Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:38

Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.

Анда биримдиктин алкагында интеграциялык жараянды өркүндөтүүнүн көйгөйлөрү белгиленип, экономикалык өнүгүүнүн багыттары аныкталды. Бирок бул уюмга акыркылардан болуп кирген Кыргызстан үчүн анын пайдасына караганда зыяны көп болуп жатканы белгиленди.

Саммиттин саналуу маселелери

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 26-декабрь күнү таң эрте Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барды. Евразиялык экономикалык биримдикке кирген Орусия, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Беларустун мамлекет башчылары биримдик түптөлгөндөн берки эки жылдын жыйынтыгын чыгарышты.

Саммит учурунда Евразиялык экономикалык биримдиктин жаңыдан иштелип чыккан Бажы кодексине кол коюу каралган. Бажы кодексиндеги Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келбеген бир катар шарттардан улам саммит учурунда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев ага кол коюудан баш тартканы тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын башчысы маалымат таратты. Бирок бир катар талаш-тартыштардан кийин Кыргызстан Бажы кодексине кол койгону жарыяланды.

Мындан сырткары Кыргызстан биримдиктин алкагында ветеринардык көзөмөлдү алып салып, соодадагы жасалма тоскоолдуктарды жоюу маселесин көтөрдү.

Ветеринардык көзөмөлдү уюштуруу боюнча биздин өкмөттүн иш-аракеттерин Орусия, Беларус, Армения сыяктуу калган мамлекеттер жакшы баалашты. Азыр бизде Казакстан менен гана саясий деңгээлде чечиле турган маселе калды.
Калыбек Жумаканов

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов бул жагдай боюнча мындай деди:

- Кыргызстанга келип кеткен бардык мамлекеттердин Евразия экономикалык комиссиясындагы өкүлдөрү биздеги абалга абдан жакшы баасын беришти. Азыркы учурда бул маселе боюнча Казакстан менен гана маселе бар. Казакстан бир аз убакыт муну кароону токтотуп, аны менен макулдашуу кечеңдеп жатат. Лабораторияларды куруу жана ветеринардык көзөмөлдү уюштуруу боюнча биздин өкмөттүн иш-аракеттерин Орусия, Беларус, Армения сыяктуу калган мамлекеттер жакшы баалашты. Азыр бизде Казакстан менен гана саясий деңгээлде чечиле турган маселе калды.

Пайдасынан зыяны көп биримдик

Буга чейин Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков кээ бир өлкөлөр биримдиктин бекитилген шарттарынан айырмаланган талаптарды коюп жатканын айткан эле. Ал муну менен техникалык регламентти колдонууда маселе бар экенин, Кыргызстандын товарларын Казакстанга жана Орусияга киргизгенде тоскоолдуктар болуп жатканын белгилеген. Анткени Евразиялык экономикалык биримдиктин ичинде эркин соода жүгүртүү иштебей жатканы айтылган эле. Кыргызстанда өндүрүлгөн айрым айыл чарба азыктарын өнөктөш өлкөлөрдүн базарына чыгаруу маселеси чечилбей келген.

​ЕАЭБ: аштыгын сата албаган дыйкан арбын

Кыргызстан өз продукциясын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эмне үчүн эркин сата албай жатат? Кошуна Казакстанга жашылча-жемиш киргизүүгө эмне тоскоол болууда? Орусиядан помидор ташып келүүнүн зарылчылыгы эмнеде?

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков айрым эрежелерди жөнөкөйлөштүрүүнү сунуштаган:

- Евразиялык биримдик бул ички рынокту либералдаштыруунун дагы аянтчасы болууга тийиш. Мына ошондуктан мен жакынкы убакта товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана капиталды жүгүртүү эркин жүргүзүлүп калат деген ниеттемин. Кыргызстан көп тараптуу кызматташуунун алкагында бул маселеде ачык диалогго барууга дайыма даяр экенин айткым келет.

Буга бир катар парламент депутаттары Кыргызстан өкмөт убада кылган ири рынокко кирмек турсун, өнөктөштөргө өзүнүн рыногун тарттырып жибергенин айтышкан эле. Расмий маалыматтар боюнча, 2016-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 24,6 пайызга түшкөн. Экспорт көлөмү 11 пайызга азайып, импорт 29 пайызга кыскарды. Биримдикке кирүү Кыргызстандын Кытай, Түркия жана Евробиримдик менен соода жүгүртүүсүнө терс таасирин тийгизип, анын көлөмү кескин кыскарган.

Тышкы соода боюнча эксперт Манас Саматов бул биримдик экономикалык жактан өзүн актабай турганын белгиледи:

- Москвада отурган Евразия экономикалык комиссиясынын жети мүчөсү бардыгын териштирип, ага биздин тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары түздөн-түз баш ийип калганын мезгил өзү көрсөттү. Бул экономикалык биримдиктен бизге эч кандай пайда жок. Пайданы биз өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүктөрдөн гана издешибиз зарыл. Сырттан саясий максаттары менен таңууланган бул биримдикке ишенип, азыр эми биз туңгуюкка кептелип калдык.

“Жылыш бар, бирок туруш жок”

Жогорку Кеңеште Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүдөн ата мекендик өндүрүш аксап жатканы айтылган эле. Депутаттар биринчи кезекте кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр Орусия менен Казакстандын компанияларынын атаандаштыгына туруштук бере албай жатканы белгиленген болчу. Бирок Калысбек Жумаканов соңку мезгилде айрым тоскоолдуктарга карабастан жылыштар бар экенин айтты:

- Тоскоолдуктарга карабастан, биздин кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр Евразиялык экономикалык мейкиндиктин рыногуна чыгууга бир топ аракеттерди жасап жатышат. Мына ушул күнгө карата 18 компания жалпы реестрге кирип, иш алып барууда. Мисалы, биз былтыркыга салыштырганда сүттү үч эсе көп экспорттодук. Былтыр алты эле тонна сүт экспорттосок, быйыл 22 тоннага жетти. Азыр бизден бал, балык сыяктуу бир топ азык-түлүк ээн-эркин эле чыгып калды. Болгону азыр биз этти экспорттой албай жатабыз. Мына ошого карата гана уруксат алалбай жатабыз. Мүмкүн бул маселе эмдиги жылы чечилип калат.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирип жаткан кезде өкмөт өндүрүштү жана сооданы өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыларын убада кылган болчу.

"Азаттыктын" архиви: "Сүт булактын" Орусияга сатылган азыктары. 5-декабрь, 2016-жыл

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG