Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

ЕАЭБдеги Кыргызстандын өкүлдөрү кимдер?


Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке 2015-жылдан бери мүчө.
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке 2015-жылдан бери мүчө.

Кыргыз өкмөтү Евразиялык экономикалык комиссияда Кыргызстандын квотасы менен ар кандай кызматка дайындалган айрым адамдар жогорку бийлик өкүлдөрүнүн туугандары деген дооматты четке какты.

Министрлер кабинети тандоодо тааныш-билиштикке жол берилбесин, адистер атайын сынак менен гана дайындаларын билдирди.

Анын алдында Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев комиссияда Кыргызстандан барган айрым жарандардын президент Алмазбек Атамбаевдин жакын тааныштары менен тууганчылык байланышы бар деп айтып чыккан болчу.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, ЕЭКте Кыргызстанга бөлүнгөн орундар азырынча толугу менен ээлене элек. Анын айтышынча, аталган комиссия керектүү адистерди сынак менен тандап алат жана сыноолор дале уланууда:

- Премьер-министр кечээ өз сөзүндө айтып кеткендей, ЕЭКте тогуз коллегия - министрлик бар. Ал жакка ЕАЭБге мүчө өлкөлөр өз өкүлдөрүн жөнөтөт. Алар сынак менен тандалып алынат. Текебаев айткан адамдар да сынак менен өткөн. Данияр Турусбеков президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин уулу эмес. Илья Черных боюнча да депутаттын жүйөсү негизсиз. Булардын баары сынак менен өткөн. Сынак азыр уланып жатат. Кыргызстанга тийиштүү болгон орундар толугу менен толуктала элек. Сынакка критерийлерге жооп берген бардык жарандар, адистер катыша алат. Депутат күнөөлөп жаткандай, ал жерде тааныш-билиш менен тандоо мүмкүн эмес.

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2-февралда ЕЭКте иштеген үч кыргызстандыктын атын атаган эле. Аларды президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги адамдар менен байланышы бар деп айтып чыккан:

- Бизден 40 адам ЕАЭБде министрлик, дагы башка кызматтарда иштейт экен. Өкмөт алар Кыргызстандын кызыкчылыгын эмес, жалпы биримдиктин кызыкчылыгын коргойт деп айтып жатат. Биримдиктин кызыкчылыгы - биринчи кезекте Кыргызстандын кызыкчылыгы. Кыргызстандан барган адам биздин өлкөнүн кызыкчылыгын коргошу керек. Ал жакта кимдер иштеп жатат? Мисалы, 27 жаштагы Турусбеков Данияр Бакытбекович президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин жакын тууганынын баласы экен. Биз туугандарыбызды ишке орноштурабыз деп биримдикке кирип жатабызбы? Сүйүмбаева Паиза Үсөнбаевна деген алты миң доллар айлыгы бар Миграция департаментине башчы болуп кетти. Бул Атамбаевдин Болот Сүйүмбаев деген жансакчысы бар, ошонун жеңеси болот. Кайнисинин амири менен соңку төрт жылда Саламаттык сактоо министрлигинде статс-катчы болуп иштеген. Аны биздин мигранттардын кызыкчылыгын коргойт деп жөнөттүңөр. Черный Илья Анатольевич деген барды. Ал ким? Ал деген Атамбаевдин өнөктөшү Анатолий Черныйдын баласы. Черный “Кыргызавтомаштын” 45 пайыз акциясына ээ. Биз Атамбаевдин жансакчылары, өнөктөштөрү, туугандары кызматта жүрсүн деп ушул биримдикке кирип жатабызбы?

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Ким кимге тартат?

“Азаттык” Текебаев сөз кылган үч адамдын иш жолуна кызыкты. Ага ылайык, жакында эле ЕЭКте Протокол жана уюштуруу департаментинин башчысы болуп дайындалган Данияр Турусбеков 2010-2016-жылдары президенттин иш башкармалыгында жана аппаратында иштеген. Ички базарларды жөндөө департаментинин жетекчиси Илья Черный да 2012-2016-жылдары президенттин аппаратынын кызматкери болгон.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Болот Сүйүмбаевдин жеңеси делген Паиза Сүйүмбаева болсо 2010-2016-жылдары Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы болуп турган. Ал азыр ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык камсыздоо департаментинин башчысы.

ЕЭКте Кыргызстандын атынан барган адистер боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров да дооматын билдирген. Мурунку эл өкүлү ал адистер башка өлкөнүн жарандыгын алып кетип калышы мүмкүн деп кооптонуп жатат:

- Ошол комиссияда бизден кимдер иштеп жатат? Эки-үч жылдан кийин ошол адамдар башка мамлекеттин жарандыгын алып, ошол жакта калып кетпейби деген маселе бүгүнкү күндө эч кимибизди ойлондурган жок. Ошол жерде отурган адамдар биздин кызыкчылыгыбызды коргойбу, же жокпу деген маселе турат.

Экономист Жумакадыр Акенеев өкмөт шарт-талапка жооп берген бардык жарандар сынакка катыша алат дегени менен, сынактын өзү тууралуу кеңири маалымат таратпай жатканына токтолду. Москвада айлык акысы, социалдык камсыздоосу жакшы кызматтарга негизинен өкмөттө, президенттин аппаратында иштеген гана адамдар жана алардын тааныш-билиштери гана дайындалып жатканын сынга алды:

- Эгер ал жакка кайсы бир аткаминердин балдары, туугандары барып калса анда туура эмес. Мен, мисалы, сынак болуп жатканын бир дагы жолу уккан жокмун. Өкмөт ошондой сынак болуп жатса, анда аны кеңири жарыялашы керек. Болбосо өкмөттө, президенттин аппаратында иштебеген карапайым жарандар билбейт да. Мүмкүн андай сынак тууралуу саналуу гана адамдар, тар чөйрө эле билип жаткандыр. Эмнеси болсо да ал жакка эң ириде адистер, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон адистер барышы керек.

Жумакадыр Акенеев.
Жумакадыр Акенеев.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы кирген. ЕЭКтин коллегиясында тогуз министрлик жана 25 департамент бар.

Кыргызстандын атынан президенттин сунушу менен эки адам – Адамкул Жунусов энергетика жана инфраструктура министри, ал эми Мукай Кадыркулов бажы кызматташтыгы министри болуп дайындалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG