Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:19

Экономикасынын ички структуралык көйгөйлөрү менен катар Батыш өлкөлөрүнүн санкцияcына кабылган Орусия 2016-жылды да Ички дүң өнүмдүн төмөндөөсү менен жыйынтыктары күтүлүүдө. Бул экономика эки жыл катары менен артка кетип жатат дегенди билдирет. Бирок 2017-жылы Орусия экономикасы өсүштү карай багыт алат деп болжолдонууда. Анткен менен айрым жергиликтүү талдоочулар буга анчейин ишенбей турган кези.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигиндеги башкы жана үмүт арткан өнөктөшү Орусияда өсүш ыргагынын жайлашы жана терс динамика 2013-жылдан бери эле катталууда.

Ал жылы Ички дүң өнүмдүн өсүшү 1,3%, 2014-жылы 0,7% гана түзгөн эле. Ал эми кийинки 2015-жылы Ички дүң өнүмдүн динамикасы тескери кетип, 3,7% чейин ылдыйлаган.

Мындан жана рублдин куну качышынан улам доллар менен эсептегенде акчалай көлөмү 2014-жылы 2,2 триллион долларга барабар болгон Ички дүң өнүм 2015-жылы 1,2 триллион долларга чейин азайган.

2016-жылдын жыйынтыгы менен да тескери тенденция уланып, бирок көрсөткүч 05 - 0,7% аралыгында деп күтүлүүдө.

2017-жылга Орусиянын мурдагы экономика министри Александр Нечаев “Азаттык” радиосу менен маегинде белгилегендей, экономикада өсүш да, төмөндөө да болжолдонуп жатат:

- Таңкалычтуусу - эң чоң оптимизмди Дүйнөлүк банк билдирди. Алардын болжолунда, биздеги өсүштүн ыргагы 2017-жылы бир жарым пайыздын тегерегинде болот. Бирок Орусиянын өзүндө пессимисттик божомолдор басымдуу. Маселен, белгилүү жана кубаттуу аналитикалык борбору бар аудитордук компания - ФБК тескерисинче бир, бир жарым пайыз төмөндөө болот деп күтүп жатат. Ал эми расмий эсептер боюнча Ички дүң өнүм 0,5-0,6% жогорулайт. Албетте, плюс-минуска караганда жакшы деңизчи. Бирок экономиканын нөлдүн тегерегиндеги айлануусу эл турмушуна олуттуу таасир тийгизе албайт. Өлкөнүн алдында турган оор социалдык милдеттерди чечип, өнүккөн мамлекеттерден артка калуубузда акыркы жылдары кеңейип кеткен ажырымды жок дегенде азайтуу үчүн биз кеминде төрт-беш пайыздык өсүшкө ээ болушубуз керек.

Керектөөнүн жана кирешенин азайышы

Александр Нечаев “Азаттык” менен маегин улантып, акыркы эки-үч жылдагы кризистин эң ири жана сезилген кесепети калктын реалдуу кирешесинин азайышы экенин эске салды:

- Реалдуу кирешенин, жашоо деңгээлинин төмөндөө көрсөткүчү жагынан шарттуу айтканда, 2014-2016- жылдар аралыгындагы кризис андан мурдагы 2008-жылкы кризистен эле эмес, 1998-жылкы кризистен да кыйла терең болбодубу. Бул маселен азык-түлүк товарларын сатып алуудагы төмөндөө жагынан ачык байкалды. Демек, бул чын-чынында акыркы кризис эң биринчи кезекте калктын жакыр катмарына, башкача айтканда, азык-түлүк товарларын, тамак-аш сатып алуу керектөө корзинасынын негизги бөлүгүн түзгөндөргө сокку урганын көргөзүп турат. Алар керектөөсүн кыскартууда. Айлык акылардын реалдуу төмөндөшү 2015-жылкы инфляцияны эске алганда 10% тегерегинде болгон. Акыркы цифралар боюнча 2016-жылы инфляцияны эске алып эсептегенде, айлык акылар эле эмес, реалдуу киреше да 5,3% ылдыйлады. Бул бир жагынан жашоо деңгээлди начарлаткан көрүнүш. Экинчи жагынан дал ушул керектөөгө суроо-талап акыркы жылдары экономикалык өсүштүн олуттуу фактору болгон. Буга бир эсе калкка керектөө кредиттерин берүүнүн жигердүү өнүгүшү да салым кошкон эле. Керектөө кредиттери да 2015-жылдан бери Орусиянын постсоветтик жаңы тарыхында биринчи ирет болуп көрбөгөндөй кыскарып кетти.

Москвалык экономист, Жогорку экономикалык мектептин профессору Игорь Николаев орус экономикасы 2017-жылы да өсө албайт деп эсептеген жергиликтүү талдоочулардын бири.

Москвадагы көчө базар. Октябрь, 2016-жыл.
Москвадагы көчө базар. Октябрь, 2016-жыл.

Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы менен маегинде буга башкы аргумент катары өлкөдө керектөө фактору тез эле жандана албай турганын келтирди:

- Күтүлгөн экономикалык өсүштүн себептери кайсылар деп анализдей баштаганыңызда кылдат анализ авторлор мунун негизги эки себебин бөлүп көргөзгөнүн айтып жатат. Биринчиси - бул бизде керектөө жандана турганы. Жөнөкөй тил менен айтканда, адамдар акчаны көбүрөөк коротууга өтүшөрү. Бирок Росстаттын чекене соода жүгүртүү сектору боюнча эсептери адамдар дүкөнгө сейрек барып, барса да акчаны аз коротуп калганын, чекене сооданын көлөмү азайганын көргөзүп жатпайбы. Акыркы эсептер боюнча чекене сооданын бир жылдагы төмөндөөсү 4% тегерегинде болду. Экономика өсөт дегендик, демек 2017-жыл бул көрүнүш токтоп, келерки жылдан тарта калк керектөөнү күчөтөт дегендик да. Биз муну түшүнө албай турабыз. Элдин акчалай кирешеси азайып жатса, алар кантип эле капыстан көп корото баштайт, кайдан керектөө талабы күчөйт? Өсүш боюнча божомолдордо мына ушул жагы түшүнүксүз, жоопсуз калган. Экинчиден, компаниялар да акчаны көбүрөөк коротууга өтөт деп жатышат. Демек, негизги капиталга карата азайып кеткен инвестиция өсүүсү керек. Кайра эле бул үчүн кандай өбөлгөлөр түзүлдү, анча түшүнүктүү эмес.

Санкциялардын таасири

Орус президенти Владимир Путин декабрь айындагы жылдык кайрылуусунда экономиканын алдыга жылбай жатышындагы негизги себеп катары Батыш өлкөлөрүнүн Крымдын аннекиясынан жана украин кризисинен улам киргизилген санкцияларын эмес, ички көйгөйлөрдү атаган:

- Экономиканын токтоп турушундагы негизги себеп- биздин ички проблемаларда жатат. Эң биринчи кезекте инвестициялык ресурстардын, заманбап технологиялардын, кесипкөй адистердин тартыштыгы, атаандаштыктын жакшы өнүкпөгөнү, ишкерлик үчүн климаттын кемчиликтери. Баса белгилеп кетейин турукташуу автоматтык түрдө эле туруктуу өсүшкө көчүү дегенди билдирбейт. Эгер биз экономиканын базалык проблемаларын чечпесек, өсүштүн жаңы факторлорун киргизбесек, нөлдүк чектин тегерегинде бир нече жылдарга кармалып калуубуз мүмкүн. Анда бизге такай кысынууга, экономдоого, өнүгүүбүздү кийинкиге калтырууга туура келет. Биз буга жол бере албайбыз. Жамандыксыз жакшылык болбойт дейт. Биз өнөктөш деп айткандар бизге санкцияларды, биз да аларга жооп чараларды киргизбедикпи. Ички рынокто айыл чарба өндүрүшчүлөрбүзгө жардам бердик. Бирок алар бул жагдай түбөлүккө уланбасын билип коюшу керек. Керектөөчү да базарда атаандаштык абалына муктаж.

Орус президенти Путиндин бул айткандары менен москвалык экономист, Жогорку экономикалык мектептин профессору Игорь Николаев макул. Бирок ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде төмөнкү жагдайларга көңүл бурду:

- Ишкерлик үчүн климат жагынан албетте көйгөйлөр бар. Бирок менимче, эң башкысы күтүлгөн экономикалык өсүш жөнүндөгү божомолдорду айтууда жоопсуз калган нерсе – биздеги структуралык кризис, экономикадагы диспропорция, шайкеш келбегендик. Муну өз кезегинде мунайга баанын арзандашы, санкциялар өңдүү тышкы шоктор күчөттү. Биз мисалы өсүштү күткөндөй болуп структуралык көйгөйлөрдү чечип койдукпу, сырьелук көз карандылыктан кеттикпи, бизнесте кичи ишканалардын саны өсүп, диспропорцияны оңдодукпу, андай эмес да. Андыктан өсүш да, өтө кескин төмөндөө да болбойт. 2017-жылы деле биз нөлдүн тегерегинен ары кете албаган көрсөткүчтү алабыз. Ал эми санкциялардын ички дүң өнүмдүн динамикасына таасири болжолдуу. Бирок тиешелүү эсептер жүргүзүлгөн. Буга контрсанкциялардын да таасирин кошуу керек. Анын да орус экономикасына болгон терс таасири моюнга алынбадыбы. Биз санкциялардан ички дүң өнүмдүн 1,2% чейин жоготуп жатабыз. Анткен менен санкциялар тышкы негативдүү шок, санкциялык тирешүү орус экономикасын оордоткон кырдаал. Жооп чаралар моюнга алуу керек кээ бир секторлордо кыска мөөнөткө оң натыйжасын берди. Бирок ал стимул гана бербесетен бир эле учурда антистимул да болду. Биз муну да сездик. Контрсанкциялар берген анча чоң эмес оң эффект, терс эффектилердикинен кыйла төмөн. Эгер ал өйдө кетсе, биздин экономика минуста эмес, плюста болмок да.

Санкциялар демекчи Евробиримдик Орусиянын каржы, энергия, коргонуу секторлоруна киргизген санкциялары бери дегенде 2017-жылдын июлуна чейин сактала турган болду.

АКШнын кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан президенти Барак Обаманын администрациялары санкцияларын атүгүл декарь айынын соңуна барып да кеңейтти, алардын болочок мөөнөтүнө аныктык шайланган президент Дональд Трамптын администрациясы ишин баштагандан кийин кирчүдөй. Санкциялардын башкы кесепети орус компаниялары, банктары Батыштан насыя алалбай калганында.

Кордун жукарышы

Орусиянын бюджеттик кирешесинин бери дегенде 45-50% кара майдын эсебинен түшөт.

Экономика кыскарып, мунай арзандаган шартта орус өкмөтү бюджеттеги таңсыктыкты баа жогору кезде жыйналган каражат эсебинен жаап келди.

Орусияда мындан башка Улуттук бакубатчылык кору деген да бар. Ал оор мезгилдерде Пенсиялык корду колдоо үчүн түзүлгөн. Бирок ал кордун акчасын да азыр инвестициялык долбоорлорду каржылоого, мамлекеттик банктарды колдоо үчүн пайдаланып жатышат жана үчтөн бири сарпталып калды.
Александр Нечаев

Мурдагы экономика министри Александр Нечаев “Азаттык” радиосу менен маегинде белгилегендей, 2017-жылы мына ошол Резерв корунун акчасы түгөнөт деп күтүлүүдө:

- 2017-жылга да бюджет таңсыктык менен түзүлдү. Бирок андагы цифраларды абдан этият жана консервативдүү деп айтсак болот. Маселен, акыркы айларда, апталарда өсө баштаган мунай баасы 40 доллар деп көргөзүлгөн. Бул эсеп боюнча 2017-жылдын аягына барып, Резервдик кордун акчасы түгөнөт. Орусияда мындан башка Улуттук бакубатчылык кору деген да бар. Ал оор мезгилдерде Пенсиялык корду колдоо үчүн түзүлгөн. Бирок ал кордун акчасын да азыр инвестициялык долбоорлорду каржылоого, мамлекеттик банктарды колдоо үчүн пайдаланып жатышат жана үчтөн бири сарпталып калды. Өкмөт андыктан Резервдик кор түгөнсө, акыркы булакка – Улуттук бакубатчылык деген корду колдонууга өтүүнү мерчемдеп жатат.

2017-жылдын башына барып, Орусиянын Резервдик корунда 1,1 триллион рубл каларын жана бул каражат ушул жылы түгөнөрүн каржы министри Антон Силуанов, Эсеп палатасынын төрайымы Татьяна Голикова да ырасташкан. Ал эми Улуттук бакубатчылык корунда 2017-жылдын башына карата 4,6 триллион рубл, 70 миллиард доллардай акча бар.

Салыктын өсүшү

Салык жаатындагы өзгөрүүлөр, президент Путиндин соңку жарыясына караганда, Орусияда 2017 эмес, 2018-жылдан тарта болот деп күтүлүүдө. 2017-жылы бул өзгөрүүлөр талкууланып, даярдалышы керек.

Кыймылсыз мүлк салыгы кымбаттаганы 2017-жылы өзгөчө ири шаарларда сезилет.
Кыймылсыз мүлк салыгы кымбаттаганы 2017-жылы өзгөчө ири шаарларда сезилет.

Бирок Орусиянын мурдагы экономика министри Александр Нечаев “Азаттык” радиосу менен маегинде белгилегендей, өкмөт ишкерлер, жарандар үчүн да бюджет таңсыктыгынан улам салык төлөмдөрүн башка жолдор менен көбөйттү:

- Бизде салык ставкаларынын тикелей көтөрүлүүсү жок. Бирок реалдуу түрдө салык өсүп жатат. Себеби салыктык эмес деп аталган жыйымдар көбөйүүдө. Мисалы соода жыйымдары, жүк тарткан унаалардын жол акысы үчүн Платон системасы өңдүү төлөмдөр. Бул расмий салык катары саналбайт, бирок ишкерлердин көз карашынан алганда бул салык да. Кандай болгон күндө да аны мамлекетке төлөөгө туура келет. Буга кошумча кээ бир салыктардын базасы олуттуу кеңейүүдө. Мисалы азыр Орусияда кыймылсыз мүлктү кадастрдык, башкача айтканда, базар баасына жакындаштырып баалоого өттүк. Мындан улам кыймылсыз мүлк объектилеринин салык алынуучу базасы ондогон эсе өстү. Эки жыл мурда бул бизнеске тиешелүү болсо эми аймактардын басымдуу бөлүгүндө калк үчүн да иштеп жатат. Андыктан, 2017-жылы кыймылсыз мүлк салыгы кескин жогорулайт. Салык базасы кеңейгендиктен калк төлөөсү керек болгон жалпы салык жыйымдары өсөт.

Айткандай эле Орусиянын салык мыйзамдарынын кыймылсыз мүлккө тиешелүүсү 2017-жылдан тарта биротоло күчүнө киргени жатат. Адистердин айтымында, мыйзамда беш жылдык өткөөл мезгил каралгандыктан салык жыйымынын өлчөмү жылына орто эсеп менен 20 пайыздай кымбаттап турат.

Мунайдын кымбатташы, өндүрүштүн кыскарышы

2017-жылы орус экономикасына дем берет деп күтүлгөн жакшы жаңылык - жыл тогошор алдында мунай баасынын кымбаттаганы.

Бааны жасалма, өндүрүштү кыскартуу жолу менен көтөрүү аракетине Орусия да салым кошуп, мунай казуунун көлөмүн 2017-жылы күнүнө 300 миң баррелге кыскартууга көндү. Техникалык жактан орус компаниялары муну жаз айларынан тарта гана ишке ашыра алат деп күтүлүүдө.

Орусиядагы экономикалык абалдын Кыргызстандагы чагылышы болсо ириде мигранттар мекенине жөнөткөн каражаттын көлөмүнөн көрүнөт.

Улуттук банктын статистикасы боюнча 2014 –жылы бул көрсөткүч 2 миллиард 168 миллион долларды, 2015-жылы 1 миллиард, 623 миллион, 2016-жылдын он айында 1 миллиард 615 миллион долларды түзгөн. 2016-жылдагы жогорулоо мигранттардын тапкан кирешеси же алардын жалпы саны көбөйгөнүнө байланыштуубу, бул жагы азырынча анык эмес.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG