Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

ЕАЭБ: сыноолор дагы алдыда


Кыргызстандагы базар
Кыргызстандагы базар

Ушул жылдын август айынан баштап Кыргызстан ЕАЭБнын дагы 18 техникалык регламентин аткара баштайт.

15-январда Бишкекте өткөн эл аралык форумда темир жол, текстил, жеңил өнөр жай жана башка тармактарды уюмдун техникалык талаптарына шайкеш келтирүү маселеси талкууланды.

Мүшөктөп товар ташуу токтойт

ЕАЭБнын алкагында интеграциялык процесстер” аттуу Бишкекте өткөн эл аралык форум кыргызстандыктарды жакында эмнелер күтүп турганын ачыктап берди. Уюм талап кылган ветеринария жана фитосанитария тармагын стандартка келтире албай жатып, ЕАЭБнын дагы 18 стандарты ушул жылдын август айында күчүнө кирмей болду.

Форумда сүйлөгөн “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев быйыл жайында Кыргызстандын бардык товарлары тышка чыкпай калышы мүмкүн экенин айтып, мүшөк, баштык менен чек арадан товар ташып чыгууга тыюу салынарын эскертти.

Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

- Быйыл 12-августта товарларды таңгактоого техникалык регламент кирет. Биз азыр товарларды мүшөктөргө салып эле ташып жатабыз. Эми андай болбойт, аны да өзүнчө таңгактагандын стандарты болот. Биз буга маани бербей жатабыз. Биздин товарлар Казакстан, Орусия, Армения, Беларуска баруу үчүн өзүнчө стандарттагы таңгак болот. Эгер башка өлкөлөрдүкүнө окшоп товарды стандартка ылайык оробосок, анда ал сыртка чыкпайт. Биз ага дагы деле даяр эмеспиз, ал эми өкмөт болсо, аны бизге эскерте элек.

Бакыт Төрөбаев кошумчалагандай, техникалык регламенттин таңгактоодон башка дагы бир катар шарттары киргизилмекчи. Алардын арасынан эң орчундуусу текстил тармагында лицензия алуу талабы. Бул тигүү цехтерин түйшүккө салышы мүмкүн болуп турат:

- Жаңы стандартка ылайык сүт, эт, темир жол транспорту, текстил жана башка тармактар техникалык регламентке шайкеш келиши керек. Мисалы, темир жол вагондору дагы атайын стандартташтыруудан өтөт. Эгер талапка ылайык болбой калса, темир жол жүктөрүбүз да ЕАЭС өлкөлөрүнө өтпөй калат. Ошондой эле биздин өлкөдө тигилип жаткан кийимдерге лицензия талап кылынат. Эгер кийим тигүүчүлөргө да бөгөт коюлса, анда чоң нааразылык чыгышы мүмкүн.

Форумдун катышуучулары
Форумдун катышуучулары

Стандартташтыруунун мөөнөтү жылбайт

Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков “Азаттыкка” билдиргендей, ЕАЭБдин техникалык регламенттерине ылайык, учурда ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ал кошумчалагандай, стандартташтыруунун мөөнөтүн жылдыруу мүмкүн эмес, себеби Кыргызстан ансыз деле өткөөл мезгилди пайдаланып, убакытты созуп келди.

- Мисалы, ошол эле таңгактоону ала турган болсок, экспорт кылып жаткан мекемелер стандартка толугу менен даяр. Алар азыркы учурда деле техникалык регламентке ылайык иш жүргүзүп келет. Ал эми өзүбүздүн өндүрүшчүлөргө азыр түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Өз кезегинде өкмөт тараптан керектүү лабораторияларды куруу иштери жүрүп жатат. Мөөнөтүнө чейин жетишебиз деп ойлойбуз.

Форумга катышкан эксперттер кыргыз өкмөтү ЕАЭБ талап кылган лабораторияларды өз маалында куруп бүтөрүнө ишенбей турушат. Атүгүл чет өлкөдөн келген адистер да өкмөттүн иши чабал болуп жатканын белгилешүүдө.

Орусиянын стратегиялык иликтөө борборунун жетекчисинин орун басары Рамил Галимовдун айтуусунда, Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында түптөлгөн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каражаттарын эффективдүү колдоно албай жатат. Орусиялык адис өнүктүрүү фондунун каражаты менен Кыргызстан керектүү лабораторияларды куруп койсо болмоктугун кошумчалады:

Рамиль Галимов
Рамиль Галимов

- Кыргыз-орус өнүктүү фондуна 500 миллион доллар которулган. Фонддун уставында эгер бул каражат керектүү долбоорлорго жумшалса, анда кошумча дагы 500 млн доллар келмек. Биздин эксперттик борбордун эсептөөсүндө алгачкы которулган акча берилип бүтө элек экен. Демек каражат иштебей жатат. Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканда өз тандоосун кылган. Бирок баракка кол коюу менен эле иш бүтпөйт, пландар ишке ашуусу үчүн иштеши да керек.

Тийиштүү ветеринардык жана фитосанитардык лабораториянын жоктугунан Кыргызстан айыл чарба азыктарын да ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттой албай келет. Мындан улам кыргыз өкмөтү ЕАЭБнин алкагында өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткара алган жок деген жүйө менен министрлер кабинетин отставкага кетирүү маселеси да ушул ай башында парламентте талкууланган.

“ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстер” деген аталыштагы бүгүнкү эл аралык форумда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев, жакынкы убакта өкмөт жылдык баяндама менен Жогорку Кеңешке келерин, ошондо аткаруу бийлигинин отставкага кетирүү маселеси фракция тарабынан сунушталарын билдирди.

Мындан үч күн мурун 12-февралда Евразия экономикалык биримдигине мүчө эмес өлкөлөрдөн кирген автоунааларды милдеттүү каттоодон өткөрүү боюнча жобо күчүнө кирген. Ага ылайык ЕАЭБге мүчө эмес өлкөлөрдөн кирген унаалар атайын лабораториядан сыноодон өткөрүлүп, сертификат алышы керек. Бирок Кыргызстанда мындай сертификат берүүчү лабораториянын жоктугу коомчулук арасында нааразычылык жаратып, өкмөт эми гана лаборатория куруларын айтууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG