Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Сирияда Асад режиминин кулашынын бир жылдыгы белгиленүүдө


Башар Асаддын бийликтен кулатылышынын бир жылдыгын белгилеп жаткан сириялык жаштар. 8-декабрь, 2025-жыл.
Башар Асаддын бийликтен кулатылышынын бир жылдыгын белгилеп жаткан сириялык жаштар. 8-декабрь, 2025-жыл.

Сириялыктар 8-декабрда Башар Асаддын кулатылышынын бир жылдыгын белгилеп жатышат. Расмий майрамдык иш-чаралар Дамасктын борборундагы Умайяд аянтында уюштурулду. Мындан сырткары аскердик парад да пландалган.

Сириянын азыркы президенти Ахмед аш-Шараа жетектеген козголоңчулар баш калаа Дамаскты толук көзөмөлгө алганда Асад бийлигин таштап, өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Кийин ал Орусияда экени маалымдалган. Асаддын үй-бүлөсү өлкөнү 54 жыл башкарган.

"Аль-Каида" террордук тобунун мурдагы командири, аш-Шараа бийликке келген бир жылдан бери өлкөнүн тышкы саясатын кескин өзгөрттү. Ал АКШ, Перс булуңундагы өлкөлөр жана Түркия менен жакшы алака түзө алды. Батыштын катуу санкциялары да негизинен алынды.

Жаңы президент диктатураны адилеттүү башкаруу системасына алмаштырууга убада берген. Анткен менен бир жыл ичинде айрым аймактарда улуттар аралык тирешүүлөр кайталанып, жүздөгөн адамдар каза болду. Бул өч алуу сезимин күчөтүп, азчылыктар арасында жаңы өкмөткө ишенимди начарлатууда. Серепчилердин айтуусуна караганда, аш-Шараа өлкөнүн бардык аймактарын борбордук бийликке баш ийдире албай жатат.

Түндүк-чыгышта күрддөрдүн автоном администрациясы коопсуздукка байланыштуу майрамдык чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салды. Алар «террордук түйүндөр» бул күндү пайдаланууга аракет кылып жатканын билдиришти.

2011-жылы башталган Сириядагы согуш жүз миңдеген адамдын өмүрүн алды, миллиондогон адамдар турак жайсыз калды. Беш миллионго жакын адам коңшу өлкөлөргө качты. Бир жылда 1,2 миллион качкын, ошондой эле 1,9 миллион ички жер которгон адам мекенине кайтып келгенин Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги маалымдады.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG