Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

ЕАЭБ армяндарды деле "эркелетпеди"


Армениянын президенти Серж Саргсян менен Орусиянын президенти Владимир Путин
Армениянын президенти Серж Саргсян менен Орусиянын президенти Владимир Путин

Кыргызстан менен тең катар ЕАЭБге кирген Армения учурда кандай күн көрүүдө? Экспорт көбөйүп, экономика өнүгөт деген армян аткаминерлери эмне үчүн азыр бармагын тиштеп жатат?

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине расмий киргенине майда бир жыл толду. Бул убакыт ичинде убада кылынгандан айыл чарба азыктары биримдик ичине дүркүрөтө сатылган жок. Буга Кыргызстанда товардын сапаты төп келерин далилдеген лабораториялардын, товар жеткирүүнү уюштуруунун жоктугу себеп катары каралып келет.

Кыргызстан айрым учурда ЕАЭБ кээ бир өндүрүмдөрге себепсиз чек койгонун айтканы менен каяша кылчу чарасы жок. Бул өлкө ЕАЭБге киргенден кийинки дыйкан менен малчылардын, демек элдин көңүлүн калтырган ири факторлордун бири.

Армения Кыргызстандан жарым жыл мурда аталган биримдикке кирген. Каршы жүйөлөргө армян жетекчилери биримдикке кошулуу экспортту олуттуу көбөйтүп, эл жашоосун жакшыртат, өлкө туруктуу өнүгүүгө бет алат деп, кыргыз бийлигиндей эле жооп берген. Бирок убадалар аткарылбаганын Еревандын мурдагы мэри, азыр оппозициялык “Армян улуттук конгрессине” мүчө Ваагн Хачатряндан уктук:

Армения
Армения

- Бизге армян атомдук станциясына каражат салынат, газга, мунай өндүрүмдөрүнө баа түшөт, жумушчу күчтөрү эркин жүрө алат, биримдик өлкөлөрүнө товар экспорттоодо маселе жаралбайт дешкен. Мунун баары тескерисинче болду. Биримдик эмне берди дегенге келсек, 2015-жылы эч пайдасы болбоду.

Армяндар биримдик ичинде жашаган толук бир жылда соода жүгүртүүдө армян-орустардыкы 20%, армян-казактардыкы 30% ашуун кыскарган.

Армяндар үчүн негизги экспорт - коньяк биримдикке кирип, мурдагы бажы алымы жоюлганда көбүрөөк сатылат деген божомол орундалбай, сатуу 35% азайган.

Бул Орусия европалык товарларга, азык-түлүккө санкция салган учурда өз өндүрүмдөрүбүздү орустарга көбүрөөк өткөрөбүз деген армениялыктардын үмүтүн актаган жок.

Коньяк кризиси өлкөдө жүзүм өндүрүүчү карапайым багбандарга таасир этип, акыркы айларда бир нече нааразылык акциялары өттү.

Армян коньягы
Армян коньягы

Армения биримдиктеги өлкөлөрдүн бирөө менен да чектешпейт. Аларга товар саткысы келсе, Грузия аркылуу өтөт. Олуттуу көйгөй ушул жерде да жаралып жатканын экономист Бабкен Тунян айтты:

- Айыл чарба товарлары дегенде биринчиден транспорт, жарактуулук мөөнөтү маселесинде көйгөйүбүз бар. Мисалы, грузин-орус мамилеси жакшы болбогондон улам ал жерде кез-кезде маселелер жаралып турат. Экспортчулар үчүн бул өтө чоң көйгөй. Грузиндер жүктөрдү кайра таразага тарткан же кайсы бир техникалык себептер менен кармаган учурлар бар. Азык-түлүк ташыган жүк унаалары эки жумадан кармалган учурлар болгон.

Айта кетчү жагдай, союздаш Кыргызстан Армения менен соода алака жүргүзгөн алдыңкы отуз өлкөгө да кирбейт. Дегеле, расмий эсепте, ЕАЭБ менен армяндардын жалпы соода алакасы 25% тегереги. Калганын Евробиримдик, Кытай, Иран, Түркия менен соода алакасы толуктайт.

Тоолуу Карабактагы армян ишканасы
Тоолуу Карабактагы армян ишканасы

Ушундан алганда, биримдикке чылгый саясий себептен кошулушканын, андан экономикалык майнап чыкпаганы айтылат.

- Дегеле биз эмнени сыртка сата алабыз? Ушул көз караштан алганда, биз үчүн биримдикке кирүүдөн эч кандай пайда түшмөк эмес. Анткени, жалпы экспортубуздун 80% беш эле товар түзөт. Бул тоо-кен өндүрүшү, коньяк, тамеки, алтын, бриллиант. Машина куруу же кайра иштетүүчү өндүрүш жок. Айыл чарба өтө чабал. Ал аба ырайына көз каранды. Өрүк жана башка мөмөлөрдөн түшкөн пайда болгону 25 миллион доллар. Бул Арменияга жардам бере алчу тармак эмес, - дейт Ваагн Хачатрян.

Кесепеттерин эсептеп жатып армян экономисттери өлкө биримдикти терең изилдеп, талдабай, даярданбай туруп киргенин белгилешет. Муну армян экономика министри Арцвик Минасян да моюнуна алды:

- Түрдүү себептер бар. Даярдыксыздык киргенибиз да себеп. Ошондой эле, Армениянын жүк ташуусундагы тоскоолдуктар, армян товарларын экспорттогон ишканаларды каржылык камсыздандыруунун эффективдүү механизмдерин түзүү жаатында түшүнбөстүктөр бар. Аны орус тарап, башкалары да толук түшүнө албай жатат. Аны чечүүнү бир эле жакка жүктөп койгонго болбойт.

Деген министр биримдик өлкөлөрүндөгү башка өлкөлөр менен теңата сүйлөшүү, маселени чечүүдөгү орток пикир жоктугуна ишарат кылууда.

Арменияда эл кымбатчылыкты сезе элек

Армян импорту Кыргызстандын экспортунан үч эсе көп. Деген менен экономист Бабкен Тунян импорттук товарлардын кымбаттаганын эл сезе электигине токтолду:

- Бизде Евробиримдик менен ВСП+ деген өзгөчө соода режими бар. Айрым товарлар боюнча жеңилдиктер сакталып калды. Ал эми Орусия, Кытай, Иран менен соода жүгүртүүнүн бири-бирине таасири жок. Бажы алымдары азырынча жогорулай элек. Мисалы, импорттук дары-дармектерге ЕАЭБдеги башка өлкөлөрдө бажы алымы азыр Арменияга караганда кыйла жогору. Эгер ошол пошлина менен соода кылганыбызда, биздеги дарынын баасы азыркыдан эки эсе көтөрүлмөк. Элибиз бай эмес. Мунун айынан нааразычылык жаралмак. Бул эске алынып, ушул сыяктуу 800дөй товарга жеңилдик мөөнөттөрү берилген. Кээ бирине эки, кээсине беш жыл.

Ал эми беш жылдан кийин эмне кыласыңар деген суроого Бабкен Тунян ЕАЭБ ошончо убакыт жашай алар бекен деп тамашалай жооп берди.

Расмий 7-10 келишим бар. Ал жерде бир пункт бар. Эгер товар социалдык болсо, мисалы, ооруканаларга келген дары-дармектер бажы алымынан 90-99% бошотулат.
Үсөн Усупов

Үчүнчү өлкөдөн импорттолчу айрым товарларга жеңилдиктерди алууга Кыргызстан да жетишкен. Бирок алар так кайсы товарлар экени коомчулукка белгисиз.

Биримдикке киргенден кийин импорттук товарлар кескин кымбаттаган Кыргызстанда ал анчейин байкалбаганы айтылып келет. Буга бажы жеңилдигине илинген товарлардын көбүнесе ири өндүрүшкө гана тиешеси бардыгы себептей. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигиндеги өкүлү Үсөн Усупов үчүнчү өлкөдөн келчү товарларга жеңилдик көп эле алынганын айтканы менен так санын билбейт:

- Сизге профессионал да жооп бере албайт. Ал жерде машина, курулуш, Кумтөрдөгү алтын казуу үчүн жабдык-тетиктер, же Кытай менен байланыштуу бир топ товарларга байланыштуу жеңилдиктер бар. Азык-түлүктөр да, өндүрүшкө байланыштуу товарлар да бар.

- Бул карапайым элге канчалык түз таасир эте алат?

- Буга чынында жооп бере албайм. Ар бир макулдашууну карап көрүү керек. Расмий 7-10 келишим бар. Ал жерде бир пункт бар. Эгер товар социалдык болсо, мисалы, ооруканаларга келген дары-дармектер бажы алымынан 90-99% бошотулат. Мындай шарт бар. Башка маселе, азыр Евразия экономикалык комиссиясы мындан ары кандайча бажы алымынан бошотулат деген тартип эми иштелип атат.

Усуповдун айтымында, айрым товарлар үчүн жеңилдик быйыл бүтөт, айрымдары эки-үч, айрымдары мөөнөтсүз. Бирок анын канчасы карапайым элдин чөнтөгүнө түздөн түз таасир эткен, биринчи керектөөдөгү товарлар экени дале белгисиз бойдон калды.

"Армения газ менен бензинди Орусиядан алат. Биримдикке киргенден кийин газдын баасы көтөрүлгөн жок. Бажы алымы жоюлганына байланыштуу миң кубу 165тен 150 долларга түштү. Бул өлкөгө тийген пайданын бири. Ошол эле учурда күйүүчү майды жеке ишкерлер ташып киргендиктен, баасы көп арзандаган жок",- дейт экономист Бабкен Тунян.

Армян калкы да Кыргызстандай эле Орусиядагы эмгек мигранттарынан көз каранды. Учурда Орусияда жарым миллиондон ашуун армениялыктар жүрөт деп эсептелет. Алар өткөн жылы өлкөсүнө 1,2 млрд доллар которгон.

XS
SM
MD
LG