Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:17

Депутаттар өкмөт башчыны отставкага кетүүгө чакырышты


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жогорку Кеңештеги бүгүнкү өкмөттүк саат учурунда премьер-министр Сооронбай Жээнбенковго сын айтылып, анын отставкасы тууралуу сөз козголду.

Жээнбеков Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки жагдай тууралуу маалымат берди. Фракция лидерлери эки сааттык жыйында маселе толук каралбай калганын айтып, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөт башчынын парламентарийлердин суроолоруна жооп берүү убактысын узартууну сунуштады. Бирок Жээнбеков түштөн кийин башка жыйындары бар экенин белгилеп, эки аткаминердин ортосунда кайым айтышуу болду.

Текебаев өкмөт башчы суроолорго буйтап, жооп бербей жатканын сындап, ишти аткара албаса отставкага кетиши керектигин белгиледи. Кемчиликтерден улам өкмөт башчы өз каалоосу менен эле кызматтан кетиши керектигин "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаев да сунуштады.

Өкмөттүн ишиндеги чабалдыкты “Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов да сындап, анын фракциясы өкмөт башчы боюнча чечим кабыл аларын билдирди.

Бүгүн Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки жагдай тууралуу өкмөт башчы эл өкүлдөрүнө саат 11:15тен түшкү саат бирге чейин баяндама жасады.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин экспорт азайып кеткени, анын себептери талкууланды. Эл өкүлдөрүнүн көбү өкмөттүн иши чабалдыгын сындады.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода алакасы 16,7% төмөндөгөн. Биримдик өлкөлөрүнө жасалган экспорт мурунку жылга караганда 8,1% азайган. (SE)

XS
SM
MD
LG