Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Эшигин ачкан Европага эмне сатабыз?


Берлиндеги "Базар" эл аралык жармаңкеси
Берлиндеги "Базар" эл аралык жармаңкеси

Кыргызстан адам укугун сактоо менен гана Европа Биримдигинин жалпы жеңилдик системасынан (ВСП+) колдоно алат. Бул тууралуу Бишкекте жалпы жеңилдик системасын колдонуунун жол-жобосуна арналган талкууда айтылды.

Европадагы жалпы жеңилдиктер системасын колдонуу эрежелерин түшүндүрүү үчүн Европа Биримдигинин атайын делегациясы Бишкекке келген. Алар мамлекеттик органдар жана ишкерлер менен жолугуп, бул системанын артыкчылыгын жана талаптарын түшүндүрүүдө.

Европа биримдигинин өкүлү Николас Заимистин айтымында, аталган жеңилдиктер системасы экспортту өнүктүрүү жана өндүрүлгөн товарды татыктуу баада сатууга кеңири жол ачат:

- Биз бул статусту Кыргызстанга ишеним көрсөткөн үчүн бердик. Биринчиден, биз Кыргызстандын Европага товар экспорттоого жетиштүү потенциалы бар деп ишенебиз. Экинчиден, Кыргызстан адам укугун коргоо, эмгек укугун коргоо жаатында милдеттерин аткарат деп үмүттөнөбүз. Бул статус өлкөгө көптөгөн артыкчылыктарды берет. Бир эле мисал бажы төлөмүсүз товар экспорттосо болот. Ал эми башка өлкөлөр үчүн 9-12 пайыздык төлөм бар.

Заимис ВСП+ өлкөгө сырттан инвестиция тартууга өбөлгө болорун кошумчалады.

Адам укугун сактабасаң, алмаңды албайт...

Европа Биримдигинин өкүлдөрү жеңилдиктер системасын толук кандуу иштетиш үчүн Кыргызстан буга чейин кол койгон 27 эл аралык конвенцияны кынтыксыз аткарууга тийиштигин белгилешти. Алардын негизгиси катары адам укугун жана эмгек укугун сактоо саналарын Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Яап Ора “Азаттыкка” айтып берди:

Өзгөндөгү алма фестивалы
Өзгөндөгү алма фестивалы

- Бул статус адам укугун жогорку деңгээлде сактаган өлкөлөргө берилет. Адам укугун сактоо биздин негизги талабыбыз. Биз адам укугу жаатындагы маселелерди талкуулап, аларды чечүүгө бирдикте аракет кылышыбыз керек.

Кыргызстанга Жалпы жеңилдиктер системасын колдонуу макамын берүү чечимин Европа Биримдиги 27-январда кабыл алган. Бул артыкчылык макамына ылайык, кыргызстандык экспортчулар Европага ташый турган товардын алты миңден ашуун түрүнө бажы төлөмүн төлөбөйт.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров өкмөт алты тармакта продукция экспортоону пландап жатканын билдирди:

- Бүгүнкү күндө биз алты тармакты аныктап, иштегени жатабыз. Бул айыл чарба продукциялары: мөмө-жемиш, кургатылган жемиштер жана жашылчалар, эт, сүт, кийизден жасалган продукциялар, текстиль тармагы. Бирок кайсы тармакта потенциалыбыз болсо, келечекте бардык тармактарда кызматташууга даярбыз.

Эшик ачылды, бирок...

​Бирок Кыргызстанга жеңилдиктер системасы берилгенине алты айдын жүзү болсо да, өлкөдөгү товарларды Европа Биримдигинин стандарттарына шайкеш келтирүү, сертификациялоо жана лабораторияларды куруу кечеңдеп жатат. Бул жаатта ишкерлер өкмөт Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына шайкеш келтирүүнү аткара албай жаткан чакта Европа базарына чыгара алабы деп күмөн санап жатышат.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбектин айтымында, өкмөттө экспортту өнүктүрүү боюнча план жок болууда:

- Чынын айтканда, өкмөттө экспортту өнүктүрүү боюнча белгилүү план жок. Биз дагы өкмөттөн буга даярдыкты кандай кылабыз, дыйкан, ишкерлерди ким даярдайт дегенибизде өкмөт бул жаатта бизде каражат жок, биз эл аралык уюмдардын колдоосу аркылуу ишке ашырабыз деп билдирген. Мындан улам биз өкмөттү эле карап отурбастан ишкерлер өзүбүз аракет кылып, биргелешип иш алпарышыбыз керек деп атабыз.

ЕБ жеңилдиктин эрежесин үйрөтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров Европа биримдигинин талаптарына жооп берүү үчүн даярдыктар жүрүп жатканын, бирок мында каражаттын жетишсиздиги бар экенин билдирди:

- Биз толугу менен Европа Биримдигинин талабына жооп бере албайбыз деп айтпайбыз. Жарым-жартылай жооп беребиз десек болот. Жооп бербеген маселелерди чечүү үчүн материалдык каражат талап кылына. Мисалы, ЕАЭБдин талабына жооп берүү үчүн Орусия жана Казакстандан жардам алганбыз. Ошол сыяктуу Европа биримдигине тиешелүү лабораторияларды жаңылоо боюнча каражат бөлүп берүү боюнча кайрылдык. Буюрса, чечилет деп ойлойбуз.

Европага бажы төлөмсүз товар ташуу жеңилдигин 16 мамлекет алган. Алардын арасында Кыргызстан да дээрлик жарым миллиард кардары бар рынокко чыкканга уруксат алган. Ушул тапта Кыргызстан чет жакка жылына жалпы 1 миллиард долларлык товар экспорттосо, анын үч гана пайызы Европага кетет. Азырынча Европага Кыргызстандан негизинен алтын экспорттолот экен.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG