Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Эксперттер: Текебаевдин камалганы саясат


Президент Атамбаев Бишкектеги эгемендик майрамы маалында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сынга алган, 31-август, 2016-жыл.
Президент Атамбаев Бишкектеги эгемендик майрамы маалында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сынга алган, 31-август, 2016-жыл.

Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча эксперттердин пикири.

Оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кармалышынан кийин түзүлгөн саясий кырдаалды кантип жөнгө салуу керек?

Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат бийликке да, саясий күчтөргө да өтө кылдаттык зарылдыгын, болбосо өлкөдө бейстабилдүүлүк болушу мүмкүн деп эскертет.

"Азаттык": “Ата Мекендин” лидери Текебаев камалгандан кийин нааразылык акциялары чыкты. Эл аралык медиалар "Кыргызстанда кайрадан ызы-чуу башталды" деп жазууда. Сырттан туруп Кыргызстандагы кырдаалга кандай баа бере аласыз?

Текебаевге каршы операция мураскер калтыруу мүдөөсүнөн улам башталды деп айтсак болот. Атамбаев азыр өзүнүн саясий оппоненттерин саясий күрөштөн оолактатып, шайлоодо эң көп добуш топтогон адам анын мураскери боло тургандай кырдаал түзүүгө даярданып жатат.

Erica Marat
Erica Marat

Эрика Марат: Президент Алмазбек Атамбаев мурдагы өлкө башчылардын катасын кайталап, шайлоо алдында кырдаалды күчөтүп жатат деп ойлойм. Таза, атаандаштык шартта шайлоо өткөрүп, өзүнүн алты жылдык конституциялык мөөнөтү аяктаган соң бийликти тынч өткөрүп тарыхта калуу ордуна Атамбаев тескери кадамдарга барды.

Текебаев кайсы бир деңгээлде күнөөлүү чыгаар, бирок ал бийликтеги мындай күнөөсү бар жалгыз адам эмес. Бирок ушунун баарынын эми чыгып жатканы Атамбаевди көбүрөөк шайлоо тынчсыздандырып жатканын көрсөтүүдө.

Текебаевге каршы операция мураскер калтыруу мүдөөсүнөн улам башталды деп айтсак болот. Атамбаев азыр өзүнүн саясий оппоненттерин саясий күрөштөн оолактатып, шайлоодо эң көп добуш топтогон адам анын мураскери боло тургандай кырдаал түзүүгө даярданып жатат.

"Азаттык": Жакында эле Брюсселде Европа лидерлери Атамбаевди жылуу кабыл алып, кыргыз парламентаризмине колдоо көрсөтүштү. Андан бир жума өткөн соң президенттин парламенттеги башкы оппонентинин кармалышы Кыргызстандын аброюна шек келтирбейби?

Эрика Марат: Албетте, бул нерсе парламентаризмдин негиздерин, 2010-жылдан бери курулуп келген демократиянын базасынын беделине шек келтирүүдө. 2016-жылы өткөрүлгөн конституциялык референдум жана алдыдагы шайлоо да Кыргызстан авторитаризмге бет алганын жана коңшу мамлекеттерге окшоп баратканын көрсөтүп жатат.

"Азаттык": Экс-президент Роза Отунбаева Ала-Тоо аянтында кайрылуу жасап, бардык күчтөрдү консолидацияга чакырды. Азыркы оппозиция канчалык деңгээлде бирдиктүү күч боло алат?

Эрика Марат: Отунбаеванын кайсы күчтөрдү биригүүгө чакырганы тууралуу эч нерсе айта албайм. Бирок 2005-2010-жылдары оппозиция консолидация болгон эмес, ошону эстен чыгарбоо керек. Алар ар кандай, ар башка максаттарды көздөгөн күчтөр эле. Алардын айрымдарынын көз караштары бири-биринен аябай эле айырмаланып турчу. Бирок аларга бир учурда чогулуп, ошол кездеги бийликке каршы турууга тоскоолдук болгон жок. Бул Кыргызстанда жана башка өлкөлөр үчүн да авторитаризм күчөгөн маалда ар кайсы саясий оппоненттер бир блокко айлануусу салттуу эле көрүнүш.

Путин Кыргызстандагы өнүгүүгө жана кийинки президенттин ким болоруна Орусиянын таасири күчтүү экенин көрсөтүүгө аракет кылат. Муну менен ал Орусиянын аймактагы таасирин дагы бир жолу бекемдейт.

"Азаттык": Бул саясий кырдаалдан кантип чыгуу керек? Мурдагы өнөктөштөр Атамбаев менен Текебаевдин конфронтациясы өлкөдөгү стабилдүүлүккө доо кетирбейби?

Эрика Марат: Абдан оор жана олуттуу кырдаал түзүлүп жатат. Атамбаев өзүн өзү жарга такады. Эгер ал күч колдонуп нааразылыкка чыккандардын оозун жабам десе, оппозициянын каршылыгы күчөйт. Бул сөзсүз эле куралдуу күч эмес, мен жалпы басым-кысымды айтып жатам. Президент оппозицияны ооздуктоого аракет кылган сайын Бишкекте, аймактарда каршылык маанайы күчөйт. Эсиңерге сала кетсем, 2010-жылкы Кыргызстандагы окуяны же башка өлкөлөрдү алсак, оппозиция ушундай кырдаалда өрчүп кетерин байкасак болот. Дестабилдешүү тез эле тутанып кетет. Ошол себептүү Атамбаев да, оппозициялык күчтөргө да саясий процесстерге кылдат карап, өлкөдө бейстабилдүүлүк орношуна жол бербөөлөрү керек.

"Азаттык": Бүгүн Кыргызстанга Орусиянын президенти Владимир Путин келет. Анын сапарынын алдында ушунун баары уюшулуп жатышы эмнеден кабар берет?

Эрика Марат: Албетте, жөн жерден эмес. Анткени Путин Кыргызстандагы өнүгүүгө жана кийинки президенттин ким болоруна Орусиянын таасири күчтүү экенин көрсөтүүгө аракет кылат. Муну менен ал Орусиянын аймактагы таасирин дагы бир жолу бекемдейт. Ушундай эле максат менен ал Каримов дүйнөдөн кайтканда Өзбекстанга барган. Муну менен ал Каримовдон кийин президенттикке келе турган адамга оң көз карашта экенин билдирген. Бул жолку анын сапары да Москванын Кыргызстандын саясий курсундагы чоң маанилүүлүгүн көрсөтүүгө байланышкан.

Дубнов: Атамбаев күчүн көрсөткүсү келди

Оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кармалышынан кийин түзүлгөн саясий кырдаал тууралуу орусиялык эксперт Аркадий Дубнов “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Өмүрбек Текебаевге 2010-жылы орусиялык ишкерден ири өлчөмдө пара алган деген айып тагылууда. Оппозициялык депутатка эмне үчүн азыр кылмыш иши козголуп жатат?

Аркадий Дубнов: Бул убакыт жөн жерден тандалып алынган жок деп ойлойм. Атамбаев орус президенти Владимир Путиндин визитинин алдында эмнегедир чечкиндүүлүгүн жана өз өлкөсүндөгү абалды толугу менен көзөмөлдөп турганын көрсөткүсү келди. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөштүн жогорку деңгээлин, Орусия сыяктуу эле Кыргызстанда да кол тийбестер жок экенин далилдөөнү каалады. Атамбаев үчүн өлкөдөгү кырдаалды ал аныктарын көрсөтүү маанилүү. Президенттик шайлоого катышпаганы үчүн айрымдар аны “аксаган өрдөк” катары караганы менен Атамбаев шайлоого тогуз ай калганда абалды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү дале болсо жогору экенин көрсөтүүнү көздөдү.

Борбор Азия боюнча талдоочу Аркадий Дубнов
Борбор Азия боюнча талдоочу Аркадий Дубнов

“Азаттык”: Соңку айларда Өмүрбек Текебаев президенттин дарегине кескин сындарды айтып келген. Конституцияны өзгөртүүгө да каршылыгын билдирген. Азыр анын эки үзөңгүлөшүнө каршы да кылмыш иштери иликтенип жатат. Бийлик бул иштердин саясий өңүтү бар деген оппозициянын билдирүүлөрүн четке кагып жатат. Бийликтин айтканына канчалык ишенесиз?

Аркадий Дубнов: Албетте, бул жерде эч кандай саясат жок дегенге ишенбейм. Текебаевге каршы чабуулдун анык саясий мүнөзү бар. Бул аракет жогорку тепкичтеги адамдардын арасында да кол тийбестер жок экенин көрсөтүүгө багытталган. Мындан сырткары муну кезинде Атамбаев өзү да мүчө болгон Убактылуу өкмөттүн башка өкүлдөрүнө берилген белги деп кароого болот. Бийлик керек болсо алардын ар бирине каршы чекилик таба алышы мүмкүндүгүн көрсөтөт.

Биринчи кезекте бул каршылаштардын кадырын түшүрүүгө багытталган. Мындай кадамдын президент Атамбаев баштаган бийликке тескери таасири болушу мүмкүн. Бумеранг болуп кайра тийиши ыктымал. Атамбаевдин кеминде соңку жети жылда болгон окуяларга карата кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчилиги бар. Ал да Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон.

Ала-Тоо аянтындагы митингде экс-президент Роза Отунбаева сүйлөп жатат, 27-февраль, 2017-жыл.
Ала-Тоо аянтындагы митингде экс-президент Роза Отунбаева сүйлөп жатат, 27-февраль, 2017-жыл.

Кыргызстанда бардык саясатчылар же бийликке келет же андан чыгып оппозицияга кошулат. Кыргыз саясатчыларынын мындай айлампасы Атамбаев да Текебаевдин абалына түшүп калышы мүмкүндүгүн көрсөтүп турат. Эгер Текебаев бийликке келген болсо Атамбаевди жоопко тартуу үчүн толтура негиздерди тапмак. Кыргызстандын өзгөчөлүгү ушунда. Мындай жагдай бийликтин да, оппозициянын да кадырын кетирип жатат.

“Азаттык”: Сиз соңку окуялардын кесепети кайра бийликке тескери таасирин тийгизиши мүмкүн. Буга кандай негиздер бар?

Аркадий Дубнов: Быйыл ноябрь айында болуучу президенттик шайлоодо добуш берүүчү оппозицияга да, бийликке да кол шилтеп коюшу мүмкүн. Атамбаев жана Текебаев башында турган бийлик жана оппозиция өкүлдөрү - экөө тең шайлоочулардын ишенимине ээ боло албашы ыктымал. Алар бир тараптан коррупция айыптары, экинчи тараптан ээнбаштык дооматтары менен шайлоочунун алдында уят болуп калышты. Андыктан шайлоо күтүүсүз жыйынтыктарды бериши мүмкүн.

Өмүрбек Текебаев соңку айларда президент Алмазбек Атамбаевди кескин сынга алып келген.
Өмүрбек Текебаев соңку айларда президент Алмазбек Атамбаевди кескин сынга алып келген.

“Азаттык”: Текебаев камакка алынгандан кийин нааразылык акциялары башталды. Каршылык билдирип чыккандарга мурдагы президент Роза Отунбаева да кошулду. Оппозиция бириге алат деп күтсө болобу?

Аркадий Дубнов: Албетте, күтсө болот. Бирок Кыргызстандагы окуяларды байкоого алган тажрыйбам бир нерсени көрсөттү. Бул өлкөдө оппозиция түшүнүгү өтө борпоң. Оппозициянын биригишин шарттаган принциптер так идеологиялык принциптерге негизделген эмес. Оппозиция “бийликке каршы” деген жалгыз принциптин айланасында гана бириге алат. Башка принциптерди көрө алган жокмун.

“Азаттык”: Кыргызстан эки ири элдик толкундоону баштан өткөрдү. Дале болсо демократиялык өлкөнү курууга аракет кылып келет. Кыргызстандагы соңку саясий окуялар өлкө 2010-жылкы ыңкылаптан кийин алган багытына канчалык туура келет?

Аркадий Дубнов: 2010-жылдын апрель айындагы экинчи бийлик алмашуудан кийин жарыяланган тренд мезгилдин сыноосуна чыдаган жок. Президент Атамбаевдин бийликтеги алгачкы жылдарында демократиялык нук сакталат деген ишеним болгон. Тилекке каршы өлкөдө бийликти бөлүштүрүү системасын түзүү мүмкүн болгон жок. Биринчи кезекте көз карандысыз сот системасы түзүлгөн жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG