн тонна жашылча, 500 миң тонна мөмө-жемиштер. Фермерлердин айтуусунда, көрсөткүчтөр мындан да көп, түшүмдөр мындан да арбын болушу ыктымал. Бирок кептин баары аны сатууда жатат.

XS
SM
MD
LG