Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:25

Мунайдын кымбатташы рублди бекемдеди


ОПЕК жана бул уюмга кирбеген ири өлчөмдө мунай өндүрүүчү өлкөлөр мунай өндүрүүнү кыскартуу келишимине жетишти. Ал келишимдин натыйжасында мунайга баа дүйнөлүк базарда бир кыйла көтөрүлдү. Бул орус рублинин доллар жана еврого карай бекемделишине алып келди.

ОПЕКке мүчө жана ага кирбеген мунай өндүрүүчү өлкөлөр 10-декабрда Венада жыйын өткөрүп, анын жыйынтыгында мунай өндүрүшүн кыскартуу боюнча макулдашууга жетишти. Ал макулдашууга ылайык ОПЕКке кирбеген өлкөлөр күндүк мунай өндүрүшүн 558 миң тоннага, анын ичинде Орусия 300 миң тоннага кыскартат.

ОПЕК өлкөлөрү бул келишимге чейин мунай өндүрүшүн күнүнө 1 млн. 164 миң тоннага кыскартууга милдеттенме алган. Ошону менен мунай өндүрүшү дүйнөдө жалпысынан күнүнө 1 млн. 700 миң тоннадан ашуунга кыскарат.

ОПЕКтин башчысы, Катардын мунай министри Мохаммад Салех ал-Сада ОПЕК өлкөлөрү жетишкен келишим тууралуу кабарлаган эле:

T
T

- ОПЕКке мүчө бардык өлкөлөрдүн түшүнүүсү жана кызматташуусу менен келишимге жетиштик. Бул макулдашуу ОПЕКке кирген жана кирбеген өлкөлөрдүн дүйнөлүк экономиканын абалына жана жалпы бакубаттуулукка жоопкерчиликти түшүнүү менен кабыл алынды.

ОПЕКке кирген өлкөлөр ич ара келишимге жетишкенден кийин ОПЕКке кирбеген өлкөлөр менен келишим табылды.

Бул өз кезегинде дүйнөлүк мунай базарындагы баага таасирин тийгизип, 12-декабрда Brent үлгүсүндөгү мунайдын 2 доллар 29 центке кымбатташына, бир баррелинин баасы 56 доллар 62 центке жетишине алып келди. OANDA корпорациясынын улук талдоочусу Жефри Галлей “ОПЕК жана ага кирбеген өлкөлөрдүн келишими баалардын көтөрүлүшүнө катализатор болду” деп билдирди.

Бир баррель мунайдын баасынын 57 долларга жетип барышы 2015-жылдын февраль айынан берки эң жогорку баа экени белгиленүүдө. Баанын мына ушундай кескин көтөрүлүшүнө карабай, ал 2014-жылдын ортосундагы баадан эки эсе төмөн бойдон калууда. Ал кезде бир баррель мунайдын баасы 100 доллардан ашык болчу.

Мунайга баанын көтөрүлүшү Орусиянын рублине оң таасирин тийгизди. Дүйшөмбү күнү Москва биржасында доллардын курсу 2 рублге төмөндөп, 1 доллардын баасы 60 рубль 95 тыйын болуп калды. Өткөн жума соңунда бир доллардын баасы 63 рублден ашык болуп турган. Евро да ошондой эле арзандоого дуушар болду.

Орус рублинин бекемделишине “Роснефть” компаниясынын 19.5% акциясын Катардын мамлекеттик инвестициялык компаниясына жана Швейцариянын Glencore компаниясына сатылышы да себеп болгону айтылууда. Бул өлчөмдө акция сатуудан Орусиянын мамлекеттик бюджетине 10.5 млрд. евро түшөрү кабарланган. Орус президенти Владимир Путин ал келишимди жогору баалаган:

- Келишим оңтойлуу мезгилде түзүлдү, жалпы көлөмү да 10.5 млрд. евро болуп, бир топ олуттуу. Сиздер 17.5 млн. долларга "Башнефть" компаниясын сатып алгансыздар, мына ушулардын баары, алардын ичинен биринчисин алганда эле, ал 2016-жылдагы дүйнөлүк мунай тармагындагы эң ири келишим болуп калды.

Орус өкмөтү келерки жылдын бюджетин түзүүдө мунайдын орточо баасын 40 доллар деп алган. Азыркы кезде мунайга баанын өсүшү орус өкмөтүнүн көктөн издегени жерден табылгандай эле болууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG