Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

"Кыргызмунайгазды" дагы жаңжал тооруду


Митингден бир көрүнүш
Митингден бир көрүнүш

Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызмунайгаз" ишканасынын жамааты кээ бир жетекчилердин бут тосуусунан улам мекеме кризистик абалга кептелип, жумуш орундарынын кыскарышына нааразычылык билдирип чыгышты.

"Кыргызмунайгаздын" бардык жумушчулары таң эрте мекеменин башкы имаратынын короосуна чогулушту. Алар соңку учурда байма-бай болуп жаткан текшерүүлөргө жана кризистик абалга кептелген ишканада жумуш орундары кыскарып жатканына нааразычылык билдиришти. Мекеменин алдындагы Бургулоо иштери башкармалыгынын жумушчусу Болот Эргешов буларды айтты:

- Кризис келди деп биринчи сокку башталды. Бизде 30 баланы эмгек акысы чектелбеген эмгек өргүүсүнө кетиришти. Башкармалыктан ушундай буйрук келгенин айтышты. Бул болгону башталышы, эртең кыскартуулар болушу мүмкүн. "Кыргызмунайгаз" киреше менен планды аткарып, жетишкендиктер бар. Эмне себептен мындай абал болуп жатканын сурасак, мазут өтпөй турат деп жооп беришти. Өкмөт биздин буту-колубузду байлап койгон деп жатышат. Казакстандан, Орусиядан арзан мазут ички рынокту каптап, биз өндүргөн продукция өтпөй жатат. Бул багытта жетекчилик төрт ай мурун эмне кылып отурду? Дароо ишчилерди кыскартып, өндүрүштү азайтыбыз деп жатасыңар. Бул менен маселе чечилбейт. Жумушчулар бекем туруп, силерди колдоп, жогорку жакка маселени катуу коюш керек.

"Кыргызмунайгаз" өлкөдөгү мунай иштеткен жалгыз атамекендик ишкана болуп саналат. Былтыркы жылы 80 миң тонна мунай өндүргөн. 20 миң тоннага жакын мазут азыр сатылбай кампаларда сакталып, ишкананын Жалал-Абад шаарында жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү "Кыргыз петролеум" компаниясы январь айынан тартып ишин токтоткон. Ал эми ушул айда жумушчуларга толук айлык акы берүү жагы күмөн жаратууда. Жалпысынан 370 млн. сомдук продукция өтпөй турат. Митингдин катышуучуларынын бири өкмөттүн бул багыттагы саясатын сынга алды.

- Биз бул жетекчилерге көмөк берели. Азыр өкмөт эки жүздүүлүк менен жумуш алып барууда. Бир жагынан жаңы жумушчу орундарын түзүп, ишканаларды ачкыла деп айтса, экинчи жагынан иштеп жаткандарын токтотуп, кысым көрсөтүүдө. Ошол жакта турган чиновниктер ишкананы токтотуп, тоноп жок кылуунун айласын издешүүдө. Бүгүн бургулоо иштери токтосо, эртең башкасы бүтөт, ошентип бүтүндөй Кочкор-Ата шаары кризистик абалга кептелет. Ошол себептүү жакшылап ойлонолу.

Акыркы үч жыл аралыгында "Кыргызмунайгаз" ишканасында 59 жолу текшерүү болгон. Быйыл февраль айында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мекемедеги жемкорлук фактысын иликтей баштаганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, 2014-жылы 8 млн. сом акчаны мыйзамсыз коротуп жиберген. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.

"Ишканага кызыккандар көп"

25-февралда Жогорку Кеңештин ар түрдүү маселелер саатында депутат Рыскелди Момбеков Финансы полициясы "Кыргызмунайгазды" текшерип, мамлекетке 1 млрд. сом зыян келтиргенин билдирген. Бүгүнкү митингдин жүрүшүндө элдик коргоо комитетинин төрагасынын орун басары Муктар Артыкбаев буларды билдирди:

- Жогорку Кеңештин депутаты Момбековдун айткан маалыматтарынын бири да туура эмес. Ошол себептүү ал жакта ар түрдүү сөздөр жүрүп жаткандыктан сиздерге түшүндүрөлү, анан чечели деп чогулуп жатабыз. Мындайча айтканда "Кыргызмунайгазга" кызыккандар көп. Башкаруучулар кеңешине башчы болом дегендер бар. Партиялардан топ-топ болуп бөлүнүп, биз алабыз дегендер чыгууда. Ошол себептүү карапайым калк, урматтуу жумушчулар, силер бекем турсаңар "Кыргызмунайгаз" иштейт. Сиздер акырына чейин туруп, акыйкат үчүн күрөшсөңөр баары жакшы болот.

“Кыргызмунайгаз” жумушчулары депутат Момбековду сотко бермей болушту. Мындай чечим бүгүнкү митингдин жыйынтыгында кабыл алынды. Чогулгандар өкмөт башчы менен президентке жолдогон кайрылууларында негизсиз текшерүүлөрдү токтотуу, ортомчусуз түз сатып алууну камсыздоо жана өкмөткө туура эмес маалыматтарды жеткирген Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Мурадил Жумадилде уулун кызматтан алууну талап кылышты. Кайрылууга мекеменин эки миңден ашуун жумушчусу кол койгон. Мындан сырткары жумушчулар Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылышарын билдирди.

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков “Азаттыкка” берген маегинде расмий органдардан алган далил фактылар бар экенин, мекеме менен соттошууга даярдыгын айтты.

- Премьер-министрдин комиссия тузүү боюнча буйругу, ошол комиссиянын ишинин корутундусу ж.б. "Кыргызнефтегазга" байланыштуу далил фактылар менде бар. Эгер алар соттошобуз деп чечсе, мен буга даярмын. Учурда өкмөттөгү тийиштүү структураларга соңку учурлардагы "Кыргызмунайгаздын" айланасындагы финансылык жана башка мыйзам бузуулар боюнча материал берүүсүн айтып тапшырма бердим. Мен алдыдагы күндөрү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгуу боюнча маселе көтөрөм. Каржы полициясы өз текшерүүсүндө 1 млрд. сом зыян келтирилгендигин аныктаганын мага расмий билдиришти.

2015-жылдын декабрь айында да мекеменин кызматкерлери Мамлекеттик мүлк фондуна, Геология жана минералдык ресурстар агенттигине нааразычылык билдирип, тынч митингге чыгышкан. Алар текшерүүлөрдүн корутундусун аталган агенттиктин адистери бурмалоо менен өкмөткө туура эмес маалымат берип жатканын билдиришкен болчу.

2,5 миңден ашык адам иштеген ишкананын 85% акциясы Мамлекеттик мүлк фондуна таандык. Жылына мамлекетке 720 млн. сом төлөмдөрдү төлөп келишет. Ошондой эле Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Жалал-Абад шаарларын көгүлтүр от менен камсыздайт. Соңку айлардагы кризистик абалдан улам мекеменин Социалдык фондго карызы 74 млн. сомго чукулдаган. Ал эми салыкка болгон бересе 46 млн. сомдон ашты.

“Кыргызмунайгаздын” ишчилери митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

XS
SM
MD
LG