Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:32

Кара малды идентификациялоо башталды


Кыргызстанда ЕАЭБ талаптарына ылайык кара малды идентификациялоо өнөктүгү башталганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт. Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Чүй облусунун Ысык-Ата районунда малды идентификациялоо процессин пилоттук негизде көрсөтүү иш-чарасына катышты.

Абулгазиев белгилегендей, “2013-жылы республика боюнча мал-жандыктарды идентификациялоо боюнча мыйзам кабыл алынган. Долбоорго өкмөт 40 млн. сом, Орусия өкмөтү 450 миң сом каражат бөлдү”.

Аталган долбоордун алкагында, өлкө боюнча 3 миңге жакын ветеринар адистери атайын окуу курстарынан өтүшөт. Ошондой эле алдыдагы үч жылда өлкө боюнча сатыла турган кара малдар толугу менен идентификациядан өтөт. Андан кийин майда мал-жандыктарды идентификациялоо иштери башталмакчы. (SDz)

XS
SM
MD
LG