Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:04

Былтыр Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдиктеги өлкөлөр менен товар жүгүртүү көлөмү 16 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинде башкы саясий жана экономикалык өнөктөш делген Орусия менен соода жети пайызга кыскарган.

Москвадагы КМШ өлкөлөрү институтунун экономика бөлүмүнүн жетекчиси, экономика илимдеринин доктору Аза Мигранян Кыргызстан кандай себептерден улам Орусиянын рыногуна чыга албай жатканы тууралуу “Азаттыкка” кеп салды.

"Азаттык": Былтыркы жыл ичинде 2015-жылга салыштырмалуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-сатык 7 пайызга кыскарыптыр. Кыргызстан Евразиялык биримдикке кошулбаса, соода азайбайт беле? Мисалы, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода 10 пайызга өсүптүр.

Мигранян: Жок, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулбаса деле кырдаал өзгөрмөк эмес. Эки өлкө ортосунда соода-сатыктын кыскарышы чек аралардын ачылышынан гана эмес, жалпы экономикалык абалдан дагы көз каранды.

Орусиянын учурда жүргүзүп жаткан экономикалык саясаты башка өлкөлөр менен соода-сатыктын азайышына түрткү болуп жатат. Орусия атамекендик өндүрүшчүлөрдүн арасында атаандаштыкты көтөрүү, чет элдик товарларды азайтуу жана КМШ өлкөлөрүнө орусиялык товарларды чыгарууну күчөтүү сыяктуу стратегияларды жүргүзүүдө. Дүйнөлүк рынокто түзүлгөн абал Орусияны ушундай чечкиндүү кадамдарга барууга мажбур кылды.

Ал эми Кыргызстандын Орусияга караганда Кытай менен соода алакасынын жакшырышы - бул дүйнөлүк макротренд. Кыргызстандын экономикасы соодада ортомчулук ишмердүүлүккө, башкача айтканда, реэкспортко өтүп алган. Евразиялык биримдикке кире электе эле кыргыз өкмөтү чакан жана орто ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарттарды түзүп, атамекендик өндүрүштү көтөрүүгө басым жасашы керек эле.

Былтыр Кыргызстан үчүн өткөөл жыл болду. Чакан жана орто ишкерлер абалды байкашып, эми аны өз алдынча оңдоого аракет кылып жатышат.

"Азаттык": Орусиянын экономикалык мамилелерине саясат олуттуу түрдө таасирин тийгизет эмеспи. Кыргызстан менен маселелерде саясаттын ролу кандай болду?

ЕАЭБ армяндарды деле "эркелетпеди"

Кыргызстан менен тең катар ЕАЭБге кирген Армения учурда кандай күн көрүүдө? Экспорт көбөйүп, экономика өнүгөт деген армян аткаминерлери эмне үчүн азыр бармагын тиштеп жатат?

Мигранян: Орусияда болуп жаткан саясий жана экономикалык кырдаал кыргыз-орус мамилелерине деле түз таасир эткен жок. Соода-сатыкта дайыма рыноктук механизмдер иштейт. Башкача айтканда, рынокто товарлар жана анын өндүрүшчүлөрү бар, атаандаштык бар дегендей. Ал эми эки өлкө ортосундагы саясат экинчи орунга туруп калат. Бул жерде Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду эки өлкө ортосундагы саясатка таасир эте алмак. Бирок, фонддун чоң потенциалына карабай, азыр иш жыйынтыктары деле көрүнүктүү эмес.

"Азаттык": Эмне үчүн Европа менен соода байланыштары үзүлгөн орус базарындагы боштукту Кыргызстан кайсы бир деңгээлде толтура албай калды?

Мигранян: Биримдикке былтыр кошулган Армения менен Кыргызстанды салыштырып көрсөк, чындыгында эле кыргыз экономикасынын биримдиктеги жетишкендиги, кыргызстандык товарлардын орусиялык рынокко чыгышы начар.

Кыргызстанда Арменияга караганда өндүрүшкө жакшыраак шарттар түзүлүп, түптөлгөн транспорттук-логистикалык системасы бар экендигине карабай, айрым техникалык талаптарга жооп бере албай келет. Ошол эле товарларды сертификациялоо маселеси эмдигиче чечиле элек. Менин билишимче, азыр Ош облусунда гана бир лаборатория иштеп жатат. Бул жетишсиз. Кыргыз өкмөтү өзүнүн товарларын Евразиялык биримдиктин өлкөлөрүнө чыгарууга кызыкдар болсо, бул маселелер тез арада чечилиши керек эле.

"Азаттык": Кыргызстандын товарларынын Евразиялык биримдиктеги өлкөлөрдүн рыногуна эркин чыга албай жатканын өлкөдө фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялардын жоктугу менен байланыштырышат. Бул башкы себеппи же андан маанилүү көйгөйлөр барбы?

Мигранян: Себептери көп. Биринчи кезекте, бул товарларды бажы жол-жоболору боюнча изилдеп импорттоочу атайын институттун жоктугу.

Экинчиден, Орусия менен Казакстанга салыштырмалуу рыноктогу агенттердин, тагыраак айтканда, өндүрүшчүлөрдүн аздыгы жана аз экендиги. Мындай чакан өндүрүшчүлөр, албетте, атаандаштыкка туруктуу эмес.

Андан тышкары өкмөт тарабынан чакан жана орто ишкердүүлүктү көтөрүүгө башкаруучулук көзөмөл эффективдүү эмес. Өкмөт чакан жана орто ишкерлердин башын бириктирип, атаандаштыкка туруштук бере алган чоң бирикмелерди түзө албай койду десе болот.

Дагы бир себеби бар. Чет өлкөлүк ишкерлер менен тармактар боюнча түз карым-катнаш, кызматташтык жок болуп калды. Кыргызстан тез арада Казакстандай болуп чоң логистикалык борборлорду түзүп, ишкерлер менен өндүрүшчүлөрдүн башын бириктирип, чет өлкөлүк инвесторлор менен бирдиктүү ишкердик долбоорлорун ишке ашырышы керек. Бул өлкөдө чечкиндүү экономикалык реформаларды жүргүзүүнү талап кылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG