Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын айтымында, Украина лидери Владимир Зеленский орус-украин согушун токтотуу боюнча Вашингтон сунуштаган планга "кол коюуга даяр эмес", алтургай документ менен толук тааныша элек.
Бул тууралуу Трамп Кеннеди борборунун сыйлык тапшыруу аземине катышар алдында журналисттерге билдиргенин The Hill басылмасы жазды. Президент кайсы документ жөнүндө айтып жатканы белгисиз. Анткени АКШ сунуштаган пландын алгачкы версиясы кийин бир топ өзгөргөнү маалым болгон.
"Чынын айтсам, бир аз нааразы болдум. Президент Зеленский АКШнын сунушу менен да тааныша элек. Бир нече саат мурда тааныша элек болчу. Анын командасына план жакты, бирок анын өзүнө жаккан жок", — деди Трамп.
Америка президентинин айтымында, Москва "Украинаны толук басып алгысы келет" , анткен менен тынчтык пландын шарттарына макул.
6-декабрда Зеленский Трамптын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен "узак жана мазмундуу сүйлөшүү өткөргөнүн билдирген.
Анын айтымында, тараптар "кан төгүүнү токтотууга жана Орусиянын үчүнчү ирет кол салуу коркунучун алдын ала турган негизги маселелерди" талкуулаган.
"Алардын 24/7 режиминде бирге иштөөгө даярдыгы үчүн ыраазымын. Америкалык өкүлдөр украин позицияларынын негизги принциптерин билишет. Сүйлөшүү татаал болсо да конструктивдүү болду. Иш уланууда", — деди Зеленский.
Ал ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы Рустем Умеровдон жана Башкы штабдын жетекчиси Андрей Гнатовдон Майами шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы күтүп жатканын кошумчалады.
2-декабрда Кушнер менен Уиткофф Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Кремль анда бир катар маселелер боюнча мунаса табылбаганын билдирген.
Маалымат каражаттарына жарыялангандай, Американын тынчтык планынын биринчи вариантында Донбасстын толугу менен Орусияга өтүшү, Украина күчтөрүнүн учурда көзөмөлдөп турган аймактардан чыгышы сунушталган.
Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин The New York Times өз булактарына таянып жазгандай, бул версиядан аймак боюнча жоболор алынып салынган.
Шерине