Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

ЕАЭБ: унааларды каттоонун жаңы эрежеси


Машина базар.
Машина базар.

Евразия экономикалык биримдигинин жаңы көйгөйлөрү көрүнө баштады. Эми биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн чыккан автоунааларды коопсуздук күбөлүгү жок каттоого тыюу салган токтом күчүнө кирди.

Кыргызстанда автоунааларга коопсуздук күбөлүгүн бере турган диагностикалык лаборатория ачыла элек. Ошондуктан автоунаа ээлери коңшулаш Казакстанга барып, андагы Евразия экономикалык биримдигинин сертификаты бар лабораториядан сыноодон өткөрүүгө мажбур. Муну талдоочулар биримдиктеги автоунаа өндүрүшү бар Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын таңуулоо катары кабыл алууда.

Жаңы ченемдер күчүнө кирди

“Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” ЕАЭБнын техникалык регламентин ишке киргизүү боюнча кабыл алынган токтом быйыл 12-февралдан тарта күчүнө кирди. Ага ылайык, Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдүн өндүрүшүнөн чыгарылып, республикага киргизилген автоунааларды каттоого тыюу салынат. Эми андай автоунаалар биримдиктин лабораториясынын коопсуздук тастыктамасын алган учурда гана каттоого коюлат.

Экономика министрлигинин маалымат катчысы Махабат Маматова өткөөл мезгилдин убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу техникалык регламент күчүнө киргенин билдирди:

- Бажы биримдигинин “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентин киргизүү үчүн өткөөл мезгил 2017-жылдын 12-февралында аяктады. Мына ошого байланыштуу аны ишке киргизүүнү караган ченемдер иштей баштады. Анткени буга чейин өткөөл мезгил аныкталып, биздин республика ошондон пайдаланып келген. Транспорт каражаттарынын коопсуздугун текшере турган диагностикалык борборлорду жабдуу 22-февралга чейин аякташы керек.

Кызыкчылыктын "долбоору"

Аталган ченемдердин күчүнө кириши буга чейин алдын ала эскертилбегендиктен 11-12-февраль күндөрү автоунааларды каттоого алуучу жайларда кезекке тургандардын катары калың болду. Анткени бул мөөнөткө чейин үлгүрбөй калгандар автоунааларын Алматы шаарындагы атайын диагностикалык борбордон сыноодон өткөзүп, андан кийин гана каттоого койо алат деген жарыя көпчүлүктү түйшүккө салды.

Автоунаанын коопсуздугун күбөлөндүрүү үчүн бир катар текшерүүдөн өткөрүүгө туура келет. Ага унаанын идентификациялык номурлары менен документтерин салыштыруу, техникалык кароодон өткөрүү жана техникалык регламентке ылайык, экспертизанын жыйынтыгын протоколдоштуруу иш-чаралары кирет.

Талдоочу Манас Саматов муну экономикалык биримдикти уюштурган тараптын кызыкчылыгы үчүн жасалма түзүлгөн тоскоолдуктар катары баалады:

- Автоунааларды текшерүү жагын карай турган болсок, Орусияда же КМШ аймагында алардын сапатына баа бере тургандай эч кандай лабораториялар жокко эсе. АКШ, Германия, Жапония сыяктуу өлкөлөрдүн өндүрүшүнөн чыгып эл аралык сертификациядан өткөн унааларды кайра текшеребиз деген демилге бул жапайычылыктын барып турган чеги. Бул Бажы биримдигинин чынында эле саясий долбоор экендигинин далили. Бул жагдайдан алып караганда, бул биздин элди укуруктап кармап туруунун дагы бир жолу көрүнүп калды. Мына ошентип алар бизге өздөрүнүн эч жакка өтпөгөн техникасын сатып, аны таңуулаганга жол ачып жатышат. Экинчиден, бул эң эле жөнөкөй коррупциялык бизнес. Орусиядан аккредитация алган лабораториялар аркылуу чыгарып бере турган тыянактары үчүн акча өндүрүү.

Техникалык коопсуздукту текшерчү лабораториянын ырастамасы менен гана автоунааларды каттоого алуу чарасы өлкөгө сырттан унаа ташыган айрым ишкерлердин нааразылыгын жаратты. Мына ушуга байланыштуу өкмөт аталган техникалык регламентти күчүнө киргизүүдө убактылуу каттоого коюуга уруксат берүү чечимине келди. Буга Кыргызстанда тиешелүү диагностикалык борборлордун ачыла электиги дагы себеп болду.

Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин башчысы Жоошбек Коёналиев даярдыктын жоктугунан улам жеңилдиктерди убактылуу киргизүүгө туура келгенин айтты:

- Евразиялык биримдикке кирбеген Латвия, Германия сыяктуу өлкөлөрдөн алып келинген автоунаалар тиешелүү коопсуздук ырастамасы жок каттоого коюлбайт. Бирок бул ишти өзүнө алган Экономика министрлиги тиешелүү лабораторияларды жабдып үлгүрө албай калганына байланыштуу биз убактылуу каттоого алып туруу аргасын таптык. Буга чейин аталган министрлик муну өз моюнуна алып, диагностикалык борборлорду ачып, алар тиешелүү текшерүүдөн өткөрүп, күбөлүк бергенден кийин гана биз каттоого алышыбыз керек эле.

Кыргызстанда Евразиялык биримдиктин уруксаты бар, сынак лабораториялары жабдыла электигине байланыштуу биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн ташылган транспорт каражаттары убактылуу каттоого коюлуп, убактылуу номурлар бериле турган болду.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2014-жылы Кыргызстанга 106 770 автоунаа кирсе, 2015-жылы 2282 унаа ташылган. Ал эми 2016-жылы болсо болгону 200 автоунаа киргизилген. Жаңыдан күчүнө кирген токтом боюнча автоунаанын баштапкы каттоосу үчүн биримдиктин техникалык регламентинин коопсуздук ырастамасы талап кылынат.

ЕАЭБ: Үзүлгөн үмүт
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:04:56 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG