Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

“Кыргызмунайгаздын” майрамы жана көйгөйү


10-сентябрда кыргыз мунайчылары өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешти.

Кочкор-Ата шаарындагы борбордук стадиондо майрамдык кече уюштурулуп, ага өкмөт өкүлдөрү менен жергиликтүү бийлик катышты. “Кыргызмунайгаз” ишканасында өндүрүлгөн мазут дээрлик сатылбай жатканына карабастан, ишкана быйылкы жылы чоң ийгиликтерге жетишип жаткандыгы айтылды.

Кубанычбек Назаровдун нефти өндүрүү тармагында эмгектенгенине 38 жылдан ашты. Тажрыйбалуу кенчи, "Кыргызмунайгаздын" ардагер жумушчуларынын бири соңку кездери мекемеде кызматкерлерге жакшы көңүл бурулуп, айлык маяналары да жогорулаганын белгилейт.

- Чындыгында кезегинде "Кыргызнефтегаз" ишканасын кызыкдар тараптар басып алууга аракет кылып, жумушубуз бир калыпта жүрбөй калган. Жумушчулардын күчү менен ишкана туруктуу сакталып калды. Учурда кытайлык фирмалардын жардамы менен нефти өндүрүүнүн көлөмү жогорулап, ишкананын иши алга жыла баштады. Азыр эң аз маяна 20 миң сомду түзүүдө. Мындан сырткары жер алдында иштеген кызматкерлерге тамак-аш да бериле баштады. Ишкана биздин райондун экономикасына да чоң салым кошууда. Эгер бул токтоп калса, канча адам жумушсуз калат, алардын арасында мен да болом.

Кочкор-Ата шаарындагы борбордук стадиондо майрамдык салтанат уюштурулуп, ага өкмөт өкүлдөрү менен катар шаар тургундары күбө болушту. "Кыргызмунайгаз" ишканасы эгемендүүлүк жылдарында алгачкы жолу жогорку көрсөткүчкө ээ болгонун мекеменин башкы директору Жеңишбек Жумашов билдирди.

- Биздин ишкана эгемендүүлүктүн 25 жылдык тарыхында биринчи жолу реалдуу жетишкендикке ээ болду. 2016-жылдын сегиз айында 62 миң тоннадан ашык нефти өндүрүп, белгиленген планды 118% аткардык. Ички дүң продукциябыз план боюнча 918 млн сом деп белгиленсе, иш жүзүндө 1 млрд 200 млн сом менен жыйынтыктадык. Быйыл жарым жыл ичинде 173 млн сом киреше алабыз деп пландасак, факт боюнча 247 млн сом таза киреше тапканга жетиштик. Биз саясатка аралашпай, өндүрүш менен иштесек өсүү ыргагы мында да жогору болот деп айта алабыз. 2010-жылга салыштырмалуу биз көрсөткүчтү 32 эсеге жогорулата алдык.

Мекемеде жалпы 2500 кызматкер эмгектенип, былтыркы жылы 80 миң тонна мунай өндүргөн. Ал эми газ өндүрүү 31 млн куб метрге жетип, соңку беш жылда ишкананын кирешеси сегиз эсеге өскөн. Учурда "Кыргызмунайгаз" жылына мамлекеттик төлөмдөргө 726 млн сом каражат төгөт. Ошондой эле мекеме Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларынын калкын көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыздаарын өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов билдирди.

- "Кыргызнефтегаз" ишканасы 2013-2014-жылы күз-кыш мезгилинде Өзбекстан түштүк аймакка газ берүүнү токтоткон учурда Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарларын жана Майлуу-Суу электр лампа заводун үзгүлтүксүз көгүлтүр от менен камсыздап турду. Мындай кырдаал учурунда облустун экономикалык тармагына да олуттуу таасир берип, аны туруктуу кармап турууда "Кыргызнефтегаздын" орду өзгөчө экендигин баса белгилеп өткүм келет. Акыркы учурда мекеме мунай өндүрүүдө жаңы бургулоочу технология сатып алып колдонуп жатат.

Былтыркы жылдын соңунда жана жаз айларында мекеме кызматкерлери эки ирет нааразычылык акциясына чыгышып, жөнсүз текшерүүлөрдү токтотуу талабын коюшкан. Анкени тийиштүү министрликтерден келген адистер "Кыргызмунайгазды" текшерүүгө алып, анын ишинин жыйынтыгын жакшы эмес деп таап, лицензиясын кайтарып алуу маселеси да козголгон. Ишкана директору ал кезде айтылган дооматтардын баары жалган болуп чыкканын белгиледи. Бирок азыр көкөйдү кескен дагы бир маселе мазут сатууга барып такалууда. Жеңишбек Жумашов:

- Чындыгында азыр маселе бар. Кыргызстан мүчө болуп кирген Евразия экономикалык биримдиги да бир жагынан мекемеге өзүнүн терс таасирин тийгизүүдө. Орусия жана Казакстандан келген арзан мазут ички рынокту каптап, "Кыргызмунайгаз" өндүргөн мазут дээрлик сатылбай калууда. Бул багытта абал кыйын болууда, азыр өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, мазут баасын арзадаттык.

1950-жылы Майлуу-Суу-4, Избаскент жана Чыгыш Избаскент мунай кендеринин ачылышы менен 1955-жылы "Кыргызнефть" мунай өндүрүү башкармалыгы түзүлгөн. 1997-жылы ал өкмөттүн токтому менен "Кыргызмунайгаз" акционердик коомуна айландырылган.

XS
SM
MD
LG