Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:54

Сарыбаев: Өкмөт мажирөөлүк кылып жатат


Айылчы Сарыбаев.
Айылчы Сарыбаев.

Талды-Булак Сол жээк кенин иштеткен "Алтынкен" ишканасы миң тоннадан ашуун алтын кошулмасын Кытайга чыгарып кеткени боюнча серепчи Айылчы Сарыбаев "Азаттык" радиосуна ой бөлүштү.

Чүйдөгү Талды-Булак Сол жээк кенин иштеткен “Алтынкен” ишканасы 1170 тонна алтын кошулмасын Кытайга чыгарып кеткени талкуу жаратууда. Кытайлык компания баш-аягы 1800 тонна казылманын экинчи партиясын ташып кетүүгө да уруксат сураган. Экономика министрлиги менен Геология, минералдык ресурстар агенттиги бул жаатта жоопкерчиликти бири-бирине оодарып жатат.

“Азаттык”: Эреже боюнча, казылманы алып кетүүгө Экономика министрлигинен башка, Геология, минералдык ресурстар агенттиги жана Каржы министрлиги да макулдук берүүгө тийиш экен. Бирок Экономика министрлиги менен Геология, минералдык ресурстар агенттиги бул жаатта ачык пикир айтпай, жоопкерчиликти бири-бирине жүктөп жатканы бул маселеде күмөндүү аракеттер бар экенин түшүндүрбөйбү?

Кенди казып, аны Кыргызстандын өзүндө алтынга айлантабы же руда түрүндө сыртка алып чыгып кетеби, бул башында эле так көрсөтүлөт. Миң тоннадан ашуун казылманы алып кетүү, албетте, келишимдин ичинде жазылышы кажет.

Сарыбаев: Ишкана ачууда башынан эле келишим түзүлөт эмеспи. Кенди казууга кай бир компанияга уруксат берилип жатканда макулдашууга кол коюлуп, жумуш жараянынын баары жазылат. Кенди казып, аны Кыргызстандын өзүндө алтынга айлантабы же руда түрүндө сыртка алып чыгып кетеби, бул башында эле так көрсөтүлөт. Миң тоннадан ашуун казылманы алып кетүү, албетте, келишимдин ичинде жазылышы кажет. Чек ара кызматы, Бажы мекемеси бар, алар кошулманы сыртка жөн эле чыгарып кетүүгө жол бербейт эмеспи. Ошондуктан, кен казган фирмага жалаа жаап, күнөө койгон туура эмес.

“Азаттык”: Анда эмнеге Экономика министрлиги менен Геология, минералдык ресурстар агенттиги бул жаатта ачык пикир айтпай, казылманы алып чыгып кетүүгө уруксат берүү маселесин бири-бирине оодарып жатат, деп ойлойсуз?

Сарыбаев: Бул жерде жоопкерчиликти бири-бирине артып, убара тартуунун кереги жок. Башында түзүлгөн келишимди карап туруп эле жооп берсе болот. Бизде “тигил айтты, бул айтты” деген шылтоо көп колдонулат. Анүстүнө министрлер да алмаша берет эмеспи. Келишим түзүлгөн кезде тийиштүү мекемелерди кимдер башкарганын, кандай документке кандай шартта кол коюшканын тактап коюунун кандай оорчулугу бар? Күнөөлүүнү сырттан эле издей беребиз. Жоопкерлердин баары өзүбүздө.

Кытайлар алтынды казып, Кыргызстанда тазалоого макул болгон күндө да, мыкты шарттагы тийиштүү ишкана жок болушу толук ыктымал.

“Азаттык”: “Алтынкен” компаниясы руданы Кытайга ташуунун себебин Кыргызстандын шартында аны тазалоонун начардыгы менен түшүндүрдү. Андай ишканаларды курууга өкмөт кайдыгер карап жатканы тууралуу айтылган пикирлер канчалык негиздүү?

Сарыбаев: Өкмөт кайдыгерлик түгүл, мажирөөлүк кылып жатат. Евразия экономикалык мейкиндигине киргенден кийин биздин өлкө бир нерсе өндүрүп, аны сыртка сатууга жөндөмү жок экени маалым болуп калды. Андыктан, кытайлар алтынды казып, Кыргызстанда тазалоого макул болгон күндө да, мыкты шарттагы тийиштүү ишкана жок болушу толук ыктымал. Кытайдагы технология биздикинен алда канча арзан жана сапаттуу. Ошондуктан кошулманы алып чыгып кетишүүдө. Бизде андай мүмкүнчүлүк болсо, алар ташып кетип, убара болмок эмес. Экинчи жагынан, кытайлар деле өзүнө-өзү чыгаша көбөйтүүнү каалабайт. Кытайда тазаласа, көбүрөөк киреше алышат, Кыргызстанда тазаласа, пайда азыраак болуп калат.

Өкмөт кайдыгерлик түгүл, мажирөөлүк кылып жатат. Евразия экономикалык мейкиндигине киргенден кийин биздин өлкө бир нерсе өндүрүп, аны сыртка сатууга жөндөмү жок экени маалым болуп калды.

“Азаттык”: Кытайлык компаниялар казылмалардын көп бөлүгүн мыйзамсыз эле ташып кетет деп, жергиликтүү эл арасында буга чейин да нааразылыктар чыгып жүргөн. Чоң-Алайдагы “Кайди” компаниясына коюлган дооматтарды мисал кылсак болот. Мындай маселелерге чекит коюуда өкмөт эмнеге көңүл бурушу керек?

Сарыбаев: Өкмөт эмне үчүн көп өлчөмдөгү казылмаларды алып чыгып кетүүгө уруксат берип жатат? Маселе ушунда. Чек арада тургандар же Бажы кызматынын өкүлдөрү өкмөттүн кагазынын негизинде руданын сыртка чыгуусуна уруксат берет да. Кытай чек арачылары да аябай катуу көзөмөлдөйт. Аларга да биздин өкмөттүн уруксат кагаздары көрсөтүлөт. Эл арасында ар кандай нааразылыктарды болтурбоо үчүн өкмөт адамдарга эки тараптуу келишимдерди көрсөтүүгө милдеттүү. Эгер мыйзамдуу болсо, анын эрежелерин, эмне үчүн казылма ташылып жатканын ачык-айтуу керек.

Маалымат үчүн: Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Талды-Булак Сол жээк алтын кенинин изилденген запасы 77 тоннадан ашуун. 2006-жылы “Алтынкен” компаниясы түзүлгөн. Кытайлык “Цзыцзинь” ишканасы өзүнүн “Суберб Пасифик лимитед” фирмасы аркылуу 2011-жылы “Алтынкен” ишканасынын 60% үлүшүн сатып алган. Калган 40% “Кыргызалтын” мамлекеттик мекемесине таандык. Кытай тарап кенди иштетүүгө 188 миллион юан инвестиция киргизүүнү убада кылган.

XS
SM
MD
LG