Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:56

ЕАЭБ: унаа каттоонун жаңы убарасы


Машина базар.
Машина базар.

Евразия экономикалык биримдигине мүчө эмес өлкөлөрдөн кирген автоунааларды милдеттүү каттоодон өткөрүү боюнча жобонун күчүнө кириши талкуу жаратты.

Мындай жобо өлкөнүн ЕАЭБге кошулушу туура болгонбу деген талкууларды дагы күчөттү. Бийлик аталган жобо ЕАЭБдин шарты деп түшүндүрсө, жарандар өкмөт Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон тиешелүү даярдыкты көргөн эмес деп нааразы болууда.

Бул маселени “Азаттык” үналгысынын “Арай көз чарай” берүүсүндө талкууладык. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров жана экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков катышты.

“Азаттык”: Алмаз мырза, алгач 12-февралда күчүнө кирген Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөгү техникалык регламент тууралуу так түшүндүрүп берсеңиз. Эмнеден улам четтен кирген автоунааларды каттоо жобосу чыкты?

Сазбаков: Бүгүн көтөрүлүп жаткан техникалык регламент Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө 2011-жылы эле кабыл алынып, 2016-жылдын 12-февралында күчүнө кирген. Биз аталган уюмга кошулуп жатканда бир жыл өткөөл мезгил сурап, башка өлкөлөрдүн макулдугун алганбыз. Себеби бизде автоунааны кароодон өткөрүп, сертификатты берген лабораториялар жок болчу. Ошондуктан, аларды даярдоого бир жыл сураганбыз. Эми ошол мөөнөт бүтүп, 12-февралда күчүнө кирди. Бул күчүнө кирери менен айрым так эмес маалыматты уккан машине базардагы сатармандар кыжаалат болушту. Бул жаатта тактоо киргизсем: ЕАЭБге мүчө эмес өлкөлөрдөн кирген унаалар атайын лабораториядан сыноодон өткөрүлүп, сертификат алынат. Атайын сертификатты алууга үч жылдан мурун чыгарылган гана автоунаалар милдеттүү. Эгер машиненин чыгарылганына үч жыл боло элек болсо, сертификат албай эле койсо болот.

Оштогу унаабазар.
Оштогу унаабазар.

“Азаттык”: Четтен алынып келинген автоунааны кароодон кайдан өткөрүү керек? Бишкекте атайын кароодон өткөрүп, сертификат берчү лабораториялар жок экени айтылып жатат?

Сазбаков: Бизде бир нече диагностикалык борборлор бар. Аларды аккредитациялоону көбөйтүп, облустарда да иш алып барышына шарт түзөбүз. Алар январь айынын башында атайын жабдууларын заказ кылышкан. Эки үч жума аралыгында келет жана бир ай ичинде лабораториялар иштеп баштайт.

“Азаттык”: Техникалык регламент күчүнө кирген соң автоунаа ээлеринин арасында түшүнбөстүк жаралды. Бул тууралуу "РИОМ" автобазарынын аткаруучу директору, жарандык активист Айбек Баратов төмөнкүлөрдү айтты:

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.

Айбек Баратов: Автоунаалардын ээлери мындай жаңылыкты абдан терс кабыл алышты. Аларга мындай жобо тууралуу эч ким маалымат берген эмес, ошондуктан даяр эмес болчу. Мындан улам дүрбөлөң башталып, машине базарда, каттоо кызматында узун-узун кезектер пайда болду. Бул өкмөттүн күнөөсү деген ойдомун. Эгер ушундай жобо бар экенин билсе, алдын ала кабардар кылып, шарт түзүшү керек болчу. Учурда мындай сертификациялоо борбору Кыргызстанда даяр эмес. Ал даяр эмес болгондуктан жарандар коңшу өлкөгө чыгууга мажбур болушууда. Эмне себептен мындай сертификат берүүчү борборду өз убагында даярдап койгон жок?

“Азаттык”: Мирлан мырза, мунун баары Евразия экономикалык биримдигине кирүүдө даярдыктын начардыгынан кабар бербейби? Мындай кырдаалга жеткирбөө үчүн эмне чара көрүү керек эле?

Бакиров: Буга өкмөттүн түздөн-түз чабалдыгы себеп болду. Бул жерде Алмаз мырза бир жыл кошумча убакыт сурадык деп жатат. Бул жакшы. Бирок берилген мөөнөттө даярдык көрүп, элге түшүндүрүшү керек болчу. Мындан ары да ЕАЭБдин алкагында жаңы талаптар, техникалык регламентке шайкеш келтирчү жоболор болсо, маалымат каражаттары аркылуу жеткирип, керек болсо базарлардын кире беришине жарыяларды илүү керек. Эми азыр бир ай ичинде лабораторияларды бүткөрөбүз деп жатат. Мен буга ишенгим келет. Бирок бир жыл ичинде бүткөрө албаган ишти бир ай ичинде бүткөрөрүнөн күмөнүм бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG