Бул арада № 26, 8 жана 9 округдагы жыйынтыктар боюнча талаш-тартыштар уланып жатат. Талапкерлер ал жерлерде добуш сатуу фактылары болгонун айтышууда.
БШКнын жумушчу тобу №26 шайлоо округу боюнча арызды карап, арызды канааттандыруусуз калтырды. БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров арыз берүүчүлөргө сотко кайрылууну сунуштады.
БШКнын жумушчу тобу бүгүн №26 шайлоо округунда талапкер Медербек Саккараевдин үгүтчүлөрү акча таратканы тууралуу арызды карады.
Бул округдан талапкер Элдар Абакиров БШКга жана укук коргоо органдарына кайрылып, ушул аймакта аныкталган 460 миң сомдун чоо-жайын, айрым тилкелердеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып жатканын териштирүүнү талап кылган.
“Аны менен маселе чечилбейт. Анткени, мыйзамда так жазылып турат. Биринчиден, бул Саккараевдин биринчи мыйзам бузуусу эмес. 20-ноябрда бир агитатор акча таратканы аныкталган. Бул экинчи бузуу болуп жатат. Талапкер четтетилиши керек. Далилдер, беренелер жетиштүү. Жергиликтүү шайлоо комиссиянын чечимдери бар. Кылмыш иш козголгон. Акча берилгени ырасталды. 460 миң сомду бирөө жөн эле таратса. Бул таза шайлоо деп айтып керги жок. Анда кайдагы мыйзамдуу келген ЖК болуп жатат?”.
Ички иштер министрлигинин өкүлү, Чүй облустук башкармалыгынын адиси Улан Зикиралиев бул арыздын негизинде акча таратты деген Нурлан Шаршеналиев суракка алынганын билдирди.
А үгүтчү жеке кызыкчылыгынан улам акча таратканын, ал тууралуу Саккараев билбегенин, тергөө уланып жатканын айтты:
"Шаршеналиевдин аракеттери пайда табуу максатында болуптур. Ошон үчүн шайлоочулардын добушун сатып алып жатат. Акча таратып берүү учурунда кармалды, 309 миң накталай акча менен. Азыркы учурда ушул Шаршеналиев Нурлан Саккараевдин тиешеси бул нерсеге бар экенин иштин жагдайында аныкталган жок".
- Сиз айтып кеттиңиз, ушул Шаршеналиев өз кызыкчылыгынын аргасында жасаптыр деп. Кандай пайда көрөт экен эле?
- Кандидат депутаттыкка өтсө бир материалдык кызыкчылыгы бар экен эле...Өзүнүн көрсөтмөсүндө башка эч нерсе айтпады...
- Мындай логикага келбей жатат да...
Жыйында отурган талапкерлер Элдар Абакиров менен Акжол Исаев алардын үгүтчүлөрү Шаршеналиевди машинеси менен Саккараевдин штабынын жанынан бир нече ирет көргөнүн билдирип, жакында тергөөгө бул тууралуу фото, видео көрсөтөрүн айтышты.
“РИИБ дал келген маалымат менен анан булардын маалыматын тактайбыз. Азыр биз чечимди кабыл алган жокпуз. Талкуу жүрүп жатат. Бизге арыз бергендер айтып жатат, ошол округдун шайлоосун жокко чыгарып, анан талапкерге чара көргүлө деп. Ал боюнча алсак акча таратканы чыкты, бирок ал таллапкерге тиешеси жок болуп жатат, үгүтчү катары тизмесинде да жок. Бирок биз талапкерлерге видео алып келгиле деп айттык”, - БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев.
Жумушчу тобу мындан тышкары №19 шайлоо округунан талапкер Рысгүл Акимжанованын жазган арызды карап, далилдер жетишсиз деген негизде канааттандыруудан баш тартты.
Анда Акимжанова ал катышкан округда башка талапкерлер тарабынан добуш сатып алуу фактылары болгону тууралуу билдирген. Акимжанованын өкүлү
Жыйында №8,9 округдун маселеси каралган жок. Узарбек Жылкыбаев алар күн тартибинде болбогонун айтты.
"Ушул округдар кирген жок повесткага. Эмне үчүн? Ал мыйзамда бар. Жергиликтүү Шайлоо комиссиянын отурумдарынан жыйынтыгынан кийин эки күн өтүш керек".
- Орунбеков пост жарыялады, жокко чыгарылды деп.
"Талапкерлерге, мамлекеттик кызматкерлерге айтат элек. Маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын пресс-катчысынан, бизден алып анан таркатсаңар. Анткени кээ бир мамлекеттик кызматкерлер жарыя кылып мыйзамды бузуп жатышат".
Буга чейин аймактык шайлоо комиссиясы 8-округдагы эки тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарганы белгилүү болгон. Мыйзам боюнча эми бул маселени БШК карап, өз чечими менен бекитиши керек. Бирок аймактык шайлоо комиссиянын чечими белгилүү болгон соң алдын ала эсеп боюнча бул округдан гендердик квота менен алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошева соңку аракеттерге нааразы болууда.
Ал ат салышкан округдан №5249 жана №5514 тилкелеринен жалпысынан 1009 добушу жокко чыгарын, муну анын парламентке келишин каалабаган айрым адамдар кылып жатканын билдирүүдө.
“Биринчиден, №8 округдагы иштерди аймактык шайлоо комиссиясы карап жатканын билген жокпуз. Экинчиден, алар бизди чакырган эмес, кабар бербестен туюк карап, мыйзамсыз иштерге аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мамыт Молдобаев барды. Мен азыр күч органдарына кайрылып жатам. Ошол аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин текшерип, эгер алар мыйзам бузса чара көргүлө деп. Керек болсо камаш керек”.
Жолдошева бийликке кайрылып, эгер четтетиле турган болсо ордуна Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жээни Нуржамал Төрөбекова келиши ыктымал экенин айткан.
Шайназаров Жолдошеванын дооматына жооп берип, аймактагы туугандык байланыштарын айтып, керек болсо Жылдыз Жолдошева өзү дагы ага тууган болорун белгилеген. Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Жолдошова жалпы 2941 добуш алган, анын көбү жыйынтыгы жокко чыгарылган тилкелерден топтолгон.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына №9 шайлоо округунан талапкер болуп, аялдар арасынан алдыга чыккан Ыргал Кадыралиева да 6-декабрда президент Садыр Жапаровго кайрылып, айрым тилкелердин жыйынтыгын жокко чыгарган аймактык комиссиянын чечимин калыс териштирүүгө көмөк сураган.
Борбордук шайлоо комиссиясы да, аймактык комиссия да бул маселе боюнча азырынча комментарий бере элек.
Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин 5-декабрда №16 шайлоо округу боюнча жыйынтыкты таанып, жеңүүчүлөрдү бекиткен. Ошону менен жалпы 13 округ боюнча жыйынтык кабыл алынды. Ал эми 13-округда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду деген негизде Боршайком жыйынтыкты жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындаларын билдирген. Бул чечимге байланыштуу айрым талапкерлер БШКнын чечимин сотко берген.
Мыйзамга ылайык, БШК шайлоо күнүнөн кийин эки аптанын ичинде шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, шайланган талапкерлерди жарыялашы керек.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. 30 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланып келиши керек. Жалпы 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.
Шерине