Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:42

Узап бараткан аптада президенттин сөзү Астанада нааразылык жаратты. Парламент мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов УКМКга чакырылып, анын тарапкерлери митинг өткөрдү. Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидерине иш козгоду. Дүйнөдөгү курал сатуунун лидерлери позициясын бекемдеди.

Дипломатиялык "кер-мур"

Узап бараткан аптада Кыргызстан менен Казакстан дипломатиялык “кер-мур” айтышып калды. Анын учугу президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн жумадагы Брюсселге сапары учурунда "Евроньюс" каналына берген интервьюсуна барып такалат.

Анда президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылы Казакстан Кыргызстанга блокада жасаганда киши курмандыктары болгон деп айткан эле:

- Биз кимдир бирөө менен соода кылып, коңшулар менен иштешибиз керек. Эгерде ЕАЭБга кирбесек бизди блокада коркунучу тооруп турган. 2010-жылы Казакстан бир жарым ай бизге блокада кылганда адам курмандыктары да болгон. Блокада абдан жаман нерсе. Эгер бизге альтернативалар сунушталбаса, биз кайсы жакка кошулуубуз керек? Ооганстангабы? Биз Евробиримдикке бүгүн эле кошулууга даярбыз. Мен муну да сунуштагам. Бирок алар биздин чектешкен чек арабыз жок деп ачык айтышты.

Бул Казакстандын нааразылыгын пайда кылып, түшүндүрмө берүү талабы коюлду. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова 21-февралда Казакстандын Кыргызстандагы элчисин чакырып, түшүндүрмө берди.

Министрликтин маалымдоосу боюнча, Кемелова 2010-жылы жолдор тосулганда адамдар суу кечип өтүүгө аргасыз болуп, анда бир үй-бүлө ымыркайын жоготуп алганын билдирген. Бирок казак тарап түшүндүрмөгө канааттанбай, нота жолдоду.

2010-жылы Кыргызстанда ыңкылап болуп, башаламандык орун алганда Казакстан чек арасын жапкан. Адамдардын ары-бери өтүүсү кыйындаган. Чек арадагы өткөрмө бекеттерде тыгындар болгон. Бирок чек араны жабуунун Евразия экономикалык биримдиги же башка интеграциялык жараяндарга эч кандай тиешеси болгон эмес. Анткени ал уюмдар ал кезде түзүлүп бүтө элек болчу. Маселен, Евразия экономикалык биримдиги өсүп чыккан Бажы биримдигинин талаптары Казакстанда 2010-жылы июль айында күчүнө кирген.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстан жасаган блокада боюнча сөзү кошуна мамлекетте эле эмес, республика ичинде да сынга алынды. “Ата Мекен” партиясы атайын билдирүү таратып, анда “Алмазбек Атамбаевдин Казакстандын дарегине айткан сөзү бир туугандык жана достук мамилеге туура келбейт. Бул анын жеке пикири, жалпы кыргыз элинин оюн билдирбейт” деп айтылды. Партия ошондой эле "Казакстан президенти Назарбаев Кыргызстан 2005-жылы жана 2010-жылы кыйынчылыктарга кабылганда жардамын берген" деп белгилеген.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров президент Атамбаевдин чет жакта айткан орунсуз сөздөрү өлкө аброюна доо кетирүүдө деп, сырткы сапар учурунда кошуна мамлекеттерди сынга албоого чакырды. Ал президенттин сыртка сапарлары чочулоо жаратып калды дейт:

- Азыр өзүңдүн тентек балаңды конокко ээрчитип барып алып, эмне кылып жиберет деп коркуп отурагандай бул киши бир жакка чыкканда чочуп калдык.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстан блокадасы тууралуу сөзү эки мамлекеттин мамилесине кандай таасир этерин айтуу кыйын. Бирок Астана ага чейин эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагында фитосанитардык, ветеринардык себептерге байланыштуу Кыргызстандын товарларынын Орусия, Казакстан базарына кирүүсүнө тоскоолдук жасап келген.

Дипломатиялык “кер-мур” деген айтышуулар мына ушул багытта Астананын позициясын дагы катаалдантуусу ыктымал. Анын үстүнө жакын арада биримдиктин дагы 18 техникалык регламенти күчүнө кирип, ал дагы кошумча кыйынчылыктарды жаратары айтылууда.

Эсти оодарган лабораториялар...

Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын техникалык регламенттердин талабына жооп берүүсүн аныктай турган лабораториялар Евразия экономикалык биримдигин эле эмес, Европа Биримдигин да канааттандырбайт. Мындай пикирди Кыргызстанга келген биримдиктин атайын миссиясы билдирген. Биримдик Кыргызстандан 6 миң түргө жакын товарды өз базарына бажы төлөмсүз алып кирүүгө уруксат берген. Бирок ал товарлар Европа Биримдигинин техникалык регламент, коопсуздук талаптары, стандарттарына жооп бериши керек. Ал товарларды текшерүүчү лабораториялар да талапка жооп бериши зарыл.

Эшигин ачкан Европага эмне сатабыз?

Кыргызстан адам укугун сактоо менен гана Европа Биримдигинин жалпы жеңилдик системасынан (ВСП+) колдоно алат. Бул тууралуу Бишкекте жалпы жеңилдик системасын колдонуунун жол-жобосуна арналган талкууда айтылды.

Кыргызстандын фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдөө инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов лабораториялардын деңгээлин көтөрүүгө убакыт керек дейт:

- Дароо эле кантип Европага теңелип калабыз? Ага убакыт керек. Анын баарын аккредитациядан өткөрүү керек. Мына азыр бир ветеринардык лабораторияда үч бөлүм аккредитациядан өттү. Кээ бир бөлүмдөр өтө элек. Ага убакыт керек. Биз азыр 28 лабораторияны кыскартып, 19ун калтырабыз. Алардын ичинде экөө улуттук деңгээлдеги аккредитациядан өткөн лаборатория болушу керек. Анын бири Бишкек шаарында, экинчиси Ош шаарында болот.

Европа Биримдигинин депутаттарынын тобу да узап бараткан жумада Кыргызстанда болду. Ага чейин президент Атамбаевдин Брюсселге сапары болуп, ал жерде биримдик лидерлери менен сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн.

Европа Биримдиги тараптан Кыргызстанга берилип жаткан бул оң белгилердин биринчи себеби Кыргызстанда коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу демократиялык коомдун калыптанып жатканы. Албетте, анын калыптануу жолунда кемчилик, аң-дөңү болууда. Бирок кошуна мамлекеттердей Кыргызстанда президенттин өмүр бою бийликте калуусу мүмкүн эмес. Кыргызстанда президент Тажикстандагыдай уул-кызын жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындоо, Азербайжандай аялын өзүнүн орун басарлыгына, биринчи вице-президенттикке дайындоо мүмкүн эмес. Өлкө шайлоо жолу менен президентти, парламентти алмаштыруу жолуна түшүп баратат. Европа Биримдиги мына ошого жараша Кыргызстанга карата саясатын жүргүзүп, мамилесин түзүүдө.

Көчөгө көчө баштаган тиреш

“Ата Мекен” менен бийликтин караманча-каршы пикир айтышуусу тышкы саясат эле эмес, ички саясатта да курчуп, тирешүү көчөгө чыгып баратат. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовго каршы кылмыш ишин козгоп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 24-февралда депутатты суракка чакырды. Он саатка созулган сурактан кийин кечки саат сегиздерде Шыкмаматов УКМКнын сурагынан чыкты.

Бул күнү УКМКнын алдында 250-300дүн тегерегинде Шыкмаматовдун тарапкерлери жана “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү, жарандык активисттер, адам укугун коргоочулар митинг өткөрүп, Шыкмаматовдун боштондугун талап кылышты.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Аида Салянова Шыкмаматовго козголгон кылмыш ишти чоң саясий куугунтук катары баалады:

- Чоң саясий куугунтук башталып жатат. Бүгүн Алмамбет Шыкмаматовго кезек келди. Ал деле бардык мурунку иштерин микроскоп менен каралып, бардык кол койгон документтер текшерилип жатканын билген. Ошондуктан унчукпай отуруп алса болмок. Бирок ал отуруп алган жок.

“Ата Мекен” фракциясынын дагы бир мүчөсү Каныбек Иманалиев саясий куугунтуктун айынан Тойгонбек Калматов, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков абакта отурат деп, эми Шыкмаматовго, Саляновага кезек келгенин белгиледи.

Алмамбет Шыкмаматовдун УКМКга сурагынан кийин билдирүүсүнө караганда, Башкы прокуратура ага каршы козгогон кылмыш иши боюнча тергөө эми башталды. Мыйзамга ылайык ал эки ай жүрүүгө тийиш. Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору кезинде кызмат абалынан пайдаланып, мекеме үчүн өз аялынан автоунаа сатып алган деп айыпталууда.

24-февралдагы Шыкмаматовдун тарапкерлеринин митинги акыркы мезгилдердеги нааразылык акцияларынан бир топ масштабдуулугу жана чечкиндүүлүгү менен айырмаланды. Шыкмаматовго боштондукту талап кылган тарапкерлери УКМКнын дарбазасын карай умтулуп, милиция аны бир топ кыйынчылык менен токтотту.

24-февралда Нарында Карганбек Самаковдун жакындары да митингге чыкты. Ал мурунку бийлик учурунда 286 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталууда. Прокуратура Самаковду 19 жылга кесүүнү сураган. Аны менен кошо өкмөттүн мурунку жетекчилери Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев, Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев жана төмөнкү рангадагы бир топ чиновниктер айыпталууда.

Текебаевге козголгон иш

Анын эртеси, 25-февралда Башкы прокуратура оппозициядагы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кылмыш ишин козгоду. Анын негизинде Текебаевди 26-февраль күнү таңда Венадан Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын жыйынынан Бишкекке учуп келгенде Бишкектеги аба майдандан УКМК кармады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 48 саатка камакка алынганын тастыктады.

Маалыматка ылайык, Текебаев Кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмышка шектелүүдө. Башкы прокуратура Текебаевди 2010-жылы «Альфа Телеком» компаниясы боюнча орус ишкеринен 1 миллион доллар пара алган деп айыптоодо.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Алмамбет Абдраманов “Азаттыкка” УКМКга арыз менен Орусиядагы бир нече телекоммуникация компаниясынын кожоюну Леонид Маевский кайрылганын билдирди:

​ - Арызда Текебаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда Маевскийди “Альфателекомдун” башкармалыгына киргизүү убадасы менен 1 млн долларды алганы айтылат. Берген акчага ылайык Леонид Маевский "Мегаком" сатылгандан кийин 10-15% кирешеге ээ болмок. Бирок "Мегаком" сатылбай калып, Өмүрбек Текебаев Маевскийдин 1 млн долларын кайтарып берген эмес жана маалыматты коомчулукка жарыялаган учурда Маевскийдин өмүрүнө коркунуч болорун айткан.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын айрым мүчөлөрү бул бийликтин оппозициячыларды каралоосунун уландысы экенин айтып чыгышты.

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Эмилбек Каптагаев кылмыш ишти козгоо менен бийлик чоӊ тобокелдикке барды деп баалады:

- Эми негизи жок туруп, улам бир нерсе чыгарып коомду козгой берсе аягы жакшылык менен бүтпөй калышы мүмкүн. Бул тарыхта канча жолу тастыкталганын көрбөдүкпү. Акыркы кырдаал тереӊ ойлонулбаган, этеги эмне, аягы эмне менен бүтөрүн билбей жасаган иштей болуп турат.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн.​

Биринчи айымдыктан биринчи вице-президенттикке

Узап бараткан жумада дүйнө коомчулугун Азербайжан президентинин чечими таңдантты. Президент Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиеваны өзүнүн биринчи орун басарлыгына, биринчи вице-президенттик кызматка дайындап алды. Илхам Алиев өз чечимин мындай түшүндүрдү:

- Мехрибан Алиева узак жылдардан бери коомдук-саясий, маданий жана эл аралык ишмердүүлүктө маанилүү ролду ойноп келатат. Ал ар тараптуу жана ийгиликтүү иш жүргүзүп келет. Мына ушул факторлордон улам мен аны Азербайжандын биринчи вице-президенттигине дайындоону чечтим.

Өткөн жылы өзгөртүлгөн Азербайжан Конституциясына ылайык президент ишке жарамсыз болуп калса, анда мамлекет башчынын милдетин биринчи вице-президент аткарат. Айрым эксперттер, Илхам Алиевдин мындай чечимин Азербайжандагы Алиевдер жана Пашаевдер кланын теңдөө катары баалады. Мехрибан Алиева Азербайжандагы эң таасирлүү Пашаевдер кланынан болот. Башка эксперттер Азербайжанда мурунку советтик республикалар ичинен биринчи болуп бийликти атадан балага өткөрүп берүү ишке ашырылганын, ошондуктан муну ошол үй-бүлөлүк башкаруунун уландысы катары баалашты.

Ачыктан-ачык үй-бүлөлүк башкарууга Борбор Азия регионунда Тажикстан өтүп баратканы белгилүү.

Тажик президенти Эмомали Рахмон жакында эле уулу Рустам Эмомалини Дүйшөмбү шаарынын мэрлигине дайындады. Ага чейин улуу кызы Озода Рахмонду өзүнүн администрациясынын жетекчилигине дайындаган. Өзү болсо “Пешвои миллат” же “Улут лидери” деген титулду алып, эсепсиз жолу президенттикке шайланууга жол ачкан.

Үй-бүлөлүк башкаруу маселеси Кошмо Штаттарды да кыйгап өткөн жок. АКШнын президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Жерар Кушнерди кеңешчилигине дайындоосу сындарды жаратып келет. Францияда болсо президенттикке талапкер Франсуа Фийондун депутат кезинде өз жубайын кеңешчи катары кызматка алып, мамлекет эсебинен ага 900 миң евродой айлык төлөнүшү чоң чыр жаратып, учурда Франсуа Фийондун май айында боло турган президенттик шайлоодо мүмкүнчүлүгүн кескин төмөндөтүүдө.

Курал сатуу арбыган дүйнө...

Узап бараткан жумада дүйнөдөгү курал базарынын абалы боюнча Стокгольм институтунун баяндамасы жарык көрдү. 2012-жылдан 2016-жылга чейинки беш жыл ичиндеги курал базарындагы абалды мурунку беш жылдагы абал менен салыштырган институт, акыркы беш жылда курал сатуу 8.4% өскөнүн аныктаган.

Куралды эң көп саткан өлкөлөрдүн сап башында АКШ менен Орусия турат. Дүйнөлүк курал базарындагы куралдын 33% Америка сатса, Орусия 23% саткан.

Экономикасы дүркүрөп өсүп жаткан Кытай курал импорттоочу өлкөдөн экспорттоочу өлкөгө айланып баратат. Бул өлкө акыркы беш жылдыкта үчүнчү ири курал экспортеруна айланган. Кытайдан кийинки орунду Франция, Германия, Британия ээлеген. Бул алты мамлекет дүйнөдөгү курал экспортунун 80% жакынын ээлейт.

Ал эми курал сатып алуучулардын, импортерлордун сап башында Индия жана Сауд Арабиясы турат. Индия жалпы дүйнөлүк курал импортунун 13% ээлейт. Сауд Арабиясы жана Катар акыркы беш жылдыкта курал сатып алууну 200% ашуунга көбөйткөн.

Дүйнөлүк курал базарындагы бул өсүштөр регионалдык жана жалпы эле дүйнөлүк коопсуздук абалынын начарлашына, атаандаштыктын күчөшүнө байланыштуу. Маселен, Индия Пакистан жана Кытайдан чочулап ашкере куралданса, араб дүйнөсү Иран жана Израилден чочулап куралданууда. Араб дүйнөсүндөгү согуштар да курал сатып алууга негизги түрткү болуп жатканы маалым.

Стокгольм институтунун директору Дэн Смит дүйнөлүк коопсуздукка төрт жагдай коркунуч келтирүүдө дейт. Ал глобалдык теңсиздиктин күчөшү, табият ресурстары үчүн күрөш, климаттын өзгөрүүсү жана дүйнөлүк ири мамлекеттердин структурасындагы өзгөрүүлөр. Смит табият ресурстары үчүн күрөш ар кандай конфликттердин булагына айланууда дейт:

- Табият ресурстары үчүн таймаш күч алып баратат. Кээде ал конфликттин чыгышына же анын күчөшүнө түздөн-түз себепкер болууда.

Ошентип, дүйнөдө кооптуулук жана кризистердин күчөшүнө жараша курал сатып алуу да өсүүдө. Ал курал экспортерлорунун чырагына май тамызары белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG