Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:03

Евробиримдиктин техникалык жөнгө салуу боюнча миссиясы ВСП+ программасынын алкагында Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүгүн изилдеп жүрөт.

Миссиянын өкүлү Руггеро Малоссии экспортко чыкчу товарларды текшере турган лабораториялар талапка жооп бербей турганын билдирди.

Евробиримдик былтыр ВСП+ программасынын алкагында Кыргызстанга 6000 түрдүү товарды бажы төлөмүсүз Европанын базарына киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген болчу.

Лабораториялардын даярдыгы

Мындан үч жума мурун Евробиримдиктин техникалык жөнгө салуу боюнча миссиясы Кыргызстанга келген. Бул миссия ВСП+ программасын ишке ашыруудагы өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Анда өкүлчүлүк Кыргызстандын стандартын европалык талаптар менен салыштырып, товарларды техникалык жөнгө салуу боюнча укуктук ченемдер менен таанышууда.

Техникалык көзөмөл тармагынын абалын караган миссиянын өкүлү Руггеро Малоссии “экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейтүү үчүн Кыргызстанга заманбап үлгүдө жабдылган эки лаборатория жетиштүү болмоктугун” айтты. Кыргызстанда учурда ар кандай багыттагы 28 текшерүү лабораториясы бар. Бирок алардын көпчүлүгүнүн эл аралык аккредитациясы жок. Азыр алардын санын он тогузга чейин кыскартуу жагы каралууда.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов учурда заманбап эки лабораторияны жабдуу иштери жүрүп жатканын белгиледи:

- Ушинтип аз-аздан иш жылат да. Анан кантип эле биз бат эле Европага теңелип калалы? Буга убакыт керек турбайбы. Мына ошонун бардыгын эл аралык аккредитациядан өткөрүү керек экен. Биздин ветеринардык лабораториянын үч бөлүмү андан өттү. Бирок өтө электери дагы бар. Жаңы жабдыла турган эки лаборатория улуттук деңгээлдеги аккредитациядан өткөн мекеме болушу шарт. Алардын оңдоого кеткен чыгымдары бюджеттен каржыланды. Наркы 6,5 миллион долларлык жабдууларды Орусия бермек. Анын биринчи траншын берди. Калган жабдуулар үчүн Казакстан дагы 6 миллион долларга жакын каражат бөлүп жардам бермек эле. Бирок ошону убагында бере койбой, каржылоо маселеси кечеңдеп жатат. Мына ошону күтүп эле турабыз.

Эшигин ачкан Европага эмне сатабыз?

Кыргызстан адам укугун сактоо менен гана Европа Биримдигинин жалпы жеңилдик системасынан (ВСП+) колдоно алат. Бул тууралуу Бишкекте жалпы жеңилдик системасын колдонуунун жол-жобосуна арналган талкууда айтылды.

Ошол эле кезде Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирердин астында өкмөт эл аралык стандарттагы лабораториялар курула турганын билдирген. Бирок мына ошондон бери эки жыл өтсө дагы мерчемделген эки лаборатория ушуга чейин жабдылып бүтө элек. Кыргызстандагы лабораторияларды Евробиримдиктин стандарттарына ылайыкташтыруу жагы али күн тартибине коюла элек.

Айыл чарба министрлигинин өкүлү Жумабек Асылбеков техникалык регламенттеги бир топ айырмачылыктарды белгилеп, экспортко тоскоол болгон жагдайга токтолду:

- Евробиримдиктин рыногуна дагы, ЕАЭБнын рыногуна чыгуу үчүн дагы бирдей эле эл аралык аккредитация алуу керек. Бирок экөөнүн ортосунда дагы талап көрсөткүчтөрү боюнча айырмачылыктар бар. Евробиримдик үчүн кошумча талаптар чыгышы мүмкүн. Анткени ЕАЭБ үчүн бир эле товарды лабораторияга беш көрсөткүч менен текшерүү керек болсо, Евробиримдик үчүн жети көрсөткүч болуп, эки талап кошумча болушу ыктымал. Ошондой кошумча лабораториялык изилдөөлөр үчүн кошумча жабдууларды коюуга туура келет. Анан товарды ташып жеткирүү көйгөйү. Буга кошумча келишимдин негизинде товар менен туруктуу шартта жана ири көлөмдө камсыздоо талабы. Тилекке каршы, бизде майда товардык экономика болуп, ушул жагынан аксап жатпайбызбы.

Европа базары эмнени керектейт?

Евробиримдик былтыр январь айында Кыргызстанга ВСП+ программасынын алкагында 6 миң аталыштагы товардын түрүн бажы төлөмүсүз киргизип, сатууга мүмкүнчүлүк берген. Мына ошону менен Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндөгү Европанын базарына кирүүгө жеңилдик алган алгачкы өлкө.

Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров Евробиримдиктин аймагынан тастыктама алган кыргызстандык компаниялар товарларын экспортко чыгара баштаганын билдирди:

- Сертификатты Европадан барып алышат. Эгерде эл аралык аккредитациядан өткөн болсо, биздин лабораториялык изилдөөнүн корутундусун ал жакта таанышы мүмкүн. Бирок баары бир ал жактын европалык үлгүдөгү сертификаты керек болот. Ошондой эле бул үчүн товар европалык стандарттарга туура келиши кажет. Ошондуктан сертификат алуу жана талапка жооп берүү башкы маселе. Азыркы учурда Евробиримдиктин аймагына 30 түрдүү товарды элүүгө жакын компания ташып жатат. Алардын арасында, төө буурчак, кургатылган мөмө-жемиштер, жаңгак, бал, кийиз буюмдар жана кийиз кийимдер, алтын-күмүш жасалгалар сыяктуу товарлар бар.

Евробиримдик өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өндүргөн товарларын бажы төлөмүсүз Европанын базарына киргизүүгө уруксат берип, бирок жогорку талаптар калтырылган. Ошондуктан Кыргызстан техникалык көзөмөлдү европалык стандартка туура келтирүүгө тийиш эле.

Азия өнүктүрүү банкы эгерде Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктү пайдаланса, анда алгачкы учурларда эле экспорттон жылына жарым миллиард доллардан ашуун киреше табарын божомолдогон. Макулдашууга ылайык, мындай жеңилдиктер Кыргызстанга жети жылдык мөөнөткө берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG